Теориядан практикага: Кыргызстандагы жарандар өз жамааттарынын өнүгүүсүн кантип тездетишет

2021-ж., 14-April

"Кыргызстандын ар кайсы аймактарында жана жада калса чет өлкөлөрдө жашаган 18 жаштан 62 жашка чейинки 200дөн ашуун адамдан 80ден ашуун жеке жана командалык билдирмелердиа алуу кызыктуу болду" деп Акселератор лабораториясы Хакатон жана Семинарлар жөнүндө эскерет. Бул иш-чаралар март айында өткөрүлүп, ар башка жамааттардын өнүгүүнүн инновациялык ыкмалары жөнүндө билимин алмашууга багытталган. Сүрөт: "Шаардык демилгелер" коомдук фонду

Биздин ишибиздин алгачкы 100 күнү

Ошентип, биздин Акселератор лабораториябыздын командасы “Жамааттарды өнүктүрүүгө жарандардын катышуусун жогорулатуу” деп аталган артыкчылыктуу көйгөйдү аңдап-түшүнүп, изилдеп баштагандан бери алгачкы 100 күн да өттү. Көйгөйдү аныктоо жана тактап жазып алуу процессинин өзү да кыйла кызыктуу жана оңой-олтоң эмес милдет болуп чыкты. Көйгөйдүн комплекстүүлүгүн кантип бир сүйлөмгө камтып, ошол эле учурда анын кабылдоо үчүн жеңил жана түшүнүктүү болушун кантип камсыздаса болот? Аны тактап жазып алуу менен көйгөйдү изилдөө боюнча андан аркы иш-аракеттердин салыштырмалуу эркиндигинин ортосундагы тең демди кантип таба алабыз? Канткенде биз теориялык жактан гана билген же болжолдогон даяр чечимдерге азгырылбай, жакынкы бир нече айга карата жетишээрлик так планга ээ боло алабыз?

Ушул маселелердин бардыгын биз бир нече цикл аралыгында Өлкөлүк кеңседеги кесиптештерибиз менен талкууладык. Бул жаатта чындыгында эле биздин жолубуз ачык болду десек болот! Бизге өз сунуштарын, кеңештерин берип, конструктивдүү сын пикирлерин айткан бардык кесиптештерибизге ыраазычылык билдирип койгубуз келет. Бир команда болуп иштөөнүн аркасында гана биз кийинки кадамдардын логикасын аныктадык, ошондой эле Акселератор лабораториясынын Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн бирдиктүү ишинин курамдык бөлүгү катары ролун тагыраак түшүнө алганыбыз да кыйла маанилүү болду.

Эмесе, жарандардын туруктуу жамааттарды курууга катышуусу жөнүндөгү негизги тезиске кайтып келсек. Ишибиздин жүрүшүн IT өнүмүн жаратуу логикасы аркылуу карай турган болсок, алгачкы 100 күндө биз эки алгачкы стадиядан: "Идея" жана "Концепцияны текшерүү" этабынан өттүк десек болот. Идея иштелип чыккандан кийин биз "Кыргызстандагы жамааттар өз алдынча уюшуп, жергиликтүү көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө жөндөмдүү экендиги аныкпы?” же "Кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү өздөрү туулуп-өскөн жамааттардын турмушуна жигердүү катышат деген чынбы?" деген баштаптык гипотезаларды тестирлөөгө кириштик.

Бизге жамааттардагы "чемпиондорду" табуу, технологиялар менен инновацияларды колдонуунун эсебинен масштабын жогорулатууга жана өркүндөтүүгө боло турган жагымдуу тенденциялар жана белгилер жөнүндө билүү маанилүү болчу. Дал ушул максатта биз эки онлайн иш-чараны: семинар менен хакатонду өткөрдүк. 

Жамааттык интеллект иш жүзүндө: Жарандардын активдүү катышуусундагы жамааттын өнүгүүсү.

Инноваторлор биздин арабызда!

