Ийгиликке жетишкен 12 ишкер айымдын баяны

2019-ж., 11-December

Айнура Сагынбаева - SIAR консалтинг компаниясынын мүдүрү

Аялзатын бардык жерде эле күчкө таандык болбогон аруулук, назиктик менен байланыштырышат. Бирок ар бир аялда күч жана өжөрлүк бар жана биз бүгүн ушундай окуялар жөнүндө кеп курмакчыбыз. Ийгилик – бул ар дайым эле одоно күч эмес. Ага акыл-эстин күчү жана тажабаган өжөрлүк менен жетүүгө болот. Кээ бир учурларда кыялын эч качан өзгөртпөгөндүгү үчүн биздин аялдар ийгиликке жетишет. Мисалы, Банур Абдиева сегиз жыл мурун Ысык-Көлдүн түштүк тарабына мейман күтүүнү кыялданган апасы үчүн көчүп барган.

«Башында жөн гана үй салууну чечкенбиз». Бирок үй салынып бүткөндө, Банур апасынан кызыктуу сунуш укту. «Мен мейман күткүм келет», - деди ал. «Мен болсо өтө белгилүү эмес кичинекей айылдын мүмкүнчүлүктөрүнөн күмөн санап турдум. Анын үстүнө үйдү туристтер эмес, өзүбүз үчүн салган элек».

                                            Банур Абдиева, «Абрикос» конок үйүнүн негиздөөчүсү

Ошентсе да, алар интернетке кулактандыруу берүү чечимине келишти. Алардын конок үйү келип кеткен чет өлкөлүк туристтердин алгачкы тобунун купулуна толду дагы, мыкты баа берип кетишти. Алар туристтердин көңүлүн элеттик жашоонун күнүмдүк агымы менен бура алышты. Ошол учурдан бери үйгө 54 өлкөдөн коноктор келип кетишти. Конок үйү жээктен, каньондон жана ысык булактардан алыс эмес жайгашкан. Банур Абдиева мындан тышкары белгилүү жана кызыктуу жерлерге тур өткөрүп турат. Ал айлана-чөйрөгө кам көрүп, жашыл технологияларды колдонууга да аракет жасайт.

Жашыл технологиялар тууралуу айта турган болсок, Кыргызстанда эң уникалдуу жана экологиялык таза азыктардын бири «Супара талкан» болуп саналат. Жаңылсынзат Турганбаева илгерки кыргыз улуттук тамактарынын бүгүн жакшы киреше алып келээрин далилдей алды. Ал ошол эле талканды жасап чыгарат, бирок ал заманбап жаштарга ылайыкталып, шоколад жана башка азыктар менен ширинделген. Нукура кыргыз улуттук бойдон калган талкан, даамдуу заманбап десертке айланды. 

Туризмге жана конок үйлөрүнө кайрылалы. Албетте, ар бир бизнести баштоо жана алып кетүү кыйынга турат, бирок бир жерде бизнес жүргүзүп, ал эми башка шаарда жашап иштөө, анын үстүнө таптакыр башка кесипке ээ болуу кыйын. 11 жылдан бери ушундай кыйынчылыкты Айнура Сапарбаева жеңип келет. Ал бир эле учурда университетте сабак берип, котормочу болуп жана «Alay Yurt Camp» брендинин негиздөөчүсү болуп келет.

Мезгил менен бир кадамда болуп келген дагы бир ишкер Назгүл Жаңыбаева. 10 жыл мурда Кыргызстанда иш-чараларды уюштуруу кызматы жаңылык болчу. Көпчүлүк адамдар бизнестин бул багытын жана бул кесипти олуттуу кабыл алган эмес. Бирок Назгүл Жаныбаева рынок талабынын дараметин көрө алды да, «Event M» компаниясын түптөдү. Ал ай сайын эң аз дегенде 20 конференция уюштурат. Анын ѳнүккѳн компаниясы рыноктогу эң мыктылардын бири болду.

Өзүнүн табигый байлыктарынын аркасы менен, Кыргызстан дарылык касиети бар тоо чөптөрү менен белгилүү. Сонунгүл Жылтырова валериана жана башка дары чөптөрдү көптөн бери өстүрүп гана келбестен, бул тема боюнча мастер-класстарды да өткөрөт.

