Кыргызстан, Тянь-Шань тоо кыркаларындагы Адыгене мөңгүлөрүндөгү изилдөөчү станция (Сүрөт: Михал Черны/Alamy)

 

31-октябрдан тартып Глазгодо өтө турган Климаттын өзгөрүүсү боюнча БУУнун Тараптар Конференциясынын 26-сессиясынын (ТК 26-сессиясы) алдында, биз климаттын өзгөрүүсүнө каршы глобалдык күрөшкө берилгендиктин   чечүүчү сыноосуна  күбө болуудабыз. Париж макулдашуусунун максаты температуранын жогорулоосун индустриалдык деңгээлге чейин салыштырганда Цельсий боюнча 1,5 градуска чейин чектөө болуп саналат, учурдагы болжолдорго ылайык, мындай глобалдуу орточо температуранын жогорулоосун токтотуунун деңгээли бир нече жылдан кийин гана жетүүгө мүмкүн болот.  

Климаттын өзгөрүүсүнө каршы ийгиликтүү күрөшүү үчүн, бардык өлкөлөр, өзгөчө, буу газдарынын ири булактары болуп саналган  өлкөлөр көмүртек бууларын кыскартуу жагынан өндүрүш жана керектөө системаларын кайра карап чыгуусу керек.  Кыргызстан сыяктуу чакан өлкөлөр, бул поцесстен пайда көрө алат, анткени буу газдардын төмөн деңгээли туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоонун каражаттарынын бири болуп саналат. Ошондой эле, климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу эң жапа тарткан жана аялуу өлкөлөрдүн бири катары климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташуу менен байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн финансылык колдоо алууга мүмкүндүк берет.   

Кыргызстандын УДАС: максат багыттары өнүккөн өлкөлөрдүн колдоосунан көз каранды   

2021-жылы 24-сентябрда Кыргызстан өзүнүн жаңыртылган Улутттук деңгээлде аныкталган салымын (УДАС) бекитип, климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүүнүн негизги глобалдык механизми – климаттын өзгөрүүсү тууралуу БУУнун Алкактык конвенциясынын катчылыгына (БУУ КӨАК) кароого көрсөттү. УДАС документинде өлкө дуушар болгон экологиялык жана социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү да, климаттык кризистин кесепеттерин да эске алуучу өлкөнүн туруктуу жана балансталган туруктуу көрүнүшү берилген. Ошондой эле, анда конкреттүү, толук каржылануучу жана жетишилүүчү чаралары менен 2030-жылга чейин климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүүнүн стратегиясы берилет, мындан тышкары Төмөн көмүртектүү өнүктүрүү стратегиясын жана Адаптациялоонун улуттук планын кабыл алуунун маанилүүлүгү таанылат.    

Кыргызстандын УДАСта климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү боюнча жалпы максат “буу газдарын ичектөөсүз чыгууларынын сценариинин” деңгээлдери менен салыштырганда 2025-жылга карата буу газдарынын чыгуусун 16,63%га жана 2030-жылга карата 15,97%га төмөндөтүүдө камтылган. Өлкө  буу газдарынын чыгуу деңгээли кыйла төмөн деңгээлге ээ болгонуна карабастан, бул жаңы максаттар мурдагыларга салыштырганда кыйла дымактуу.   

Кыргызстанда баардык буу газдарынын болжол менен 60% энергетика секторуна туура келет. Казып алынуучу отунду колдонууну төмөндөтүү жана энергиянын жаңылануучу булактарын колдонууну жогорулатуу, ошондой эле энергия менен жабдуу системаларын модернизациялоо пландаштырылууда. Энергонатыйжалуулукту жогорулатуу боюнча иш-чараларды алдыга жылдыруу буу газдарынын чыгуусун кыскартууга көмөктөшөт. 

Өлкөдө климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү боюнча аракеттер жогорку деңгээлде колдоого алынган. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, өткөн айда болуп өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында Кыргызстан 2050-жылга көмүртек нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кылуусун билдирди. 

