Nomad family in front of Yurt - a construction, which is designed to meet all needs of nomadic lifestyle. Photo: foto.kg Көчмөн үй-бүлө боз үйдүн - көчмөндөрдүн жашоо образын канааттандырган үйдүн алдында турат. Сүрөт: foto.kg

2020-жылдын ноябрь айында, Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн алдында, Акселератор Лаборатория (AccLab) командасы түзүлдү. Биз, БУУӨПкө биринчи даражадагы мааниге ээ маселелерди чечүү үчүн, инновациялык идеяларды кайра түшүнүү, изилдөө жана эксперимент жүргүзүү аркылуу, өнүгүү тармагында иштин жаңы үлгүсүн ишке киргизебиз. Программаларды иштеп чыгуунун салттуу жолдорунан айырмаланып, биз изилдөөнү жергиликтүү инновациялар жана коомчулукта колдонулган чечимдерден баштайбыз. Мындай ыкма жергиликтүү калк өз маселелерин каражат жана зарыл ресурстар жетиштүү болсо өз алдынча чечүүгө жөндөмдүү деген ынанымга негизделген. Изилдөөнүн  негизги суроолорунун бири – жергиликтүү өнүгүүдө адамдардын муктаждыгын түшүнүү. Бардык изилдөө циклдин жүрүшүндө, биз өзүбүзгө: «Чындыгында эле биз адамдардын муктаждыгын түшүнөбүзбү?» деген суроону кайра-кайра беребиз. 

Боз үйдүн концепциясы

Эл аралык коомчулук Туруктуу Өнүгүүнүн Максаттары жана жамааттардын өнүгүшү сыяктуу концепциялар аркылуу глобалдык цивилизациянын универсалдык баалуулуктарынын алкагында биригип жаткан мезгилде, Кыргызстанда бул түшүнүктөр эмнени түшүндүрөөрүн баары эле толук кандуу аңдап биле элек. Кээде аларды туура эмес түшүнүп, чет элдик түшүнүктөр же «батыш баалуулуктары» катары кабылдашат. Демек, жергиликтүү калк тарабынан бул баалуулуктарга карата жаӊылыш мамиле курулуп жатса, БУУӨП катары жергиликтүү деңгээлдеги өнүгүү тармагындагы ишмердүүлүктүн туруктуулугун кантип камсыздайбыз?

Мындан тышкары, пандемиянын жана саясий туруксуздуктун натыйжасында келип чыккан учурдагы шартта, «өнүгүүгө» кызыкдар тараптардын муктаждыктарын канааттандырууда, ажырымдын өсүшү байкалууда. Жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү үчүн эмне зарыл? Бул боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын, жарандардын жана БУУӨПтүн түшүнүгү кандай? Дал ушул суроолорго Акселератор Лабораториясы жооп издейт.  

Боз үйдүн курулушу натыйжалуу жана автоматташтырылган эмес. Белгилей кетүүчү нерсе, бул процессте ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн катышуусу талап кылынып, анын инклюзивдүүлүгү камсыз болот.

Сиз «боз үй» деп аталган көчмөн үйүн тигүү процессине күбө болдуңуз беле? Эгерде, күбө болсоңуз, аны тигүү процесси канчалык майнаптуу жана рационалдуу уюштурулганын байкагандырсыз. Биз боз үйдүн түзүлүш элементтерин түшүндүрүү аркылуу, тээ кылымдардын кыйырынан келе жткан кайрылуунун маани-маңызын ачып берүүнү эп көрдүк. Эми элестетиңиз:

  1. Боз үйдү тигүү – бул борборунда адам турган процесс. Бул процесс эч качан автоматташтырылбайт. Анын дизайны жайгашкан чөйрөгө ыңгайлаштырылган. Типтүү универсалдык дизайн жок.
  2. Тигүү процесси – бардык кызыкдар тараптардын кеңири катышуусун талап кылат жана инклюзивдүү. Ар кыл топтогу адамдар, жөндөмдөрүнө жараша милдеттерди аткарат. Жаштар менен бирге кары-картаңдар, аялдар жана эркектердин баарынын тиричилик мейкиндиги болгон боз үйдү тигүүдө биргелешип иштейт.
  3. Боз үйдүн өзөгү татаал түзүлүшкө бириктирилген жөнөкөй бөлүктөрдөн турат. Бир дагы ашыкча элемент жок. Ар бир бөлүк өз ордуна жана функцияга ээ.
  4. Боз үйдүн чокусу – «түндүк» - конструкциянын тең салмактуулугун көп өлчөмдүүлүгү эсебинен камсыздап турат.
  5. Боз үйдүн ички мейкиндиги көп функционалдуу жана рационалдуу бөлүштүрүлүп, кандайдыр-бир «экосистеманы» эске салат. Анда адамдар тамак даярдап, тамактанып, уктап, окуп, өзүнүн жумуш жабдыктарын сактап жана конокторду күтөт.  
  6. Боз үйдүн конструкциясы – борошологон карга кажыбас жана үзүк үзгөн шамалга моюбас туруктуу жана ийкемдүү.
  7. Боз үй адамдар тарабынан, адамдар  үчүн жасалган. Жылдын каалаган мезгилинде, журт которуу зарылдыгы жаралса, бир үй-бүлө эт бышым убакта, өз алдынча боз үйдү чечип, тиздеп кете алат. 
  8. Кийиздин жана боз үйдүн жабуусу үчүн колдонулган негизги материалдардын өзгөчөлүгүнөн, аба ырайынын ар кыл шарттарына карабастан, боз үйдүн ичи ыңгайлуу жана жагымдуу.