Сүйүктүү иши эбак эле бизнеске айланган жана чоң киреше алып келет. Валериана рынокто кымбат турат, ага ар дайым талап бар. Сонунгүл Жылтырова бир сезондо бир сотых жерден орто эсеп менен 30 миң сом пайда табат. Ушундай натыйжага жетүү үчүн камкордук менен өсүмдүктү убагында сугарып жана жерди семиртип туруу керек. Сонунгүл Жылтырова дары өсүмдүктөрүн өстүрүү менен баюу болот деп ишенет. Анткени Кыргызстанда өсүмдүктөрдүн сейрек кездешкен түрлөрү көп өсөт.

Тамак азыктарынан жана туризмден башка Кыргызстандын аялдары мода жана дизайн тармагында да экономиканы өнүктүрүп жатышат. Татьяна Воротникова – топтомдору Париж жана Миландын подиумдарын багындырган дизайнер. Ал салттуулукту заманбап тренддерге айкалыштырып, кийимдерди этно стилинде жаратат. Ишкер кыргыз маданиятын алыскы жана жакынкы чет өлкөдө таанытып, эбак эле Кыргызстандан алыс өлкөлөргө чыгып келген. Воротникованын негизги максаты кирешени жогорулатуу эмес, искусство жана салттуулукту өнүктүрүүгө салым кошуу.

Көптөгөн кыргызстандык аялдар бир нече кесипти чогуу алып жүрүшөт, Жамиля Иманкулова алардын бири. 16 жылдан бери Жамиля Иманкулованын компаниясы аналитика жана хед-хантинг менен алектенет. Ал адисттерди гана издебестен, таланттарды, өзүнүн ишинин чеберлерин ар дайым издөөдө! 3 жыл мурда Жамиля EcoFarm аталыштагы башка компанияны негиздеди. Бул бренддин бутигинде экологиялык таза азыктарды табууга болот, алар жеке фермада өстүрүлөт. Жамилянын максаты кирешелүү бизнести гана эмес, адамдарга жана айлана-чөйрөгө пайда алып келген бизнести түзүү.

Кээде аялдар жөн гана өздөрүнүн бизнесин түзүп, өнүктүрбөстөн, пикирлештерден топтолгон союздарды жана уюмдарды түзүшөт. Азиза Юлдашева «Жер Азыгы» агробизнесмендердин ассоциациясынын президенти. Азиза ишкерлер жана фермерлер менен тыгыз иштегендиктен, рыноктун талаптарын жакшы билет. Ал өлкөнүн айыл чарбасынын чоң келечеги бар экенине ишенет.

«Түштүктө органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү зарыл. Жергиликтүү фермерлер азыктардын көлөмү боюнча башка ѳлкѳлѳрдүн фермерлери менен атаандаш боло алышпайт, ошондуктан биз бийик кошумча нарк менен азыктарды өндүрүүбүз керек».

Азиза Юлдашева, «Жер азыгы» агробизнесмендер Ассоциациясынын президенти

Анын  бизнес-планды кантип жазуу керек жана кантип ишти алып кетүү керек экендиги боюнча окутуусунан кийин, кулагы начар уккан кыз хостел ачканын белгилеп кетүү керек. Азыр ал жаш ишкер айым бизнесин кеңейтип, хостелдердин түйүнүн түздү. Азиза сыймыктана турган бул жалгыз кейс эмес. Ошондой эле, Ассоциация жаш бизнесмендер үчүн устаттык кылып, өнүгүү жолун көрсөтүп турат. Азиза Юлдашеванын жардамы менен Ош облусунун бир нече ишкерлери өздөрүнүн ийгиликтүү бизнесин өздөштүрүштү.

«Өз ишин баштоо эч убакта кеч эмес», - дейт Жамила Сабитакунова, ал өзүнүн ишкердигин пенсияга чыккандан кийин, төртүнчү жолку аракетинде гана баштай алган. Мектепте 20 жыл биология мугалими болуп үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Үйүнүн чакан бурчун цех кылып алып, таттуу жүгөрү таякчаларын чыгара баштады. Азыр анын кичинекей ишканасы айына 20 тонна жүгөрү таякчаларын өндүрөт. Бирок бул чек эмес. Ишкер айым инвестиция да тарта алды. Учурда ал европалык стандарттар боюнча чоң ишкананын курулушун пландап жатат. Келечекте анын иши жүгөрү таякчаларын жана балдар үчүн азыктарды Казакстанга экспорттоо боюнча өндүрүш ишканасына айланат. Жамила өзүнүн ишин мыкты билсе дагы, өзүн-өзү өнүктүрүүнү улантып келет; тажрыйба үйрөнүү боюнча бир нече жолу Японияга барып келди. 