Ошентип, 10-11-мартта биз коомчулук менен алгачкы онлайн жолугушууну уюштурдук, тактап айтканда, “Жамааттарды өнүктүрүүгө жарандардын катышуусун жогорулатуу” жөнүндө пикир алышуу боюнча семинарда ар кандай кызыкдар тараптар менен жолугуштук. Иш-чараны даярдоонун жүрүшүндө биз жамааттарды өнүктүрүү жана жарандык катышуу темаларын изилдеп, чечимдерди, “чемпиондорду” жана новаторлорду карталоо ишин баштадык.  Пандемияга байланыштуу ар кайсы жактарга барууга жана бетме-бет жолугушууга чектөөлөр киргизилгендигин эске алып, новаторлор менен жолугушуулар онлайн режиминде өткөрүлдү. Биз аймактардагы жарандык активисттер, жаштар уюмдары, урбанисттер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, миграция маселелери боюнча эксперттер, диаспора өкүлдөрү, санариптик чечимдерди колдонгон социалдык долбоорлордун лидерлери менен баарлаштык.

Өлкөлүк кеңседеги кесиптештерибиз менен команда ичинде биргеликте иштөөнүн аркасында онлайн иш-чарага 150дөн ашуун катышуучуларды чогулта алдык. Семинарлар жөнүндө кененирээк бул жерден билип алсаңыз болот.

Акселератор лабораториясы семинарларынын алкагында изилдөө үчүн төмөнкү маселелерди карап чыкты:

  • жарандарды жергиликтүү өнүгүүгө аралаштыруу үчүн колдонулган чечимдер менен ыкмалар;
  • жарандардын жана диаспора өкүлдөрүнүн жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү боюнча ийгиликтүү мисалдарынын кеңири баяндарын алуу;
  • Акселератор лабораториясынын усулдугу менен тааныштыруу жана кайра байланышууну камсыздоо;
  • социалдык инновацияларга кызыкдар болгон уюмдарды карталоо.

Жергиликтүү өнүгүүгө аралашкан ар кандай жарандар топторунун өкүлдөрүн чогултуп, биз "кызыгуу детекторлорду" жандыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук жана кызыктуу фактылар менен жамааттардагы жагымдуу өзгөрүүлөрдүн белгилерин аныктап алдык. 

"Биз жамаатты жарандарды бул ишке тутумдук түрдө аралаштыруу жана пандемия учурунда пайда болгон жагымдуу тенденцияларды колдоо аркылуу өнүктүрүүнүн дараметин көрүп турабыз. Ошондой эле жергиликтүү бийликтин жарандардын катышуусун кеңейтүүдөгү жана ресурстарды топтоодогу, анын ичинде диаспоралардан дем-күч алуудагы маанилүү ролун да жакшы түшүнүп турабыз", - Акселератор лаборатория Кыргызстан. Фото: "Шаардык демилгелер" коомдук фонду.

Каракол шаарынын жарандарын өнүгүүнү пландаштыруу максатында бириктирүү трансформациялык өзгөрүүлөрдүн бир белгиси болуп аныкталды. 2021-жылдын башында 50дөн ашык жарандык активисттердин тобу шаардын өнүгүү көйгөйлөрүн жана келечегин талкуулап чыкты. Мындай демилге менен чыккандардын бири – ДЕМ-платформасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Ахмет Макаев мырза болду. Пандемия учурунда ал жана башка активдүү жарандар социалдык жайды – китепканасы бар кофе ичүүчү жерди уюштуруу демилгесин көтөрүп чыгышкан.  Бул аянтча ашар (кыргыз элинин краудсорсинг салты) ыкмасы менен уюштурулган.  

Алгач китеп окууга болгон кызыгууну арттыруучу аянтчаны түзүү боюнча идеядан башталган бул социалдык платформа кийинчерээк шаарды өнүктүрүү боюнча көйгөйлөрдү талкуулаган жана пикир алмашкан жайга айланды. Бир аз убакыт өткөндөн кийин Каракол шаарында Шаардык демилгелүү топ пайда болуп, азыркы учурда ал актуалдуу маселелерди көтөрүп, шаарды өнүктүрүү боюнча чечимдерди даярдоодо.

