«Теңдик мууну зордуктоого каршы”. Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы кампания болуп өттү

2019-ж., 13-December

Сүрөттөлүш: UN Women

Кыргызстанда 25-ноябрдан 10-декабрга чейин гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампания болуп өттү. Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү программасы кампанияга кошулуу менен бирге визуалдык каражаттар менен жабдылган бир катар маалыматтык өнүмдөрдү тартуулады.

Тактап айтканда, «Менин атым Чынара жана мен үй-бүлөлүк зомбулукту баштан өткөрдүм» аталып, Про-Боно долбоорунун жактоочуларынын реалдуу кейсине негизделген мини-комикс сериясын тартуулады. 

Кампаниянын экинчи жарымында Кыргыз эл артисти Гүлнур Сатылганованын катышуусу менен социалдык ролик тартууланды. Өз сөзүндө Гүлнур өлкөдөгү гендердик, үй-бүлөлүк жана сексуалдык статистиканы айтуу менен бирге андан жабыркаган адамдарга кандайча жардам берүү тууралуу кеп-кеңештерди айтып өттү.

Кампания учурунда БУУӨП анын кабарламасын Twitter, Facebook жана Instagram социалдык тармактар аркылуу активдүү түрдө жайылтып, колдонуучулардын көңүлүн зомбулук көйгөйүнө буруу ишин алпарды. Мындан тышкары UN Women’дин 16 ways you can stand against rape culture макаласы орус тилдүү окурмандарга жеткирилди. Жалпысынан алганда бул кампаниянын кабарламасы 90,000 ге чукул социалдык тармактын колдонуучуларына жеткирилди, алардын теңи Instagram аудиториясынын кыргыз тилдүү колдонуучулары.

Кампаниянын алкагында “Укук коргоо жана сот органдарынын аялдарды гендердик зомбулуктан коргоо боюнча ишмердүүлүгү” аталган онлайн-курс ишине кирди.

“Курс жыныстык эркиндик жана кол тийбестик, үй-бүлө жана жашы жете электер жана ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу кылмыштарга байланышкан иштердин өзгөчөлүгүнө басым жасаган сабактардын сериясынан турат”.  

Айжан Орозакунова, Адвокатуранын алдындагы окутуу борборунун мүдүрү

Укук коргоо системасынын жумушчулары үчүн даярдалган онлайн курс платформасы

Бул 4 сааттык курстун аялдарды жана кыздарды гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча иш алпарган ички иштер органы, прокуратура, соттор жана жактоочулар үчүн милдеттүү түрдө окутула турганы да айтылып өттү.

Кыргыз Республикасындагы БУУӨП гендердик зомбулукту түп-тамырынан кыскартуу жана гендерди теңдикти илгерилетүү боюнча өз программаларынын алкагында иш алпарууну улантып жана өлкөгө №5 Туруктуу өнүгүү максатына жетүүдө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирет.