Феминнале (Биеннале деген сөздөн келип, бир жылда эки жолу өтүүчү иш-чара, фестиваль же конкурсту түшүндүрөт) гендердик зомбулукту жана теңсиздикти кыскартууга жолтоо болгон социалдык көйгөйлөрдү өз иштеринде чагылдырган ар кайсыл өлкөлөрдөн келген таланттуу артисттерди жана художниктерди топтомокчу.
Учурда Феминналенин 2019-жылдын 27-ноябрынан 15-декабрына чейин болчу биринчи этабына жумуштарды кабыл алуу жүрүүдө. Бул этап Алтын Капалова жана Жанна Араева тарабынан көзөмөлдөнмөкчү. Темасы: «Нан табуучулар». Экономикалык эркиндик. Аялдар. Бул тема 2016-жылдын 27-августунда Москвадагы басмаканада болгон өрт учурунда каза болгон кыргыз мигрант кыздардын элесине арналган.
Кураторлор кабыл алуу каналдарына: жыт алуу, угуу, тактилдик жана көрүү сезимдерине таасир берчү чөйрөнү түзгөн иштерди кабыл алууга артыкчылык беришмекчи. Кайрылуулар жана иштер гендердик өз таанымына карабастан бардык адамдар тарабынан кабыл алынат. Айрым учурлардан тышкары, катышуучулардын фестивалга келиши үчүн жол каражаттары каржыланбайт.
Феминналеге катышууну каалагандар төмөндөгү шилтемеге өтүп, кайрылуу барагын толтуруусу керек:
https://docs.google.com/forms/d/1ZR29AriYp_JvpizR46lPlsjnlPZyueuDQXJcgjTqvCc/edit
Уюштуруучулар менен төмөндөгүчө байланышка чыгууга болот:
0552 140 737
БУУнун Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү программасы фестивалдын демилгечилерине гендердик теңдикти өөрчүтүү программасынын алкагында колдоо көрсөтүүдө.