Кандайча стигма АИВ-инфекциясын, кургак учукту жана башка ооруларды жоюуда жол тосууда

2020-ж., 26-May

Медициналык адис кургак учукка тесттин жыйынтыгын текшерип жатат. Сүрөт: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

Толкун Мамбетова жана Светлана Лим, БУУӨП/Глобалдык Фонд Долбоорунун программалык адистери, стигма деген эмне жана эмне үчүн ал АИВ жана кургак учукка каршы күрөшүүгө жол тосууда тууралуу баяндашты. 

Стигманын айынан, бейтаптардын кургак учуктан көрө рак менен оорусак деген айткандарын биз дайыма кайгыруу менен кабыл алабыз.  Көпчүлүк бейтаптар кургак учук оорусунан уялышат. Алар илдети тууралуу курдаштарынан, кошуналарынан, а түгүл туугандарынан да жашырышат. Кимдир бирөөлөр таанып калат деп да күнүгө ҮДБга дары алууга баруудан коркушат. Өзүнүн кайгысы, эмоциялары менен бөлүшүүдөн, жардам сурагандан коркушат - мунун бардыгы стигма үчүн.  Рак кургак учукка караганда оор, бирок рак менен ооруганда адамдар сага боор ооруп, жардам беришет. Ал эми сен АИВ, кургак учук же коронавирус менен оорусаң  адамдар сенден обочолонушат, күнөөлөшөт, айыпташат жана коркушат. Мунун бардыгы сага камкордук, жардам, мээримдүүлүк зарыл болгон учурда болгону өкүнүчтүү.   

Стигма жана басынтуу – бул дартты кеч аныктоонун жана дарылоону токтотуунун себеби. Ошондуктан биз стигма жана басынтууну жок кылган учурда гана АИВ менен кургак учукту  түп тамырынан жогото алабыз. 

Толкун Мамбетова АИВ/ Кургак учуктун алдын алуу жана дарылоо боюнча БУУӨП / ГФ программасынын аткаруучу улуттук өнөктөштөрү үчүн тренинг учурунда. Сүрөт: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

Стигма деген эмне?

Бардык адамдар бири биринен көптөгөн критерийлер боюнча айырмаланышат.  Көпчүлүк айырмачылыктар принципиалдуу мааниге ээ эмес (паспорт номери, көздүн түсү, сасык тумоо вирусунун болушу), бирок эгерде адамдарды стигмалаштырса, алардын айырмачылыктары маанилүү жана социалдык жактан негиздүү катары каралат (мисалы: теринин түсү, АИВдин бар болушу, сексуалдык ориентация). Бул айырмачылыктар боюнча адамдарды дароо эле карама-каршы категорияларга бөлүшөт   (кара жана ак, көзү көргөндөр жана көзү азиздер, АИВ-оң жана АИВ-терс  ж.б.).

Стигма (сөзмө-сөз «белги», «энтамга») — адамга же адамдар тобуна терс социалдык ролду таңулоо процесси. Бул адамга же топко карата мамилени негиздүү алмаштырган жана өзүнө болгон мамилеге таасир тийгизген өтө күчтүү социалдык “белги”.

Мисалы, күйөөлөрү дарт аныктоодо дени сак наристе төрөй албайт деген ойдо же аялы оорукчан деген сөздөн уялып, таштап кеткен  кургак учук менен ооруган бир нече жаш келиндерди тааныйбыз.

Көп сандаган изилдөөлөр көрсөткөндөй: стигма жөнүндө сөз болгон сайын үч жалпы белгини – стигманын үч эрежесин көрсө болот:   

  1. Адамдардын ортосундагы айырмачылыктар бөтөнчө  бөлүнөт жана маанилүү болуп саналат. 
  2. Айырмачылыктары бар адамдарга терс сапаттарды таңуулашат.
  3. Адамдар “биз” жана “алар” деп бөлүшөт.   

ГФ/ ПРООН программасынын бенефициары Республикалык наркология борборунда күн сайынкы метадон терапиясын алууда. Сүрөт: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

Көбүнчө стигматизациянын эң оор жүгү коом тарабынан кабыл алынбаган адамдарда жатат: начар жашаган, аз улуттардын өкүлдөрүнө, эркектер менен жыныстык катнашууга барган эркектер, инъекциялык баңгизаттардын колдонуучулары жана секс-бизнестин жумушчулары,АИВ менен жашаган же кургак учук менен ооруган адамдар.    

Айырмачылыктар кандайдыр бир терс болуп саналат, мисалы: АИВ жуктурган бардык адамдар коопту, АИВ-инфекциялангандар башкаларды жуктурууну каалашат, кургак учук менен оору – уят.  Башкача айтканда, бир гана сапат бириктирген адамдарга (канда вирустун болушу, оору) вирус жана/же багытталышы менен такыр байланышпаган терс сапаттарды таңуулашат: башкалар үчүн коркунуч, зыян келтирүүнү каалоо, моралсыз жүрүм-турум.   