Ал жаш ишкерлер менен тажрыйба бөлүшүп, тренингдерди өткөрүп келет. «Жаңы нерсеге ачык болуу» Жамила Сабитакунованын девизи.

Бардык эле ийгиликтүү аялдар карьеристтер эмес. Толгонай Байра турмушка эрте чыккан. Өзүн үй-бүлөсүнө жана балдарына арноону чечкен. Үч кызын өстүрүү менен алектенип жатып, тигүү курсуна барды. Башында жөн гана өзү жана кыздары үчүн кийимдерди тиккиси келген. Кыздарынын бири апасы Толгонай тиккен көйнөктү балдар майрамына кийип барганда бардыгы өзгөрдү. Кѳргѳндѳрдүн көйнөккө суктануусу Толгонайды өзүнүн кыялын ишке ашыруусуна түрткү болду. Ошентип, Кыргызстандагы белгилүү Байра бренди пайда болду. Азыркы учурда Толгонайдын цехи жана эки дүкөнү бар. Ал 20 адамга жумуш ордун түзүп, салык төлөө менен, башка миңдеген ишкер айымдардай эле, өлкөнүн экономикасына колдон келишинче салым кошуп келет.

Кыргызстанда айымдар аялдарга мүнөздүү эмес иш менен алектенгени дагы аз эмес. «Маэстро» футболдук клубунун негиздөөчүсү, футболистка Айдана Оторбаева 24 гана жашта. Өзүнүн жаш курагында ал олуттуу бийиктиктерди багындырды, көптөгөн трофейлердин жана сыйлыктардын ээси болду. Айдана өзүнүн футболго болгон сүйүүсүн бизнеске айландырып, футболдук клубду негиздеди. Анын мектебинде Кыргызстандын келечектеги чемпиондору жана чемпионкалары машыгат. Ал бизнесте дагы ийгиликке жетишти, анын футбол мектеби кирешелүү иш болуп калды. Эми ал, европалык стандарттарга туура келген футбол талаасын курууну көздөөдө. Айдананын ийгиликтери коомдун кыздарга болгон стереотиптерин жокко чыгарат. Ал футбол талаасында кыздар эркек балдардан кем эмес ойноорун далилдеди. 

«Сандар», «анализ», «изилдөөлөр» сыяктуу сѳздѳр кѳпчүлүккѳ түшүнүксүз угулат. Бирок, бул сѳздѳр тиешелүү болгон, изилдѳѳгѳ болгон сүйүүсү  Айнура Сагынбаеваны бизнесин түптѳѳгѳ түрткү болгон. 21 жыл мурда, ал өзүнүн социалдык изилдөөлөр тармагындагы кесибин, SIAR аталыштагы консалтингдик компанияны негиздеп, бизнеске айландырган. Бул, эл аралык уюмдар менен кызматташтык жүргүзгөн, Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы белгилүү консалтингдик компания. SIAR компаниясы биздин өлкөдөгү кызыктуу тенденцияларды аныктады жана кызыктуулугу андан кем эмес индексттерди түздү. Айнура кесиптештери менен бирге кыргызстандыктардын бактылуулугунун индексин аныктады. Анын айтуусу боюнча, аялдардын укуктары корголуп, гендердик тең салмактуулук кармалганда гана коом бактылуу болот. Социологиялык изилдөөлөр көрсөткөндөй, аялдар иштеп тапканынын 90%ын балдардын ден-соолугуна жана билим алуусуна жумшайт. Бул билимдүү жана саламаттыгы чың коомго инвестиция кылуу. Ошондуктан, аялдардын ишкердүүлүктөгү активдүүлүгүнөн коом дагы, мамлекет дагы утат, - дейт Айнура.   

Айнура Сагынбаева негизинен кыздардын билим алуусуна басым жасайт. Сапаттуу билим алуунун жеткиликтүүлүгүнүн сыры – бул дүйнө менен бир кадамда болуу. Ошондуктан Айнура кыргызстандыктар англис тилинде, башкача айтканда дүйнөлүк баарлашуунун тилинде сүйлөшүп калуусун каалайт. Бул Айнуранын экинчи бизнеси, ал аны өзүнүн миссиясы дейт.

Бул, бир эле учурда күчтүү жана керемет 12 кыргызстандык аялдардын окуялары. Алар азыркы учурда кыздарга гана эмес, бардык жаш курактагы эркектерге дагы, аялдарга дагы үлгү болуп келишет. Анткени жакшы көргөн ишиң менен алектенүү эч убакта эрте жана эч убакта кеч болбойт. Ушуга биздин аялдар далил.