Биз элестеткен «туруктуу жамааттын түзүлүшү» менен, боз үй тигүүнүн кайталангыс өзгөчөлүктөрү айкалышып жатабы? Дал өзү! Боз үйдүн символикалык маани-маңызынын, анын практикалык баалуулуктарынын жана тигилишинин жүзөгө ашырылышынын айкалышы, бизди «боз үйдүн концепциясына» негизделген, жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүнүн жаңы үлгүсү катары кароого түрткү берди. Адамдар тарабынан адамдар үчүн жасалган өнүгүү үлгүсү, жергиликтүү коомчулук тарабынан алар үчүн жакын, түшүнүктүү жана баалуу нерсе катары кабыл алынаарына ишенебиз. 

Көчмөндөрдүн үй-бүлөлөрүнүн эски сүрөттөрү. Сүрөт: foto.kg

Көчмөндөр философиясы

«Жамааттардын түзүлүшүнүн» фундаменталдык принциптерин боз үйдүн концепциясы менен чагылдыргандан кийин, биз «көчмөндөрдүн философиясынын» акылмандыгына кеңири токтолгубуз келип турат.  Ал 3000 жылдан ашуун мезгил аралыгында, көчмөн кыргыз урууларынын менталитетин жана жашоо образын калыптандырган. Заманбап терминологияда, бул «жергиликтүү жамааттардын өнүгүшү» деп аталат. Кызыктуусу, «кыргыз» сөзүнүн келип чыгышына берилген талдоолордун биринде, ал «40 урууну» билдирери баяндалат. Биз «көчмөндөр философиясы» ар бир уруунун айырмачылыктарына карабастан кантип күчтүү жалпылык сезимдерди түзө алгандыгын билгибиз келет. Өнүгүү тилинде бул «социалдык биримдүүлүк» деп аталат.

Көчмөндөрдүн философиясы жамааттык интеллект жана бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен чечимдерди кабыл алуу күчүн туюнтат. Уруунун ичинде чоң же майда маселе жаралса, бардык адамдар топтолуп, кандайдыр-бир маанилүү чечим кабыл алаардан мурда, муктаждыктар жана ар кыл ой-пикирлер талкууланган. Кыргызстандагы Акселератор Лабораториясы, учурда бардык жарандар өз жамааттарында өнүгүүгө жана чечимдерди кабыл алууга жигердүү катышуусу үчүн бирдей жеткиликтүүлүккө жана тандоого ээ экендигине баалоо жүргүзөт. Бизди түйшөлткөн суроо: заманбап башкаруу институттарында, жарандардын жынысына, динине, саясий көз карашына жана социалдык-экономикалык макамына карабастан, алардын добушу эске алынабы.  

Көчмөндөрдүн философиясы минимум ресурстарды, максималдуу баалуулуктар үчүн колдонууга жол алган көчмөн элдин акылмандыгын айгинелейт. Короодогу кой эң негизги азыктын эле булагы болбостон, терисин ийлеп кийим, жүнүн ийрип «шырдак» жасап, кыгын – отун, жер семирткич катары колдонгон. Жада калса сөөгү дагы ар кыл тиричилик максаттарында пайдаланылган. Ал гана эмес, көчмөндөрдүн салттуу оюндарында, балдардын оюндарында кеңири колдонулган «чүкө» дагы койдун тизе ашташынын сөөгүнөн алынган. Бир сөз менен айтканда, бардыгы ысырапсыз колдонулган. Көчмөндөр журт которуп, көчкөн учурда эски журтунда таштанды калтырган эмес. Бул заманбап дүйнөдө жигердүү кулач жайып жаткан «жашыл экономиканын» же «циркулярдык экономиканын»  чыныгы чагылдырылышы эмеспи?!

Кыргыз аялдары да, эркектер сыяктуу эле, көчмөн коомчулуктун өнүгүшүндө маанилүү ролду ойногон. Кыргыз аялдары – эрктүү, күчтүү жана «Кыз куумай» сыяктуу көчмөндөрдүн салттуу оюндарында, жигиттерге өз сезимдерин ачык-айкын билдире алган. Кыргыздардын тарыхында тоо ханышасы Курманжан Датка болгон. Заманбап саясатта, Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинде алгачкы мамлекет башчы Роза Отунбаева бар. Аялдарга «добуш алуу» үчүн жардамдын зарылдыгы жок. Аялдардын өз добушу бар, бирок ошол добуш эске алынышы керек.

