Шайлоолорго чейин үч жума: шайлоолорго даярдануу күндөлүгү

2020-ж., 19-September

Жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү үчүн Ош ш., шайлоо кампанияларын каржылоого мониторинг жүргүзүү жөнүндөгү тренинги/«Жарандык платформа» КФ фотосүрөтү

Шайлоолорго жакын калганда даярдык тезирээк жүрө баштайт жана өлкө шайлоо алдындагы маанайда тургандай сезим пайда болот. Партиялар үгүттөөнү улантышат, өлкөдө партиялар мыкты келечекти убада кылган жарнамалык такталар толуп кеткен.

Бул кампаниянын Кыргызстандагы жаңылыгы талапкерлердин ортосундагы ар кандай форматтардагы дебаттар болуп калды. Бул жумада бардык саясий партиялардын жаш талапкерлери өздөрүнүн саясий артыкчылыктарын жана баалуулуктарын көрсөтүү менен ар кандай маселелерди талкуулашты.

Кийинки жума аялзатынын шайлоолорго катышуусун кеңейтүүгө түрткү берүүчү айымдардын дебаттары менен белгилүү болот, андан соң шайлоо жумасына пландалган партиялардын лидерлеринин дебаттары өтмөкчү. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоолор үчүн  бюллетендерди басып чыгара баштады.

Борбордук шайлоо комиссиясы маалыматтык кампания жана шайлоочуларды мобилдештирүү боюнча кампания өткөрүүнү улантууда. Биринчи жолу добуш бере турган жаштарга өзгөчө көңүл бурулат, алар үчүн бул шайлоо алардын өлкөнү башкарууга катышуусундагы келечектеги адаттарында чечүүчү роль ойной турган жаңы тажрыйба болмокчу. БШК Германия, Япония жана Швейцариянын өкмөттөрү тарабынан колдоого алынып жаткан Кыргызстандагы шайлоолорду колдоо программасынын алкагындагы БУУӨПтүн көмөгү астында жаштардын шайлоолорго катышуусуна арналган социалдык роликти орус  жана кыргыз  тилдеринде чыгарды.

Жаштардын шайлоолорго катышуусу жөнүндөгү социалдык ролик /фотосүрөт – скриншот



БШК БУУӨП, МЭУ жана Швейцария өкмөтүнүн колдоосу астында чет өлкөдө жашап жаткан Кыргызстандын жарандарынын арасында БШКнын төрагасынын диаспоранын лидерлери менен жума сайын жолугушуулары, чет өлкөдө шайлоочу катары кантип катталуу керектиги жана чет өлкөдө кандайча добуш берүү керектиги тууралуу инфографиканы жайылтуу аркылуу маалыматтык кампанияны улантып жатат. Мындан тышкары ушул жумада мигранттарга шайлоо участогун табууга жардам берүүчү чет өлкөдөгү шайлоо участокторунун интерактивдүү картасы ишке киргизилди. БУУӨП жана Германия өкмөтүнүн колдоосу астында БШК, Тышкы иштер министрлиги жана Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүнөн турган шайлоочуларды каттоо мобилдик топторун жайылтуудагы Россия жана Казакстанга чек аранын жабык болушу жана Кыргызстан менен үзгүлтүксүз каттамдардын жоктугунан улам болгон бардык кыйынчылыктарга,  ушул өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен мобилдик топторду жайылтуу үчүн татаал сүйлөшүүлөр талап кылынгандыгына карабастан, алар баары бир  Россия жана Казакстанда биометриялык маалыматтарды топтоо, жарандарды чет өлкөдөгү шайлоочулардын тизмесине кошуу жана чет өлкөдөгү добуш берүү процедурасын түшүндүрүү үчүн өз ишин башташты.

Албетте, көп сандаган мигранттар Кыргызстандын өтө көп сандагы жарандары жашап жаткан Москвадагы жолугушууда болушту. Жалпысынан шайлоочуларды каттоо мобилдик топтору 5 өлкөнү жана 31 шаарды камтыды, шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын саны жөнүндөгү маалыматтар кийинки жумада шайлоочулардын тизмесиндеги түзөтүүлөр өтүнмөсү үчүн мөөнөт аяктагандан жана бардык өтүнмөлөр иштелип бүткөндөн кийин жеткиликтүү болот.

