COVID-19 учурунда биздин бенефициарлар тууралуу тынчсыздануумдун себеби

2020-ж., 12-May

Динара Дүйшөнова, БУУӨП/ГФ долбоорунун адиси: "Глобалдык пандемия жана өз ара обочолонуу күндөрүндө биз кесиптештер менен бенефициалар тууралуу чын дилден тынчсызданып жатабыз". Сүрөт: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

Дүйшөнова Динара, БУУӨП/Глобалдык Фонд долбоорунун Программалык адиси

COVID-19 пандемиясы баарыбызды жашоо образыбызды өзгөртүүгө мажбур кылды. Үйдөн иштөө, үй-бүлөлөрүбүзгө баруудан жана досторубуз менен жолугушуудан баш тартуу, көчөдө жүрүүгө тыюу салуу, башка адамдар жана жакындарыбыздын ортосунда аралыкты сактоо ... Бул өзгөрүүлөр бардыгыбыз үчүн кыйын, бирок айрым адамдар үчүн алар алда канча кыйын.     

КИЖС, кургак учук жана малярияга каршы күрөшүү үчүн Глобалдык фонддун долбоорунун алкагында биз адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусун (АИВ) жана кургак учукту (КУ) алдын алуу жана дарылоо программаларын ишке ашырабыз. Ушул глобалдык пандемия жана өз алдынча обочолонуу учурунда биз кесиптештерибиз менен биздин бейтаптар тууралуу чын жүрөктөн тынчсызданабыз. Мунун себептери:

Биздин бейтаптар кыйла аярлуу  

COVID-19 иммундук системасы начар адамдар үчүн коркунуч туудурат, албетте бул АИВ (адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу) жана КУ (кургак учук) менен жашаган адамдарга да тиешелүү. АИВ вирусу иммун системасына кол салат, бирок дарылоо АИВ вирусунун таасирин төмөндөтүүгө жана бейтаптын саламаттыгын жакшыртууга мүмкүндүк берет.  COVID-19 антиретровирустук терапиясын (АРТ) баштай элек жана иммунитети начар   жана АРТ алып жаткан, бирок иммунитети калыбына келе элек бейтаптар үчүн коркунучтуу. Кургак учук илдетине кабылган учурда биринчи кезекте адамдын өпкөсү жабырланат. COVID-19 оорусунда да өпкө абдан аярлуу болуп саналат. Ошондуктан АИВ менен жашаган адамдар (АЖА)  жана КУ менен ооруган адамдар бул пандемиядан коргоого алынууга тийиш.

Дагы бир нерсе... Биздин программалардын көпчүлүк кардарлары жаңы ооруга да, ошондой эле социалдык жана финансылык жактан  аярлуу катмарга да киришет.  Арасында документтери жоктор да көп, бул алардын өзгөчө абал учурунда көчөгө чыгуусуна таасир тийгизүүдө. Айрым кардарлардын турак жайлары жок; айрымдар стигманын кесепетинен же башка турмуштук кырдаалдардан улам үй-бүлөсү менен мамилесин жоготушкан. Биздин көпчүлүк кардарлар күнүмдүк, расмий эмес жумушта иштеп күн көрүшөт, бул кырдаалда алар жашоого каражатсыз калышты. Мындай жагдай алардын абалына жана саламаттыгына терс таасир тийгизип, дарылоонун натыйжасыздыгына, дарылоону же алдын алуу программаларына катышуусун токтотууга алып келиши мүмкүн.

Дарылоону алуу кыйындап баратат     

Биздин колдоо менен АИВ жана КУ боюнча программаларды ишке ашыруунун алкагында иштеген биздин өнөктөштөр, мамлекеттик уюмдар да, бейөкмөт уюмдар да бейтаптар АИВ же КУ дарылоосун же метадон терапиясы сыяктуу алдын алуу дарылоосун коопсуз жана үзгүлтүксүз алуусу үчүн дарылоонун ыкмаларын кайра карап чыгуу боюнча күч аракеттерин жумшап жатышат.  Бул, мисалы, АИВ жана КУ дарылоо үчүн дарыларды, метадонду кыйла узак убакытка берүүнү камтыйт. 