 Акыркысы, бирок өтө маанилүүсү: көчмөндөрдүн философиясынын маани-маңызы жаныбарлар жана табият менен гармонияда жашаган адамдарда камтылган. Көчмөндөр экосистеманын бир бөлүгү экендигин так-таасын түшүнүшкөн. Алар жаратылыш-энеге терең урматтоо жана чын жүрөктөн кам көрүү менен мамиле кылышкан. Эл аралык коомчулук дагыклиматтын өзгөрүшүнүн жана биоартүрдүүлүктүн азайышы көйгөйлөрүн чечүү үчүн туруктуу өнүгүү үлгүсүнө чакырууда.

Жыйынтыктап айтканда, көчмөн эл - «ЖАМААТ» деп аталган жашоого туруктуу уруусунунун инклюзивдүү  укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн түзүп, «көчмөндөр философиясынын» принциптерин калыптандырып, аны менен жашап келет. Бул чет элдик баалуулуктар эмес, тескерисинче, кыргыздардын көчмөн маданиятында терең тамырлаган   баалуулуктар. Эл аралык коомчулуктун аныктамасына негизделген өнүгүү концепциясын таңуулоонун кажети жок. Болгону түпкү көчмөн элдин баалуулуктарын таанып, инновациялык технологиялардын жана ошондой эле мыкты башкаруунун жардамы менен жергиликтүү өнүгүүнү ылдамдатууга түрткү беришибиз зарыл. Көчмөндөрдүн баалуулуктарынан алган дем-күч, жергиликтүү коомчулуктагы СЫЙМЫКТАНУУНУ өөрчүтөт. Өз боз үйүнө ээ – өз коомчулугуна ээ болот!  

VUCA дүйнөсүндөгү өнүгүү – Көчмөн, алга!

 

Учурда, бүткүл дүйнө толук Туруксуздуктун, Багытсыздыктын, Татаалдыктардын жана Текмаанисиздиктин (Volatility, Uncertainty, Complexity, Ambiguity – VUCA) чеңгелинде жашап келет же башка сөз менен «VUCA дүйнөдө». Мурда-кийин болуп көрбөгөндөй, адамдардын мобилдүүлүгү ылдам жогорулап жатат (глобалдык пандемиянын кесепетинен болгон карантинди эске албаганда). Көчмөндөрдүн баалуулуктарын пайдалануу менен биз дагы адамдын аң-сезиминин кыймылын колдонобуз.

Ар кыл окуяларга бай, кыймылдуу эркин жашоо каалоосуна ээ, санарип көчмөндөрдүн популярдуулугунун өсүшү менен, бүгүнкү күндө көчмөндөрдүн философиясы кайра жаралууда. Санарип көчмөндөр, бүткүл дүйнөгө саякаттап, виртуалдуу иштей алат. Бул тарыхый көчмөндүк тамыры жок адамдардын дагы көчмөндөрдүн баалуулуктарын кабыл алууга даярдыгын айгинелейт. Заманбап дүйнөдө көчмөндөрдүн баалуулуктары, адамдарды биз кабылып жаткан өзгөрүүлөргө ыңгайланышып, чыдамкай болууга багыттайт. Көчмөндөрдүн баалуулуктарын VUCA дүйнөсүнө интеграциялап, биргеликте туруктуу коом кура алабыз.

Баяныбыздын акырында, глобалдык көчмөндүктүн маани-маңызын чагылдырган, африкалык көчмөндөр – масаилердин лакабы менен жыйынтыктагыбыз келет:

 

"Биз көчүп жүрөбүз.

Биз болгон жерде биздин издерибиз гана калды.

Биз өнүгүп жатабыз".

--- Бенсон Мунтере, масаи

 

БУУӨП Акселератор Лабораториялары жөнүндө

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын демилгеси менен, Катар өнүктүрүү фонду жана Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү федералдык министрлиги менен биргеликте Акселератор Лабораториялары түзүлүүдө. Акселератор Лабораториялары, XXI кылымдагы туруктуу өнүгүү концепцияларынынын практикалык иштелмелерин түзүү жана кайрадан түшүнүү максатында жергиликтүү инновацияларды колдонууга багытталган. Бул  116 өлкөдөгү 92 акселератор лабораторияларынан турган билимдердин ири жана өнүгүп жаткан тармагыб жакында Кыргыз Республикасында түзүлгөн лабораторияны да камтыйт.

Кыргыз Республикасындагы БУУӨП Акселератор Лабораториясы, билимдердин тармагынын бөлүгү катары,  өнүгүүнүн чакырыктарын изилдөөнүн жүрүшүндө, өз идеялары менен байма-бай бөлүшүп турат. Ишмердүүлүгүбүз жөнүндө кабардар болгуңуз келсе, биздин расмий сайтыбызга жана социалдык тармактардагы баракчаларыбызга жазылыӊыз.

Icon of SDG 0

БУУӨП БУУӨП Дүйнөдө