Бейөкмөт уюмдар, жамааттар жана БУУӨПтүн колдоосу ВИЧке каршы күрөшүүдө негизги ролду ойнойт

2021-ж., 4-August

Gulipa Sheishenova at work. Photo: personal archive

Гулипа Сабыровна Шейшенова, Талас шаарындагы жана Талас облусундагы ВИЧ тин алдын алуу, дарылоо, кам көрүү жана колдоо боюнча калктын негизги тайпалары менен иштеген – «21-кылымда жаштардын ден соолугу жана билим алуусу» (21кылымдагыЖДСжанаБА) деген биринчи жана жалгыз уюмдун директору. Бул блогдо ал БУУӨП/Глобалдык фондунун долбоору менен өнөктөштүгү жана биргелешкен жетишкендиктери жөнүндө баяндайт.

Кыргызстанда ВИЧ көбүнчө калктын негизги тайпаларында жайылып жатат. Бирок коомчулук жана медициналык кызматкерлер тарабынан болгон стигмасынын айынан, ошондой эле өзүн-өзү стигмалагандан улам, көпчүлүк алдын алуу, диагностикалык жана дарылоо кызматын өз убагында алышпайт.

Калктын бул тайпалары менен эффективдүү иштөө үчүн «теңге-тең» деген мамиле керек. Өкмөттүк эмес уюмдар жана жамааттар ВИЧке каршы күрөштө негизги ролду ойношот. Учурда жарандык коомдун чыңдалышынын жана БУУӨП/ Глобалдык Фонддун долбоорунун колдоосунун аркасында ВИЧке байланыштуу кызматтар жакшы жакка түп тамырынан бери өзгөрдү. Биз ВИЧти натыйжалуу алдын ала алабыз, анын диагнозун өз убагында аныктай алабыз жана ВИЧ-позитивдүү адамдардын узак жана ден-соолукта жашашына жардам бере алабыз.

Гулипа ВИЧ кызматтарындагы жарандык сектордун ролу боюнча эл аралык онлайн талкууга катышууда.

Биз кайсы көйгөйлөргө кабылдык

Биздин фонд 2001-жылы түзүлгөн. 2013-жылдан баштап, биз Глобалдык фонд каржылаган БУУӨП долбоорунун алкагында иштей баштаганбыз. Бул убакытка чейин биздин облуста жамаат өкүлдөрү үчүн  ВИЧ ти алдын алуу, колдоо, дарылоо жана ВИЧ учурунда кам көрүү кызматтары жеткиликтүү эмес эле.

Биз жеринде иштей баштаганда абдан оор эле, эмнеден баштаарды билчү эмес элек. Бардык нерседе: максаттык тайпаларга жетүүдө, СПИД борбору менен жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иштөөдө кыйынчылыктар бар эле. Бир нече жылдар мурун бардык деңгээлдерде, биз үчүн гана эмес, бардык ВИЧ кызматтары үчүн көп көйгөйлөр жана тоскоолдуктар  бар эле. Азыркы ӨЭУ дагы көп кызматтар жамааттардын өкүлдөрү үчүн жеткиликтүү эмес болчу. Мисал үчүн, тестирлөө жана АРВ (антиретровирустук) терапия медициналык мекемелерде гана бар болчу, бирок стигманын айынан биздин кардарлар жардамга кайрылууну каалашчу эмес же кайрыла алышчу эмес. Ошондуктан көпчүлүгү өзүнүн статусу жөнүндө убагында билишпей, дарылоону баштай алышкан эмес.Анын үстүнө ӨЭУ менен мамлекеттик медициналык мекемелер, анын ичинде СПИД борборлору менен да кызматташуу жок болчу.  