Инга Бабичева, БУУӨП/ ГФ долбоорунун координатору жана Бермет Убайдиллаева, БУУӨПтүн гендер адиси. Сүрөт: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

Бирок бардык кардарларыбыз үчүн универсалдуу чечим табылган жок. АИВ же КУ менен ооруган адамдардын көбүндө коштоочу оорулары болот, алар да консультациялоону, хирургиялык кийлигишүүнү же дарылоону талап кылышат. Бирок азыр, көңүлдүн баары COVID-19га бурулуп, көчөгө чыгууга чектөөлөр киргизилгенден бери,   көпчүлүк бейтаптар кошумча ооруларга тиешелүү дарылоо ала албай жатышат. БУУӨП/ГФ долбоору бул кырдаалды кантип чечүүнүн үстүндө ойлонуп жатат жана кошумча дарылоого муктаж бейтаптар дарылоого жетүүсүнө ишенүүдө.

АИВди алдын алуу программасынын негизги багыттарынын бири инъекция баңгизаттарды колдонгон адамдар үчүн метадон берүү болуп саналат.  Бул дары каражаты болуп саналган уруксат берилген баңгизат Республикалык Наркология Борборунун жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун (ҮДБ) базасында акысыз  инъекция баңгизаттардан арылууну каалаган  ИБКЖ үчүн берилет. Бул дары АИВ жуктуруудан гана сактабастан, ошондой эле адамдарды нормалдуу жашоого кайтарууга жардам  берет. Метадон бейтаптардын аң-сезимин козгобостон, абстиненция симптомдорун төмөндөтөт, аларга иштөөгө жана унаа айдоого мүмкүндүк берет. Ал акысыз берилет, ошондуктан баңгизаттарды сатып алууга чоң суммаларды издөөнүн кажети жок.      

Негизинен, метадон көптөгөн адамдарды сактайт. Бирок пандемия жана өзгөчө кырдаал күндөрдө өлкөдө көпчүлүк бейтаптар киргизилген чектөөлөр үчүн өздөрүнүн суткалык дозасын алуу кыйын болду, бул бардык программа үчүн коркунуч жаратууда.  Көпчүлүк кардарлар шаардын четинде жашашат, бирок транспорттун жоктугунан улам аларда сайтка жетүү мүмкүнчүлүктөрү жок; эгерде алар бейтапканага жетүү үчүн жөө барууга даяр болушса да, аларды блокпосттон киргизбей коюушу мүмкүн.

  

Азыр кызмат көрсөтүү кыйла татаал 

Азыркы учурда биздин мамлекеттик жана бейөкмөт секторлордогу өнөктөштөр үчүн кардарларга кызмат көрсөтүү кыйла татаал болуп жатат. Негизинен биздин өнөктөштөр АИВге байланыштуу алдын алуу, эрте диагностикалоо, дарылоо жана колдоо көрсөтүү программасын ишке ашыруунун алкагында биздин колдоо менен калктын негизги топтору жана АИВ менен жашаган адамдар менен иштешет. Бирок COVID-19 байланыштуу кырдаал биздин жумушту кыйла татаалдантты.    

Биздин долбоордун алкагында иштеген бейөкмөт уюмдарынын жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын көпчүлүк кызматкерлерине, аралыктан иштөөгө карабастан, зарыл болгон учурда жумушка жетүү кыйын. Биздин Долбоордун алкагында мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдарында иштеген кызматкерлер көпчүлүк учурларда бул уюмдардын кызматкерлери болуп саналышпайт, ошондуктан транспорт менен камыздалышкан эмес. Демек алар, өз жумушунун камтуусун жана натыйжалуулугун төмөндөтүп, өз жумушуна жана кардарлар менен жолугуу үчүн жөө барууга мажбур.    

АИВдин алдын алуу боюнча биздин өнөктөштөрдүн иши да азыр чектелди. Негизинен алар төмөнкү схема боюнча иштеп келишкен: аутрич-жумушчулар кардарлар менен күнүгө жолугуп, АИВди алдын алуу боюнча кеңеш берип, зарыл болгон медицина буюмдары менен камсыздап турушкан. Бирок өзгөчө кырдаал убагында аутрич-жумушчулар кардарлар менен бат-бат жолуга албай калышты, бул өз кезегинде коопсуз медицина буюмдары менен камсыздоого коркунуч жаратууда, анткени корголбогон жыныстык катнаш же чогуу бир шприцти пайдалануу сыяктуу коопту практикаларды колдонууга алып келиши мүмкүн.  Натыйжада бул АИВ, гепатит жана башка ооруларды жуктуруу тобокелдигине алып келиши мүмкүн.     

