«Жаштар лабораториясы 2020»: таза жана акыйкат шайлоо үчүн

2020-ж., 11-August

Махабат Мурзаканова: "Биз жаштарды шайлоого тартуунун ар кандай жолдорун сынай баштадык. Андыктан «Жаштар лабораториясы» аркылуу Кыргызстандын жети облусунан жана Россиянын Екатеринбург шаарынан жигердүү жаштарды тарта алдык". Сүрөт: жеке архив

Бул макаланы окуп баштаар менен, сиз: "Жаштарды шайлоого кантип тартуу керек?" деген суроонун жообун билип алууну күтүүдө болосуз. Мен дароо айтаар элем, бул суроого так жооп жок, бирок бул блогдо биздин жамааттын ийгиликтери жөнүндө айтып берем. БУУ өнүгүү программасынын Шайлоо долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча Борбордук Комиссиясы (же БШК кыскача) менен биргеликте биз жаштарды шайлоого тартуунун ар кандай жолдорун сынай баштадык. Биз «Жаштар лабораториясы» аркылуу Кыргызстандын жети облусунан жана Россиянын Екатеринбург шаарынан жигердүү жаштарды тарта алдык. Мындай аталыш кокустан тандалган эмес; лабораторияларда ар кандай идеялар жана гипотезалар белгилүү бир натыйжага жеткенге чейин сыноодон өтүп келет. Биздин «Жаштар лабораториясы» ушул сыяктуу система негизинде курулган; биз ар кандай форматтагы ар кандай идеяларды сынап көрөбүз: видео, анимация, тасма, жергиликтүү мобилизация, онлайн флеш-моб жана тез арада натыйжа бере турган башка нерселер аркылуу. Ошентип, продуктыларды иштеп чыгуудан мурун, лабораториянын катышуучулары ар кандай идеяларды түзүү жана аларды чыгармачыл ишке ашыруу үчүн дизайн ой жүгүртүүсү боюнча экспресс-тренингден өтүшөт. Ошол эле учурда, биз басмырлоого каршы, инклюзивдүүлүккө байланыштуу этика жана адеп-ахлак нормаларын карманабыз. Андан сырткары эч кандай чектөөлөр жок.

Жаштар лабораториясынын алкагындагы сынакка болгон чакыруу. Скриншот: Махабат Мурзаканова / БУУӨП Кыргызстан

Шайлоо жараянына жаштарды тартуу эмне үчүн маанилүү? Биздин максат БШКга шайлоону адилет жана инклюзивдүү өткөрүүгө жардам берүү. Бул бардык жарандарды өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө шайлоого катышууга түрткү берет дегенди билдирет. Шайлоочулар тобу бир нече топторго бөлүнөт: аялдар, мигранттар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жана жаштар жана ар бир топ менен өзүнчө иш-чаралар өткөрүлөт. Мындай топторго бөлүштүрүү кыйла натыйжалуу болот. Мисалы, жаштар абдан активдүү, бирок аларга жол көрсөтүү керек, ошондуктан биз алар менен интерактивдүү ыкмаларды колдонуп, иштейбиз. Аялдарга болсо түрткү бериши керек, ошондуктан биз алар менен иштөөдө белгилүү инсандарды роль моделдери катары колдонобуз, алар өздөрүнүн мисалында аялдардын катышуусу эмне үчүн маанилүү жана кантип катышуу керектигин айтып беришет. Мигранттарда болсо шайлоону уюштуруу боюнча суроолор көп - шайлоочулардын тизмесине туруу үчүн кандай документтерди тапшыруу керек, пандемия учурунда Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрү жабылып калса, эмне кылуу керек, шайлоо участоктору кайсы жерлерде уюштурулат жана башкалар. Алар үчүн БШК, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, элчиликтердин жана консулдуктардын өкүлдөрү менен биргеликте онлайн режиминде жолугушууларды өткөрүп, актуалдуу маселелер боюнча кыскача видеотасмаларды даярдап, ишеним телефонун уюштуруп, Россия жана Казакстандан келген чалуулар акысыз кылып уюштуруп бердик. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар ушул ишеним телефондорунун операторлору катары тартылып, аларга шайлоого өз салымын кошууга мүмкүнчүлүк берилди.

Борбордун Шайлоо Комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жаштар менен жолугушту. Скриншот: Махабат Мурзаканова / БУУӨП Кыргызстан

2017-жылы президенттик шайлоодо 18 жаштан жогору шайлоочулардын саны 3 миллионго жакын болгон, ошол учурда алардын үчтөн бири чет өлкөлөрдө жашашкан. Ошондуктан, программа алкагынжа онлайн аянтчалары аркылуу диаспоралардын өкүлдөрү менен иштешүү өтө маанилүү.

Жаштар жетектеген өлкө

Кыргызстанда 3 миллион шайлоочунун 1 миллионго жакыны 18 жаштан 30 жашка чейинки жаштар. 1 миллион адамдын 440,000 чамасы же 41,5% 2017-жылдагы шайлоого катышты. Натыйжада, «Жаштарга шайлоого барууга кандай түрткү берүү керек?» «Жаштар лабораториясынын» негизги маселеси болуп калды.

Биз социалдык медиада идеяларды чогултуу боюнча сынак жарыялап, кызыктуу видео аркылуу жаштардын көңүлүн бурдук, миллиондогон жолдоочулары бар инфлюенсерлерди тарта алдык, жана жарандардын маалымдоо боюнча кеңири чөйрөсүнө жетиштик. БУУӨПнын Фейсбуктагы жана Инстаграмдагы баракчалары бир жумада эле 1 миллиондон ашык көрүүнү алды.

Андан кийин биз 30 активдүү жаштарды тандап алып, аларга Азат Рузиев, Мээрим Осмонова, Улан Усойун жана Жетиген Такенов сыяктуу насаатчылар жана активисттер менен иштөөгө мүмкүнчүлүк бердик. Насаатчылар жаштарга өз идеяларын жана түшүнүктөрүн иштеп чыгууга жана аларды ишке ашырууга жардам бериши күтүлүүдө.

Жаштар лабораториясынын сынагы Инстаграмдагы популярдуу баракчалар аркылуу аркылуу таратылды. Скриншот: Махабат Мурзаканова / БУУӨП Кыргызстан

“Мен алган билимимди келечекте медиа-продуктумду жайылтуу үчүн колдоном. Мен Мээрим Осмоновадан медиа-продуктумду кантип жана кайсы платформада жарнамалоо керектигин, Азат Рузиевден көптөгөн кызыктуу нерселерди билдим, мисалы, адамгды кызыктыруу үчүн кандай видео болуш керек, ошондой эле видео жасоочу программалар жөнүндө. Мындан тышкары, графикалык дизайн мен үчүн жаңы нерсе болду, бирок аны өздөштүрүү  көп убакыт талап кылынат экен ”, - «Жаштар лабораториясынын» катышуучусу.

Чынын айтканда, ушундай жооп пикирди алгандан кийин, өзүңдү өлкө үчүн пайдалуу деп эсептей баштайсын. Эми мен Кыргызстанда шайлоо институтун бекемдөөгө кандай салым кошо алаарымды, жана менин салымым “Жаштар лабораториясына” тартылган жаштардын, менин кесиптештеримдин, өнөктөштөрүмдүн, диаспоралардын жана жалпы эле өлкөбүздөгү шайлоочулардын салымы маанилүү экендигин түшүнүп жатам. Ар бир жарандын шайлоо жараянына маалымдуу катышуусу адилеттүү, инклюзивдүү жана демократиялык коомду куруунун күчтүү механизмдеринин бири экендигине ишенем.