Жоопкерчиликтен коркпогула!

Менин башыма келе турган эң жаман нерселердин баары эчак башыман өткөн. Ошондуктан бул жашоону жана анын  кыйынчылыктарын кабыл алам. Ата-энем каза болгондо менин да жашоом ошону менен бүттү деп ойлогом. Ата-энем менен эч нерсени ойлобой жашагам. Апам  мени колдоп, кеп кеңешин берип турчу. Мен  ошол кыйын учурга да туруштук бердим. Азыр мен эч кимге көз каранды болбой жашоого үйрөндүм.  Алдын-ала баардык нерсеге даяр болуш керек жана жоопкерчиликти ала билиш керек.  Бир туугандарым Атай менен Бакай Мураталиевдердин мени  колдогону үчүн өзүмдү коопсуз сезем.

Адам укугу жашоосунун бир бөлүгү болуп калган

Тагдырдын буйругу менен адам укугу менен алектенип калдым, анткени мен өз жолумду өзүм таап жогорку билим алдым. Убагында мен дизайнер болууну каалагам, мен тапшырган факультетте мумкүнчүлугу чектелген адамдар үчүн бюджеттик бөлүм жок болчу. Абдан катуу стресске учураганыма карабай, беттегенимден кайра тартпай көгөрүп апамдын колдоосу менен факультетке кабыл алынгам.  Ошондо мен   абдан чоң дискриминацияны сездим.  Окууну аяктагандан кийин мени эч бир жерге  кызматка албай коюшту, алса дагы ал жакта узакка иштей алган жокмун. Ошондон улам мен мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар иштей ала турган кийим тигүү бизнесин түздүм.

Мен – аялмын жана адаммын!

Майыптыгыма байланыштуу  көпчүлүк учурда мен коомчулуктун көңүлүнүн чордонунда болом. Тааныш  же таптакыр эле тааныш эмес адамдар да менин жеке жашоомо кийлигишип, жада калса этикага туура келбей турган сексуалдык жашоомо чейин сурашып, «эгер сен дени сак киши болсоң эмне кылат элен» дешет. Мени аял  катары көрүшпөйт. Ошол учурда мен кимдир бирөөлөргө далилдеп, калыптанып калган стереотип менен күрөшкүм келбейт.

Лидерлик жөнүндө

Өзүмдүн «Назик кыз» уюмумдун   алкагында мен лидерликтин мектебин үйрөтөм. Биз аял же кыз деп бөлбөйбүз,  анткени кыздар өздөрун жалгыз сезип, улуу аялдардын көмөгүнө муктаж болушат.  «Назик кызда»  майып кыздардын укугун жана  мүмкүнчүлүгун кеңейтүү максатында иштейм.  Биз өзүбуздун мүмкүнчүлүктөрүбүздү бириктирип, өзгөчө майып аялдар тууралуу 6 берене боюнча майып  адамдар жөнүндөгү конвенцияны алдыга жылдыруу боюнча иш алып барабыз,

Бий тууралуу

 

Мен бийлейм деп ойлогон эмесмин, анткени  бул мен үчүн эмес деп  эсептегем.  Мен дагы бий жөнүндө стереотиптердин туткунунда болгом. Бирок кичинемден бери бийлердин чемпионатын жан дилим менен көрчүмүн. «Love life» деген фонддун жетекчиси Айнура Телеушева жана бал бийи боюнча федерация мени коляскада отуруп бийлөөнү сунуш кылышты, мен макул болдум!  Менин биринчи бийимди үч айдын ичинде койдук. Мен  ушул кыйынчылыкты  кабыл алдым, максатымдын өтөөсүнө чыктым. Бий адамдын мүнөзүн калыптандырат,  жоопкерчиликти өстүрөт жана приоритеттерди туура койгонду үйрөтөт. Жумасына үч жолу  туруктуу түрдө машыгууга барасың, үйдөн машыгасың, аң сезимиңден өткөрөсүң. Ошондуктан бүгүнкү маанилүү  ишти эртеңкиге калтыргандарды жөн гана актанып жатышат деп айта алам. 

Icon of SDG 05

БУУӨП БУУӨП Дүйнөдө