--- Image caption ---

2019-жыл кыргызстандыктар үчүн чынында эле тарыхый жылдардын бири болду. Себеби, өлкөбүздүн Өкмөтү БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндөгү Конвенциясын ратификациялады. Биздин мамлекет бул Конвенцияга 2011-жылы кол койгон.  

Конвенция майыптыгы бар адамды коомдун тең укуктуу мүчөсү катары тааныйт жана аны бөлүп койбостон, тетирисинче анын өзүн өзү өнүктүрүүсүнө түрткү бере турчу майыптыкты туура түшүнүүнүн социалдык жана укук коргоочулук моделин сунуштайт. Бул болсо аталган документтин эң башкы өзгөчөлүгү болуп саналат. Негизги акцент дарылоого эмес, талаптарды канааттандырууга, басмырлоону жок кылууга, ошондой эле коргоонун эффективдүү механизмдерин түзүүгө, укук жана  эркиндикти ишке ашырууга жасалат. Бир сөз менен айтканда, ратификациялагандан соң майыптыгы бар адамдардын жашоо-шартынын бардык тармагына болгон мамилени кайрадан карап чыгуу боюнча милдетти мамлекет өзүнө алат.

БУУӨП майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо боюнча Конвенциянын ратификацияланышына байланыштуу процесстерди активдүү колдоого алды. Парламент, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана жарандык коомчулук менен тыгыз кызматташуу жүргүзүлдү. Майыптыгы бар адамдардын көйгөйлөрү тууралуу жарандардын сабаттуулугун жогорулатуу боюнча да абдан чоң иштер жасалды.

КРдагы БУУӨПтүн туруктуу өкүлүнүн м.а. Алиона Никулитанын айтымында, Конвенция адам укуктарын коргоону толук ишке ашыруу жана социалдык-экономикалык маселелерди чечүү үчүн маанилүү укуктук негиз болуп берет: “Эгерде буга масштабдуураак карай турган болсок, анда майыптыгы бар адам кайрымдуулуктун объекти эмес, укуктун субъекти болуп калат. Аткарылган иштердин бардыгы өзүнүн оң жыйынтыктарын берип жатканына кубанычтабыз. Анткени, Конвенцияны ратификациялоодон жана ишке ашыруудан майыптыгы бар адамдар гана эмес, бүтүндөй коом жеңишке жетише тургандыгына ишенем”.

БУУӨПтүн сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү боюнча долбоорунун техникалык колдоосу менен Конвенцияны Кыргызстандын аймагында ишке ашыруу иш-чарасынын планы иштелип чыккан. Эми Конвенция иш жүзүндө иштеп башташы үчүн Өкмөт бир нече мыйзам алдындагы актыларды кабыл алышы керек.

“Эми биз эмгек, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, спорт, архитектура, курулуш жана башка бир нече мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек. Майыптыгы барларды басмырлоону четтетүүгө багытталган мыйзамдар жана реабилитациялык программалар болушу шарт. Майыптыгы бар адамдар, башка адамдардай эле, баарлашууну, автобуска, коомдук транспортко түшүүнү, спорт менен машыгууну, музей-театрларга барууну каалашат. Бул үчүн мыйзамдарга абдан көп өзгөртүүлөрдү киргизүү жана ошондой эле коомчулуктун кээ бир туура эмес көз караштарын өзгөртүү керек” – дейт КР ЖК депутаты Дастан Бекешев.

Айлананы карап көрүңүзчү: майыптыгы бар адамдарды көчөлөрдөн анда-санда гана кезиктирүүгө болот. Мындай көрүнүш чынында эле алар аз болгондуктан эмес, биздин калктуу аймактар менен шаарларыбыз алардын муктаждыктарына тап-такыр ылайыкталбагандыктан болууда. Майыптыгы бар адамдар жашап жаткан азыркы шарттар аларды толугу менен калктын колдоого муктаж болгон, жеңилдетилген социалдык катмарына айландырып койду. Ошондуктан, коомубузда алар жардамга муктаж деген түшүнүк калыптанып калды.

Бул тууралуу “Майыптыгы бар адамдарга юридикалык жардам көрсөтүү” КФнун президенти Толкунбек Исаков мындай дейт: “Эми, Конвенция ратификациялангандан кийин, мамлекеттик жана социалдык саясат майыптык көйгөйүнө карата мамиленин өзгөрүшүнө багытталат, тагыраак айтканда дайыма басымдуулук кылган медицинадан, социалдык жана укуктук мамилеге басым кылына баштайт”.

Медициналык жактан алып караганда, майыптуулук – бул оору, патология жана ошондой эле толук кандуу тиричилик кылуу үчүн негизги тоскоол болуп саналат. 

“Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар – бул, кадимкидей эле иштеп, мамлекеттин экономикасына пайдасын тийгизип, салык төлөй ала турган коомдун толук укуктуу мүчөлөрү. Буга карата өзүбүздүн мамилебизди өзгөртүү менен социалдык-укуктук моделге өтүшүбүз керек. Эгер мурда мамлекеттик саясат жөлөк пул, пенсия жана компенсацияларды төлөөгө, жеңилдиктерге, жабык мекемелерди уюштурууга басым жасаса, эми мунун бардыгы таптакыр башка нукка өзгөрмөкчү” – деп БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМнин “КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун координатору  Айнура Алымбекова өз пикири менен бөлүштү.

«Жеткиликтүү чөйрө» бул биз буга чейин билген машакаттуу пандустар гана эмес экенин билүүбүз зарыл. Эң жөнөкөй мисал: жаңылыктар. Эми ар бир телеканалда сурдо-тилмечтер жана субтитрлер болушу керек. Же болбосо банк чөйрөсүн алалы. Карталарды басып чыгарууда банктар азыркыга чейин пин-кодду окуй албагандар үчүн аны башка купуя жол менен билүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгышкан эмес. Өзгөртүүлөр бардык керектүү инфраструктураны өз алдынча, башка бирөөнүн жардамысыз колдоно алгыдай деңгээлге жетиши керек. Кыргыз Республикасы ратификацияланган Конвенцияны ырааттуу ишке ашыра баштагандан тарта майыптыгы бар адамдар тоскоолдуктар менен күрөшүүгө мажбур болушпайт, мындан ары алар коомдун толук кандуу мүчөсү болуп калышат. Алар иштей алышат, үй бүлө куруп, аны бага алышат, пайда келтире алышат – мындайча айтканда, биз кадыресе жана көнүмүш нерсе катары эсептегендерди жасай алышат. 

Мэри Бекешова, БУУӨПтүн  долбоорунун адиси

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide

БУУӨП БУУӨП Дүйнөдө