Семинарлардын алкагында "чемпиондор" менен новаторлордун мисалында жамааттардагы ыктымалдуу трансформациялык өзгөрүүлөргө айлануучу өзгөрүү белгилерин аныктап алдык. Өзгөрүү белгилеринин айрым мисалдарын келтирсек:

  • Пандемия жарандык активисттердин жамааттардын турмушуна катышуусун активдештирди.
  • Жарандар өздөрү уюшуп, жергиликтүү өнүгүү маселелери боюнча талкууларды өз алдынча өткөрө башташты. Жогорудагы Каракол шаарынын мисалындагыдай эле социалдык китепканадан баштап стратегиялык пландоого катышууга чейинки иш-аракеттер жасалды.
  • Жаштар жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө, айрыкча IT билим берүү секторуна көбүрөөк катышып жатышат. Бүгүнкү күндө жаш активисттер айылдык жаштарга IT тармагында билим берүү максатында биригишүүдө.
  • Шаарлар менен айылдардын муктаждыктарын биргелешип чечүүнү пландаштыруу үчүн аянтчалар муниципалитеттин, жарандык коомдун жана тургундардын өз ара иштешүүсү үчүн туруктуулукту камсыз кылат. Мисалы, «Майнкрафт» оюнун пайдалануу менен коомдук мейкиндикти биргелешип пландоо үчүн жашоочуларды бириктирүү, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясында көйгөйлөрдү талкуулоо жана аларды чечүү үчүн идеяларды генерациялоо үчүн диалог аянтчаларын түзүү.
  • Мигранттар жамааттарды өнүктүрүүгө жигердүү жана көп кырдуу мүнөздө катышат. Алардын катышуусунун мисалдары көп, айталы, айылдардын социалдык инфраструктурасына биргелешип инвестиция кылуу, IT тармагында иштеген жигердүү мекендештерибиздин пандемия учурунда калкка жардам берүү үчүн краудсорсинг принцибин колдонуу менен кесипкөйлөр жамаатын (IT-иштеп чыгуучулар, дарыгерлер ж.б.) түзүшү ж.б. Дагы бир кызыктуу нерсе - мигранттарга башында чет өлкөгө жөнөп кетүү үчүн жумуштун жана кирешенин жетишсиздиги себеп болсо, убакыттын өтүшү менен аларга шарттардын жакшырышы (инфраструктура), коррупциянын азайышы, бизнес ачуу мүмкүнчүлүктөрү, балдарына билим берүү, саламаттык сактоону жакшыртуу жана башка маселелер көбүрөөк маанилүү боло баштайт.

Ушул жана башка көптөгөн өзгөрүүлөрдүн белгилери чечимдерди тестирлөө жана жарандардын жамааттарды өнүктүрүүгө катышуусун күчөтүү боюнча эксперименттер портфелин түзүү үчүн ой жүгүртүүгө жана идеялар жаралуусуна түрткү берет.

Инклюзивдүүлүк #ӨзЖамаатыңдыӨнүктүр хакатондун ийгилигинин критерийи болуп калды

Туруктуу жамааттарды курууда жарандардын негизги тенденцияларын жана приоритеттерин байкоодон тышкары, семинарлардын максаты кийинки #ӨзЖамаатыңдыӨнүктүр хакатонуна жарандардын катышуусун жогорулатуу болгон. Көп учурларда хакатондун негизги кемчилиги богон бул IT адистеринин берилген көйгөйдүн контекстин түшүнбөгөндүгү саналат, бул болсо анын болочок колдонуучулар тарабынан начар кабыл алынышына же алдыга коюлган тапшырманы таптакыр чече албаган санарип өнүмдөрүн даярдашына алып келет. Семинарлар бизге бул кемчиликти жоюуга жардам берди. Биз IT адистерин жана технологияларга тиешеси жок, бирок көйгөйлөрдүн контекстин жакшы түшүнгөн адамдарды командалардын курамына киргизип, бириктире алдык. Бул факт биздин иш-чаранын өзгөчө белгиси болуп калды. 