Бул багытта прогрессти байкап жатабыз: энергиянын жаңыланган булактары өөрчүп баштады. Азырынча пландар негизинен гидроэнергетикага багытталган, бул ири суу сактагычтарынын курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирин эске алуу менен кылдаттыкты талап кылат. Мындан тышкары, суу Борбордук Азияда өзгөчө дефициттүү ресурс болуп саналат жана ага шамалдай же күндөй мамиле жасоогот болбойт, анткени ашыкча колдонуу өтө кымбат болушу мүмкүн.  Энергетикалык коопсуздугун камсыздоо боюнча стратегиянын алкагында  Кыргызстан энергиянын жаңылануучу булактары боюнча “чыныгы” долбоорлорунун санын акырындык менен жогорулатып баштайт.  УДАС негизги приоритеттердин бири катары жашыл энергетика технологияларын илгерлетүүнү белгилейт жана бул сектор анын финансылык жагымдуулугун жогорулатуу үчүн негиздүү субсидияларды талап кылат. 

Чынында, Борбордук Азия буу газдарынын чыгуусунун деңгээли төмөн регион болуп саналат. Тажикстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын буу газдарынын чыгуусунун жалпыланган пайызы жалпы дүйнөлүк деңгээлге салыштырганда болгону 0,55%  түзөт. Мамлекеттик саясаттын негизги багыты – ушул бойдон калып, энергиянын жаңы булактарына инвестициялар үчүн мейкиндикти жакында эскире турган, казып алынуучу отунду колдонуунун технологияларынан сактоо. Өзбекстан өзүнүн кайра каралган УДАСты бербесе дагы, улуттук мыйзамдарда бекитилген, 2030-жылга энергиянын жаңылануучу булактарын  25% жеткирүү максатын алдыга коюуда. Тажикстан 1990-жылдын деңгээлинен 2030-жылга буу газдарынын чыгуусун 60-70% чектейт.   Казахстан, Борбордук Азиядагы СО2 чыгууларынын ири булагы, 1990-жыл менен салыштырганда 2030-жылга буу газдарынын чыгууларын 15% кыскартуу боюнча шартсыз максат койду.  Ошондой эле ал 2060-жылга көмүртек нейтралдуулугуна жетүү жөнүндө тайманбас билдирүү жасады.   

Айыл чарбасы жана климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташуу үчүн инвестицияга муктаж болгон Кыргызстандын башка негизги  тармактары 

Кыргызстан деңигзе чыгуусу жок болгон, климаттык кризистин кесепеттеринен көз каранды болгон тоолу өлкө болуп саналат. Мөңгүлөр ээриши жана кар жаткан жерлердин өзгөрүүсү менен сугат үчүн суунун ишеничтүү жеткиликтүүлүгү азаюуда. Мөңгүлөрдүн ээриши суунун деңгээлинин төмөндөөсүн жарым-жартылдай түшүндүрсө да, мезгил башында башталган кардын ээриши, суунун агып түшүүсүнүн кызуу учуру негизги вегетациялык мезгилинен жылуусун түшүндүрөт. Бул айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуулугуна коркунуч жаратат жана натыйжа катары, жакырчылыктан жапа тарткан адамдар көп болгон айыл чөлкөмдөрүндө азык-түлүк коопсуздугуна залал келтирет.

Климаттык кризистин кесепеттери Кыргызстанды кыйла аялуу кылганына байланыштуу, климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташуу өтө маанилүү жана шашылыш маселе болуп саналат. Өлкөнүн УДАСта айыл чарба жана суу секторлорунда ылайыкташуу боюнча чаралар өлкө үчүн эң жогорку приоритеттердин бири катары белгиленишкен.  Суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу суу ресурстарына күчөтулгөн башкаруунун негизинде жатат, бул өлкөнүн энергетикалык жана айыл чарба өндүрүшү үчүн зарыл болуп саналат.  Айыл чарбага суу сактоочу интеллектуалдуу технологияларды жайылтуу кыскарып жаткан суу ресурстарына жүктөмдү азайтууга жардам берет. Дыйкан жана мал чарбасында клитматка туруктуу практиканы бекемдөө климаттын өзгөрүүсүнүн таасиринен айыл чарбасындагы жоготууларды азайтууга мүмкүндүк берет.   