Шайлоочуларды каттоо боюнча мобилдик топ Россиядагы жарандардын биометриялык маалыматтарын топтоп жатышат /БШКнын фотосүрөт



БШК БУУӨП жана Германия өкмөтүнүн колдоосу астында добуштарды сатып алуу менен күрөштү улантып жатат. Ушул жумада социалдык тармактарда бүткүл өлкө боюнча жаштарга өз добуштарын сатпоого кайрылуу жасоо менен, бир мүнөттүк видео тартып жана аны «Instagram, Facebook жана Twitter тармактарына # добуштусатпа жана # непродавайголос хештеги  менен башка жаштарга добуштарын сатпоого кайрылуу үчүн жайгаштыруу сунушу менен «Добушуңду сатпа» аттуу жаңы чакырык чыгарылды. Кампания 2-октябрга чейин уланат жана 3-октябрда саат 8:00дө баштала турган жымжырттык мезгилине аз калганда аяктайт. Социалдык тармактардын колдонуучуларынын эң эле көп добушун алган үч жеңүүчү планшеттер менен сыйланат.

Кыргызстандын жаштарына социалдык тармактардагы «Добушуңду сатпа» онлайн-чакырыгы /фотосүрөт - скриншот


Ушул жумада аялдардын шайлоолорго катышуусу жөнүндөгү талкууну Грузиядагы Эл аралык шайлоо системалары фондунун директору Кети Майсурадзе улантты, ал Тамар ханышасынан тарта учурдагы Грузиянын президентине чейинки Грузиядагы аялдардын лидерлик тажрыйбасы менен бөлүштү. Кети Грузияда гендердик маселелерди талкуулоо талкууну баштапкы баскычында колдоого алган эл аралык уюмдардын колдоосу астында башталгандыгын түшүндүрдү. Ал шайлоо системалары аялдарга парламентке өтүүгө мүмкүнчүлүк бере турган гендердик квоталарды киргизүүдөн ута тургандыгын белгиледи. Кети ошондой эле башка аялдар үчүн добуш берүүнү каалабаган аялдардын өкүнүчтүү тажрыйбасына көңүл бурду, ал аны өзгөртүү керек деп эсептейт.

Кети Майсурадзе менен аялдардын саясатка катышуусун жогорулатуу жөнүндөгү онлайн-талкуу /фотосүрөт - скриншот



Шайлоолорго байкоо жүргүзүү шайлоолордун айкындуулугуна жана шайлоо процессинин ак пейилдигине түрткү берүү, бийликтин шайланган органдарынын легитимдүүлүгүн камсыздоо менен  шайлоо процессинде чечүүчү роль ойнойт. Эл аралык жана жарандык байкоочулар бардык шайлоочулардын кызыкчылыгы үчүн шайлоо процессине көз карандысыз жана калыс байкоо жүргүзүп жана ага сын көз менен карап талдашууда. Ушул жылы шайлоо процессине эл аралык байкоо жүргүзүү эки эл аралык байкоо жүргүзүү миссиялары менен ишке ашырылып жатат – анын бири ЕККУ ДИАУБ жана бири Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинен, ошондой эле жарандык коомдун бир катар уюмдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан жарандык байкоо. 23-сентябрда БШК БУУӨП колдоосу астында шайлоолорго даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалымат берүү жана шайлоо процедураларын түшүндүрүү менен эл аралык жана жарандык байкоочулар үчүн брифинг өткөрдү. Шайлоочунун биометриялык идентификациясын, “Бир шайлоочу – бир добуш” принцибин бекемдөөчү жана добуштарды эсептөөнүн тактыгын жана добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын тез арада жарыялоону камсыз кылуучу добуш берүү үчүн автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды киргизүү аркылуу камсыздалган шайлоо процессинин тактыгына өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле бул жума ЕККУ ДИАУБдун шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча Чектелген миссиясынын англис, орус жана  кыргыз тилдеринде жеткиликтүү болгон, ушул таптагы шайлоо процессине толук баяндамадан турган мезгил аралык отчетун жарыялоо менен белгилүү болду.

Эл аралык жана коомдук байкоочулар үчүн БШКнын брифинги /фотосүрөт БШК

БШКнын БУУӨПтүн колдоосу астында жарандык коомдун жана ЖМКнын өкүлдөрүн кампанияларды каржылоонун айкындуулук маселелери боюнча, жарандык коомдун уюмдарын шайлоо талаштарын чечүү боюнча, ошондой эле шайлоочуларды идентификациялоо үчүн биометриялык жабдуулардын операторлорун шайлоочуларды идентификациялоо жана жабдууларды пайдалануу боюнча окутууну улантып жатат.