АИВ менен жашаган же КУ менен ооруган адамдарга карата стигма 

Дүйнөдө стигма жана анын кесепети катары басынтуу АИВди алдын алуу жана дарылоо боюнча кызматтарга кайрылуунун, анын ичинде АИВге тесттен өтүүнүн, КУ текшерүүдөн жана  дарылоосунун төмөндөөсүнө алып келет.

Стигма жана басынтуу АИВ-оң адамдын же КУ менен ооруган адамдын өз статусу жөнүндө өнөгүнө, медицина кызматкерлерине жана үй-бүлө мүчөлөрүнө ачууга даярдыгына терс таасир тийгизет.  Бул өз кезегинде конфиденциалдуулугун бузуу коркунучу үчүн медицина кызматтарынан баш тартууну же мөөнөтүн узартууга алып келет.  Стигма жана басынтуу АРВ, кургак учукка каршы дары каражаттарын ичүү режимин бузууга алып келет жана дарыларын катууга мажбур кылат, натыйжада аларды ичүү режими сакталбайт.  Ошондой эле стигма үчүн байланышкан адам текшерилүүгө тийиш экени тууралуу билбеши мүмкүн.   

Бизде бир учур болгон, бир жашаар наристе баса албай, катуу ооруп калган.  Ата-энеси көптөгөн врачтарга кайрылышып, алар ар кандай диагноздорду коюшкан жана оор дарылоолорду дайындашкан. Бирок, бир жылдын ичинде анын абалы начарлап кетти.  Балада өтө татаал жана күчөп кеткен КДТ-КУ (кеңири дарыга туруктуу кургак учук) оорсу аныкталды – ата-энеси тууганы кургак учук менен ооруганын билбей калып, бул тууралуу врачтарга айта албай калгандын натыйжасы.  

Башка мисал – бир жаш келин эмчектеги баласы менен КИЖС-борборунун адисинин кеңешин күтүп жаткан.  Ошол учурда бир аял бардыгынын көзүнчө бейопалык кылып, жуктуруп алган деген сөздөр менен  аны айыптай баштады. Албетте, бул факт эмес, анткени АИВ жуктуруп алуунун башка жолдору бар (жыныстык жол аркылуу, кан аркылуу жана энеден балага). Жана бул такыр анын иши эмес... Кандай ойлойсуз, бул жаш эне кийин кеңеш алууга жана дарыланууга кайра келеби? 

СOVID-19 менен байланышкан өзгөчө абалды жана өзгөчө кырдаалды киргизген учурда айрым топтордун өкүлдөрү адаттагыдан да көп стигмага кабылышты.  Мисалы, муктаж болгондорго азык-түлүк баштыктарын бөлүштүрүүдө, квартал башчысы секс-жумушчунун кайрылуусуна жана  балдарынын болушуна карабастан жардам берүүдөн баш тартты.  ИБКЖ – метадон программасынын катышуучулары наркология борбору тарабынан берилген каттам баракчаларынын болушуна карабастан, Ош ш. блок-посттон өтө алышкан жок.   Көп учурда коом стигманы жана басынтууну туугандарына, анын ичинде  балдарына  да оштурушат. Балдар да стигмага жана басынтууга кабылышат: “Баңгичилердин баласы”, “Андан сак бол”, “Аны биздин балдардан обочолонткула”. Эгерде балынын атасы же энеси АИВ же КУ менен ооруса, көпчүлүк учурда башка балдардын ата-энелери саламаттыгына эч кандай тобокелдик алып келбеген учурда да бул бала менен ойногонго уруксат беришпейт. 

ПРООН / ГФ программасы тарабынан АИВди ыкчам аныктоочу экспресс-тест. Сүрөт: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

Ички стигма жана дарыланууну каалабоо   

Өз учурундагы аныктоо жана дарылоонун жардамы менен кургак учукту дарылоого болот жана АИВ менен нормалдуу жашоо – бул чындук.   Бирок бул ооруларды дароо аныктабаса же туура эмес дарыланса, алар кыйла коркунучтуу боло башташат, албетте стигманын жогорку деңгээли үчүн мындай учурлар болуп турат. 

Ошондой эле ички стигма да бар – бул стигма адам өзү тиешелүү болгон топко карата болот, демек ал адамдын өзүнө карата болгон мамилени өзгөртөт.  АЖА (АИВ менен жашаган адамдар), баңгизаттарды колдонуучу жактар (ИБКЖ) жана калктын негиздүү топторунун башка өкүлдөрү өз кадыр-баркынын төмөндөөсүнөн, өзүнө өзү ишенбөө жана жалгызсыздыктан жапа чегишет; алар өздөрүнүн алсыздыгын сезишет жана колдоо кызматтарынан алыс болгону тууралуу кайгырышат.     

Мисалы, жардам гана эмес, ошондой эле жардам алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу өз убагындагы жана адекваттуу маалымат алышпайт. Тобокелдүү жүрүм-турумду  төмөндөтүү тууралуу маалымат алышпайт.   