"#ӨзЖамаатыңдыӨнүктүр" хакатонунун катышуучулары. Сүрөт: Асем Мукеева / БУУӨП Кыргызстан

#ӨзЖамаатыңдыӨнүктүр хакатонунун негизги максаты – жарандарды биргелешип пландаштыруу, ресурстарды мобилизациялоо жана жамааттарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бириктирүү максатында санарип чечимдерди табуу болду. Семинарлар учурунда ушул процесстерди краудсорсинг жана краудфандинг ыкмаларынын жардамы менен оптималдаштыруу үчүн технологиялык чечимдер жетишпей жатат деген пикир көп айтылды.

Ошентип, хакатон башталганда эле бизге Кыргызстандын ар кайсы аймактарында, ал гана эмес чет өлкөлөрдө жашаган 18 жаштан 62 жашка чейинки 200дөн ашык адамдан 80ден ашуун жеке жана командалык өтүнмөлөр келип түштү. Натыйжада 34 команда жарандардын өз жамааттарын өнүктүрүүгө катышуусун жогорулатуу үчүн санариптик чечимдерди иштеп чыгууга аракет кылды; 16 командага калыстар тобунун алдында питч менен чыгууга мүмкүндүк берилди. Жыйынтыгында үч жеңүүчү аныкталды, алар менен мындан аркы иштешүү мүмкүнчүлүктөрү каралмакчы. Жеңүүчүлөрдүн долбоорлору менен бул жерден кененирээк тааныша аласыз.

Кийинки кадамдар

Стратегиялык жактан алганда, иш-чаралардын инклюзивдүү болушунун аркасында жарандардын туруктуу жамааттарды куруудагы ролу жөнүндөгү биздин концепциябызды текшерүү ийгиликтүү болду деп айтсак болот. Биз жамаатты жарандарды бул ишке тутумдук түрдө аралаштыруу жана пандемия учурунда пайда болгон жагымдуу ​​тенденцияларды колдоо аркылуу өнүктүрүүнүн дараметин көрүп турабыз. Ошондой эле жергиликтүү бийликтин жарандардын катышуусун кеңейтүүдөгү жана ресурстарды топтоодогу, анын ичинде диаспоралардан дем-күч алуудагы маанилүү ролун да жакшы түшүнүп турабыз. Жаштар өзгөрүүлөрдүн катализатору жана технологиялык чечимдерди ишке киргизүүнүн негизги "агенти" боло ала тургандыгына ынануу биз үчүн маанилүү болчу жана бул чындык болуп чыкты. Ошондой эле, белгилүү болгондой, мындай ылдамдатууга жаштар гана эмес, улуу муундагы адамдар да кызыкдар экендигин кубаныч менен жарыялайбыз.

Ошентип, биз кийинки маанилүү этапка – минималдуу жашоого жөндөмдүү продукт (MVP – Most Viable Product) түзүү этабына келдик. MVP – бул өнүмдүн тесттик версиясы, анын түзүү долбоорду мындан ары кандайча өнүктүрүү керектигин, стратегияга кандай өзгөртүүлөрдү киргизүү, эмнелерди баштапкы түрүндө калтыруу керектигин жакшыраак түшүнүүгө жардам берет.  Бул үчүн биз талаалык иштер аркылуу жамааттар менен иштешүүгө тереңирээк аралашууну пландап жатабыз. MVP бизге жарандардын өз жамааттарын өнүктүрүүгө катышуусунун аныкталган механизмдеринин негизинде тиешелүү платформаны ишке киргизүү менен краудсорсинг жана краудфандинг мүмкүнчүлүктөрүн иш жүзүндө текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Биз менен бирге болуп, Кыргыз Республикасындагы Акселератор лабораториясынын иши жөнүндө жаңылыктарга көз салып туруңуз!