Кыргызстан гендердик теңчилик аркылуу кантип каржы тарта алат

2021-ж., 15-December

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн өнүккөн мамлекеттер берген расмий жардам 2020-жылы 161 млрд долларга жеткен. 2018-2019-жылдары гендердик теңчиликке эки тараптуу жардам 53 млрд долларды түзгөн. Кыргызстан Каржылоонун комплекстүү улуттук механизмдеринин (ККУМ) алкагында гендердик теңчиликке басым жасаса, анда өнүктүрүү үчүн кошумча каржыны өлкөгө тарта алат.

2020-жылдын ортосунан баштап Кыргыз өкмөтү БУУӨП жана ЮНИСЕФ менен биргеликте Кыргызстандын Улуттук өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууга жана Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүгө колдоо көрсөтүү максатында мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун, эффективдүүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатуу жана жеке каржыларды башкаруу боюнча ККУМ механизмдерин иштеп чыгууда.

БУУнун Аялдар түзүмү жана БУУӨП өлкөлөргө гендердик теңчиликти ККУМ процессине шайкеш кылууга колдонмолорду иштеп чыгышкан. Анда өкмөттөр үчүн жети сунуш берилген:

№1. Гендердик жана туруктуу өнүгүү боюнча милдеттенмелерге ылайык ККУМ процессинин ичинде гендердик теңчиликке басым жасоо.

2. Аялдардын уюмдары менен улуттук гендердик механизмдерди камтыган ККУМ боюнча ачык-айкын консультациялык диалогду түзүү.

№3. Гендердик талдоону улуттук каржылоого баа берүүнүн алгачкы этаптарында колдонуу. Бул гендердик теңчилик боюнча милдеттенмелердин жана улуттук өнүгүү пландарындагы максаттардын ортосундагы шайкештикти жана аларды каржылоо структурасын күчөтөт.

№4. Каржылык агымдарга жана тематикалык багыттарга кошумча гендердик талдоо жүргүзүү үчүн жарандык коом, академиялык жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен иштөө мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо.

№5. Гендердик маселени жана потенциалдуу каржылык саясатты кошумча талдоо үчүн улуттук гендердик каржылоо профилин иштеп чыгуу.

№6. Салык-бюджет саясаты менен каржылык агымдарды гендердик талдоо аркылуу каржылык инструменттерди жана саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу потенциалын күчөтүү.         

№7. Жынысы боюнча бөлүштүрүлгөн каржылоо боюнча маалыматтарды чогултуу жана отчеттуулук үчүн улуттук маалыматтарды жана статистикалык системаларды чыңдоо боюнча чараларды кароо.

Бир катар өнүгүп келе жаткан өлкөлөр каржылоонун комплекстүү улуттук механизмдерин иштеп чыгууда гендердик көз-карашты чагылдырышууда. Мисалы, ККУМди биринчилерден болуп ишке ашырган Кабо-Верде өлкөсү гендердик көз караш аркылуу каржылык агымдарды кеңири талдоо үчүн гендердик каржы профилин түзүүдө. Ал профиль гендердик теңчиликке жетүү үчүн каржы ресурстарынын башын бириктирип, каржы инструменттерди аныктайт.

Гендердик теңчиликке жетишүү максатында Өнүгүү үчүн расмий жардамдын көлөмү өсүп жатат. Андыктан, Кыргызстан гендердик теңчиликти бекемдей турган тармактарга кошумча каржылоону тарта алат.