Бёрдвотчинг - Батыш Тянь-Шандагы экотуризмдин жаңы багыты

2020-ж., 7-January

Бердвотчерлер тарабынан сүрөткө тартылып алынган чымчыктар

Өткөн жылы  бёрдвотчерлердин тобу Токтогул жана Тогуз-Торо  райондорунда жайгашкан  «Алатай» жана «Кан-Ачуу» мамлекеттик жаратылыш парктарында болушту. Экспедиция жергиликтүү орнитофаунаны жана экотуризмди өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү изилдеди. Фотокамералардын объективдерине канаттуулардын ондогон түрлөрү түшкөн, анын ичинде кызыл китепке киргендери да бар. Бёрдвотчинг же канаттууларга байкоо жүргүзүү –  дүйнөдө популярдуулукту тездик менен топтоп жаткан экологиялык туризмдин багыттарынын бири. 

Бердвотчерлер тобу

Перспективада бёрдвотчингди «Алатай» жана «Кан-Ачуу» жаратылыш парктарынын аймактарында илимий-экологиялык туризмдин багыттарынын бири катары өнүктүрүү пландаштырылууда. Экспедиция бёрдвотчингдин түйүндөрүн аныктоого жана туристтик каттамдардын картасын түзүүгө мүмкүндүк берди. Бул жүрүштөрдүн жыйынтыктары боюнча илимий-экологиялык туризмдин өзүнчө багыттары катары «Алатай» жана «Кан-Ачуу» МЖПда бёрдвотчингди өнүктүрүү боюнча комплекстүү концепциясы иштелип жатат.

«Алатай» жана «Кан-Ачуу» жаратылыш парктары 2016-жылы түзүлгөн. Бул өзгөчө корголгон жаратылыш аймактары, алар биринчи кезекте кызыл китепке кирген фауна жана флоранын түрлөрүнүн, анын ичинде ак илбирс, ак тырмактуу аюу, Семенов карагайы, суусамыр дабыркайчылдар жашаган жана көбөйгөн жерлери менен белгилүү.

“Алатай” жана “Кан-Ачуу” ӨКЖА  экотуризмди өнүктүрүү жана жайылтуу ПРООН-ГЭФ тин “Туруктуу жашоо шарттарын колдоо үчүн Батыш Тянь-Шань тоо экосистемасынын глобалдык маанидеги биоартүрдүүлүгүн жана аны менен байланышкан жер жана токой ресурстарын сактоо” долбоорунун алкагында жүргүзүлөт.

БУУнун өнүктүрүү программасы азыркы учурда  Батыш Тянь-Шандын маанилүү глобалдуу биоартүрдүүлүгүн сактоо боюнча долбоорун ишке ашырып жатат, анын негизги максаты - уникалдуу жаратылыш комплекстерин жана биоартүрдүүлүктү сактоо, сейрек жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлардын жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн түрлөрүн коргоого жардам көргөзүү болуп саналат. Долбоор Глобалдык экологиялык фонд (ГЭФ) тарабынан каржыланат жана КР Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен өнөктөштүктө ишке ашырылат.