ВИЧке экспресс -тестирлөө. Сүрөт: Дмитрий Мотинов/ БУУӨП Кыргызстан

БУУӨП долбоорун ишке ашырылышы: көп көйгөйлөрдүн чечилиши

Глобалдык фонд каржылаган БУУӨП долбоорун ишке ашыруу учурунда, биздин кызматкерлер ар кандай тренингдерде, семинарларда жана жолугушууларда, жана башка өнөктөш уюмдар менен тажрыйба алмашуу жолу менен окууга мүмкүнчүлүк алышты. Биздин уюм эмерек жана жабдуулар менен камсыз болду. Биздин уюмдун мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча биргелешкен аракеттердин натыйжасында, бардык талаа кызматкерлери өздөрүнүн тайпаларына жетише алышат, ар бир тайпа менен иштөөнүн өзгөчөлүгүн билишет, көп суроолор боюнча кеңеш берүүнун көнүмдөрүнө жана билимдерине ээ.  Биздин уюмдун СПИД борбору жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жакшы жолго коюлган мамилелери бар.

Жалпысынан, БУУӨП сынын жетекчилиги астындагы Глобалдык фонддун гранттарын ишке ашыруу биздин уюмдун гана эмес, биздин өлкөдөгү ӨЭУ унун бардык секторлорунун жана саламаттык сактоо тутумунун мүмкүнчүлүктөрүнүн өсүшүнө оң таасирин тийгизди.

Азыркы учурда, БУУӨП / Глобалдык фонд долбоорунун алкагында өкмөттүк эмес уюмдар калктын бардык негизги тайпалары менен иштешет жана   ВИЧ боюнча кызматтардын кеңири спектрин көрсөтүшөт, алардын негизгилери болуп төмөндөгүлөр эсептелет:

•       Алдын алуу, диагноздоо, дарылоо жана ВИЧ учурунда кам көрүү боюнча кызматтар

•       ВИЧ/СПИД, кургак учук, ЖЖЖИ (жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар), коопсуз жүрүм-турум, мотивация берген кеңеш, АРТ ны сактоо суроолору боюнча кеңеш берүү

•       Шилекей аркылуу ВИЧ ке тестирлөө

•       Медицина жаатындагы буюмдарды берүү

•       Психологиялык жардам

•       Башка кызматтарды алуу үчүн медициналык мекемеге кайра жиберүү жана коштоп баруу

•       Социалдык колдоо: балдарга АРТ ны сактоо үчүн мотивациялык төлөмдөрүн жана 18 жашка чейинки балдардын ВИЧ/СПИД боюнча балалык майыптык төлөмдөрүн алууга жардам берүү, майыптыкты каттоо, төрөгөн ВЖА аялдарга баласы 18 айлык болгуча жөлөк пул алууга, муктаж болгондорго азык-түлүк топтомдорун таратуу, тиричилик кызматтары, документтерди калыбына келтирүү, убактылуу жатуучу жай менен камсыз кылуу, ж.б.

•       Укуктук колдоо: укук бузууларды документтештирүү жана укук боюнча суроолорго жооп берүү.

ВИЧчтин алдын-алууга байланышкан сактоочу жай. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / БУУӨП Кыргызстан

Узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн жетишкендиктери

БУУӨП колдоосу менен Глобалдык фонддун гранттарынын ишке ашырылышынын аркасында болгон ӨЭУ секторунун мүмкүнчүлүгүнүн өнүгүшү жана саламатыкты сактоо тутумунун күчтөнүшү жамааттын жашоосунун сапатына жана ар кандай кызматтардын жеткиликтүүлүгүнө түздөн-түз таасирин тийгизет деп ишенимдүү айта аламын. Ушул жылдарда өтө көп нерселер оң тарапка өзгөрдү.

ВИЧ ти дарылоо боюнча жаңы клиникалык протоколдорго ылайык БУУӨП АРВ дары-дармектерди сатып алат, ошон үчүн ВИЧ менен жашаган адамдар (ВЖА) АРВ терапияны дарылоонун заманбап схемаларына ылайык алып жатышат. Анын үстүнө, АРВ терапия СПИД борборлорунда гана эмес, баштапкы мекемелерде да берилгени кардарлар үчүн ыңгайлуураак болуп жатат.