АИВге тестирлөө Глобалдык Фонд долбоорунун приоритети болуп саналат, бул АИВди адамдан өз убагында аныктоого жардам берет. Учурда бейөкмөт уюмдар да кардар менен түз байланышты болтурбоо максатында АИВди экспресс диагностикалоо боюнча ишин токтотту. Бүгүнкү күндө КИЖС Борборлорунда же Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда АИВ диагностикасын өтсө болот.  Көпчүлүк кардарлар көчөгө чыгуу боюнча киргизилген чектөөлөргө байланыштуу бул мекемелерге жете алышпайт же өзүнө карата стигманын же кемсинтүүнүн кесепетинен аталган мекемелерге баргылары келбейт.  Алар ошол жерден кошуналарын же туугандарын жолуктуруудан коркушат, врач алардын статусу тууралуу айтып коюусунан же медициналык кызматкерлер алардын жашоо турмушу үчүн аыптоосунан коркушат . . . Мындан тышкары жыйынтыкты күтүү бир нече күндү талап кылат, бул кардар  үчүн абдан  күчтүү стресс болуп саналат, ошол эле учурда экспресс тесттин жыйынтыгы 20 мүнөттүн ичинде билинет.      

Биздин өнөктөштөр камактагыларды тестирлөө, метадон менен терапиялоо, ийне менен алмашуу программаларын, АИВ жана КУ менен ооругандарды кароо, дарылоо жана колдоо көрсөтүү боюнча иш-чараларды ишке ашырышат.  Бирок  COVID-19 пандемиясынын шартында бул иштерди да аткаруу кыйын болуп калды.   

БУУӨП/ Глобалдык фонддун долбоорунун кызматкерлери АИВ/ КУ дарылоо жана алдын-алуу боюнча иштеген өнөктөштөр менен. Сүрөт: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

Келечек тууралуу ойлор

Бардыгы эле ак-кара эмес. Жаңы пандемия АИВ жана кургак учукту дарылоо жана алдын алуу программалары үчүн инновациялык жана альтернативдүү чечимдерди издөө үчүн бизге мүмкүнчүлүк берди.  Биз өнөктөштөрүбүз менен 30 күнгө алдыга медицина буюмдары менен камсыздоо боюнча алдын алуу программаларын талкууладык. Аутрич-жумушчулар заманбап онлайн платформаларын колдонуп, кардарларга консультация жүргүзүп жатышат.  КИЖС Борбору жана КУ каршы күрөшүү жана алдын алуу борборлору биздин өнөктөш бейөкмөт уюмдары менен бирге кардарларды дарылоонун үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо үчүн бир нече ай алдыга АИВ жана кургак учукту дарылоо үчүн дарылар менен камсыздай алышты. Метадон программасынын кардарлары метадонду бир нече күнгө ала алышат, бул күнүгө сайтка келүү зарылдыгын жокко чыгарат жана үйдө болууга көмөктөшөт. Метадон программасынын кардарлары жана КУ дарылоосун алган бейтаптар зарыл болгон дарыларды видео-каналдарды колдонуу менен медицина кызматкерлеринин көзөмөлү астында алышууда.   

Ошондой эле биз ушул прецедентсиз кырдаалда калктын чоң тилектештигин, аярлуу топторго жардам берүүгө даярдыгын көрүп жатабыз. КИЖС Борборлору, Кургак учукка каршы күрөшүү жана алдын алуу борборлору жана бейөкмөт уюмдар АИВ менен жашаган жана кургак учук менен ооруган адамдар үчүн гуманитардык жардам берүүнү уюштуруп жатышат.  Республикалык Наркология Борбору да метадон программасынын жана АИВдин алдын алуу программасынын кызматтарын көрсөтүүнүн жаңы ыкмаларын активдүү сунуштап жатат.  

Биз учурдагы кырдаалдан тажрыйба алышыбыз керек, күнүгө ылайыкташып, келечектеги аракетерибизди пландоодо болгон тоскоолдуктарды эске алуу зарыл. Биз кардарлар үчүн натыйжалуу жана тез аткарылуучу туруктуу чечимдерди табуу үчүн жетишээрлик ийкемдүү болоорубузга, АИВ жана КУ оорулары же алардан каза табуу учурлары көбөйүп кетпешине, АИВ жана кургак учукту дарылоодо жана алдын алууда тыныгуулар болбоосуна  ишенем. 

Эч нерсе түбөлүктүү эмес, биз бул татаал кырдаалды сыймыктануу жана жоготуусуз жеңип чыгаарыбызга ишенем. Бул кырдаал биздин тажрыйбаны байытат, бизди приоритеттерибиз, мүмкүн болгон инновациялык чечимдерибиз тууралуу тереңирээк ойлонтууга мажбурлайт. Учурдагы кыйынчылыктар биздин долбоорлор үчүн жаңы перспективаларды ачууда. Чогуу биз жеңип чыгабыз деп ишенем!