Адам дарыланууга татыктуу эмесмин деп ойлоп, бардыгына кол шилтеп коюушу мүмкүн. Өмүрүн сактап калган жана үй-бүлөсүнө кайтарган дарылоодон баш тарткан адамдар да болот.  Адам каалаган оору менен ооруган учурда биринчи кезекте колдоого муктаж. Ал өзүнүн керектигин, башкалар үчүн маанилүү экендигин сезүүгө тийиш. Ошондо адам жашоого кызыгы пайда болуп, бутуна турууга, оору менен күрөшүүгө жана татаалдыгына карабастан дарыланууга каалоосу пайда болот. Бирок стигма, тескерисинче, адамды оорусу жана жаман ойлору менен жалгыз калтырат.  

COVID-19 эпидемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал учурунда, калктын негизги топторунун (КНТ) өкүлдөрүнө карата үй зомбулугунун учурлары көбөйдү. Бул тууралуу биздин бенефициарлардын укуктарын коргоо боюнча иштеген коомдук коргоочулар баяндап беришти.   Коомдук коргоочулар же көчө юристтери укук бузуу учурларын документтешет, чакан юридикалык консультацияларды өткөрүшөт жана адвокаттар менен бирге аярлуу топтордун өкүлдөрүнүн укуктарын коргошот.  КНТга карата үй зомбулугу стигманын жана басынтуунун натыйжасында пайда болот жана адам укуктарын бузуунун айкын мисалы болуп саналат. Үй зомбулугунун учурлары да жек көрүүнүн натыйжасындагы кылмыштар катары каралышы мүмкүн, алар коомдук коргоочулар тарабынан документтелет.  Зомбулуктан жапа чеккендер юридикалык колдоо алышат. Зомбулуктун каалаган түрүнө, анын ичинде үй зомбулугуна кабылган калктын негизги топторунун аялдары “Астерия” Коомдук фондунан (Бишкек ш.) жана Ош ш. “Подруга” Коомдук фондунан убактылуу жай, психологиялык жана юридикалык жардам ала алышат.     

Стигманы кантип токтотсо болот?

Стигма, коркуунун жана кооптонуунун пайда болушуна алып келген билимдин жоктугунан улам өөрчүйт, бул өз кезегинде “мифтерди” пайда кылат. Мисалы, адам АИВ жуктуруп алуудан коркот, анткени ал жугуу жолдорун билбейт, ал физикалык жана психологиялык аралыкты сактоого аракет кылат.   

Стигманы жана басынтууну жок кылуу үчүн төмөнкүлөр зарыл: 

  • АИВ, КУ, баңгизаттарын колдонууга ж.б байланыштуу стигма жана басынтуу жөнүндө калктын маалыматын жогорулатуу.
  • Коомчулуктардын өкүлдөрүн тартуу менен стигманы/басынтууну төмөндөтүү боюнча темаларга семинарларды уюштуруу.
  • Адам укуктарын коргоочу мыйзамдарды кабыл алууга көмөктөшүү. 
  • Кызыкдар адамдарга маалымат издөөгө жана басынтуу учурлары тууралуу билдирүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн “тынымсыз байланыш” акысыз телефон кызматттарына колдоо көрсөтүү.
  • Өз укуктарын коргоо үчүн акысыз юридикалык кызматтарга коомчулуктардын жетүүсүн камсыздоо.
  • Бейтаптардын позитивдүү окуялары менен бөлүшүү жана бейтаптарга колдоо көрсөтүү менен үлгү болуу.    

COVID-19 пайда болуусу айрым этникалык топтордун өкүлдөрүнө, ошондой эле короновирустук инфекциясын алып жүрүүчүлөр менен байланышта болгон деп шектелген адамдарга карата, мед.кызматкерлерин кошуп стигмалык жана басынтуу жүрүм-турумун күчөтүүдө. Кошуналары үйүнө киргизбей койгон врачтардын окуяларын көп жолу укканбыз. 

Эгерде COVID-19 оорусу дарыланса, анда бул вируска карата стигманын пайда болушу, балким, кыска мөөнөттү көрүнүш.  Өмүр бою АИВ вирусу менен жашаган адамдардын сезимдерин элестетип көрүү оңой.  Мындай адамдардын оор абалын түшүнүү үчүн өзүнө болгон стигманын каалаган түрүн сезген адамдын ордуна өзүбүздү коюп, элестетип  көрүшүбүз керек.  Мүмкүн бул дагы адамдардын башкаларга болгон мамилесин башкача түшүнүүгө, ар бирибиз ар башка, бирок бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ болгон фактын түшүнүү менен кабыл алууга жардам берет. Эсиңизде болсун – каалаган адам АИВ, кургак учук, COVID-19 ж.б. оорулар менен ооруп калышы мүмкүн.  Сиздин колдоо жана түшүнүү көп өмүрлөрдү сактап, алардын сапатын жакшырта алат.  Ар бирибиз өз эркибиз менен же билбей кимдир бирөөгө карата жаман ойдо болушубуз мүмкүн. Ошондуктан, келгиле чогуу стигманы токтотуп, биринчи кезекте өзүбүздөн баштайлы!