СПИД борборлорунда заманбап диагностикалык жабдуулар бар жана заманбап тест системалары колдонулат; ошондой эле жалпы медициналык инфраструктураны жакшыртуу үчүн СПИД борборлорунун лабораториялары жана кампалары үчүн керектүү жабдууларды жана техника сатып алынды.  

Белгилей кетүүчү маанилүү жагдай, ВИЧке шилекей аркылуу экспресс -тестирлөө коомчулуктун бардык мүчөлөрү үчүн жеткиликтүү түрдө бейөкмөт уюмдардын базасында жүргүзүлөт. Ошондой эле, бейөкмөт уюмдардын жардамы менен калктын негизги тайпаларын алдын алуу программалары менен камтуу көбөйүүдө жана мурда АРТ ден баш тарткандардын көбү кайра бул терапияны алып жатышат. Бейөкмөт уюм психологиялык жардам көрсөтөт жана кардарлар ар кандай чөйрөдөгү адистерден гана эмес, коомчулук үчүн өтө маанилүү болгон «тең» консультанттардан да колдоо ала алышат. Мындан тышкары, «көчө юристтери» долбоорунун алкагында жамааттык уюмдар укуктук маселелер боюнча укуктук жардам жана кеңештерди беришет жана укуктардын бузулушун документтештиришет. Бул стигманы жана басмырлоону жок кылуу үчүн абдан маанилүү. Мындан тышкары, бейөкмөт уюмдардын, медициналык мекемелердин кызматкерлери жана коомчулуктун өкүлдөрү стигма жана басмырлоо боюнча такай окутулуп турушат.

Белгилей кетким келген нерсе, мунун баары – жалаң эле вертикалдуу процесс эмес. Уюмдардын кызматкерлери жана жамааттын адамдары бардык адвокациялык жана укук коргоочу процесстерине жана өлкө деңгээлиндеги чечимдерди кабыл алууга активдүү катышып турушат. Жамааттын өзү көбүрөөк кабардар жана ВИЧ ке каршы күрөшүү боюнча программаларга ачык болуп калды. ӨЭУ менен СПИД борборлорунун ортосунда 95-95-95 максаттарына жетишүү үчүн тыгыз кызматташтык жолго коюлду.   

"ЗиОМ21" коллективи.

Мындан аркы ийгиликтерге карай жол

Бардык аракеттерибизге карабай, биз жеринде өзүбүз чечкенге аракет кылып жаткан көйгөйлөр бар. Бирок биз жалгыз чече албаган көйгөйлөр дагы бар, бул жерде биз бардык кызыкдар тараптардын биримдигине жана эл аралык өнөктөштөрдүн жардамына муктажбыз. Бул көйгөйлөрдүн айрымдары:

·       Алдын-алуу программаларына жеткиликтүүлүккө болгон укуктук тоскоолдуктар, анын ичинде укуктардын бузулушу жана жамааттардын өкүлдөрүн куугунтуктоо

·       Мигранттар арасында алдын-алуу программаларын жүргүзүүнүн керектиги

·       Укуктук тоскоолдуктарды жеңүү жана ошондой эле мыйзам чыгаруу жаатында адвокациялык иш-чараларынын күчөтүлүшү.

Ийгиликке карай жол жетишээрлик татаал болот. Чакырыктарга жана бардык мүмкүн болгон тоскоолдуктарга каршы туруш үчүн, ийгилик көп оор жумушту, чыдамкайлыкты жана кайратты талап кылат. Ошондой болсо да, биздин оор эмгегибиз күрөшүп жатканыбызга жеткирет, ал эми өжөрлүк азыркы учурда көптөр үчүн эргүүнүн булагы болуп саналат. 

БУУӨП жана Глобалдык фондго биздин өлкөдөгү ӨЭУ мүмкүнчүлүгүнүн өнүгүүсүнө жана саламаттык сактоо тутумунун күчтөнүшүнө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Биз бул күрөштө бирге гана жеңе алабыз.