Кыргызстандын алыскы жайлоолорунда иштеген үй-бүлөлөр жана чабандар жаңы күн батареяларын алышууда (Сүрөт: БУУӨП)

Бирок, климаттык кризис айыл чарбасына гана таасир тийгизбестен, ал саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо, энергетика, транспорт, инфраструктура, туризм, био ар түрдүүлүккө жана корголуучу аймактар үчүн кыйроочу кесепеттерди алып келиши мүмкүн.  Климаттык кризиске каршы күрөшүү жана өлкөнү туруктуу илгерлетүү бири бирине тыгыз байланышкан жана бири жок экинчисине жетишүү, балким, мүмкүн  эмес. Ошондуктан жакынкы жылдары климаттын өзгөрүүсү менен байланышкан  кырсыктардын тобокелдиктерин азайтып, башка ылайыкташуу чараларын көрүү зарыл.  

Чакырыктарды мүмкүнчүлүктөргө айландыруу 

Климаттын өзгөрүүлөрүнө каршы күрөшүү боюнча чаралар жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана туруктуу экономикалык өсүүнү стимулдаштырат. 2018-жылга Экономика жана климат боюнча глобалдык комиссиянын баяндамасына ылайык, биз климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү боюнча чаралардын экономикалык пайдасын одоно баалап жатабыз.  Төмөн көмүртектүү экономикага өтүү 2030-жылга 26 триллион АКШ доллар  өлчөмүндө глобалдуу экономикалык пайда алып келиши мүмкүн.

Кыргызстанда мындай өтүү энергиянын жаңылануучу булактарынын ички секторун кеңейтүүнүн эсебинен жаңы “жашыл” жумуш орундарын түзүү; азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу жана ылайыкташуунун кыйла натыйжалуу чараларынын эсебинен экстрималдуу аба-ырайы шарттарына аялуулугун төмөндөтүү; бөгөт коюу жана башкаруу боюнча натыйжалуу чаралардын эсебинен климаттык катастрофалардан кийин ордун толтурууга сарптоолорду азайтуу  дегенди билдирет.

Ошондой эле, климаттын өзгөрүүлөрүнө каршы күрөшүү боюнча чаралар, аялдардын активдүү катышуусу жана маргиналдашкан топторду тең укуктуу кошуу үчүн добуш жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, чечимдерди кабыл алуу процесстерине тартууга көмөктөшүү мүмкүнчүлүктөрүн берет. Буга кеңири талкуу жана “эч ким четте калбайт” башкы принцибин жетекчиликке алып, климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташуу боюнча гендердик-сезгич стратегияларды иштеп чыгуу менен жетишүүгө болот. 

Глобалдуу климаттык күн тартибин ийгиликтүү ишке ашыруу өкмөттөн лидерликти жана күчтүү стимулдарды, бизнестен – инвестицияларды жана инновацияларды, ал эми коомдон  – климаттык кризисти чечүү – жалпы иш үчүн аракеттерди бириктирүүнү талап кылат. 

КС 26-сессиясы баардыгы үчүн кыйла туруктуу дүйнөнү түзүү үчүн эң чоң  мүмкүнчүлүк болушу мүмкүн. Өлкөдө өнүктүрүү боюнча өнөктөш катары БУУӨП Кыргызстанда, ошондой эле бүтүндөй Борбордук Азияда жана башка көптөгөн өлкөлөрдө бардык кызыкдар жактардын туруктуу, төмөн көмүртектүү, инклюзивдүү жана климаттык туруктуу өнүгүүгө ийгилитктүү өтүү үчүн күч-аракеттерине колдоо көрсөтүүсүн улантат.

Эскертүү: БУУӨП КС 26-сессиясынын алдында УДАСтын максаттарын жаңыртуу боюнча 76 өлкөгө колдоо көрсөттү, ошондой эле төмөн көмүртектүү өнүгүүнүн стратегиясын иштеп чыгуу жана аларды ишке ашырууда, финансылоону жана техникалык экспертизаны   тартуу менен көпчүлүк өлкөлөр менен кызматташууну улантууда.   

Кыргызстанда УДАСты иштеп чыгуу процесси БУУӨПтүн “Климаттык перспективасы” демилегисинин жана УДАС Өнөктөштүгүнүн коолдоосу менен Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилиги жана координациясы алдында мамлекеттик мекемелер тарабынан жүзөгө ашырылат. Мындан тышкары, БУУнун башка агенттиктери жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр өзүнүн салымын кошушту. “Климаттык перспектива” боюнча кыйла толук маалыматты бул жерден  тапсаңыз болот.

Icon of SDG 13

БУУӨП БУУӨП Дүйнөдө