Covid-19 учурунда биз кургак учукту дарылоого мамилени кантип алмаштырдык

2020-ж., 15-June

Кургак учукка чалдыккан бейтап видео байкоонун жардамы менен дарыланып жатат. Сүрөт: Кайрат Мурзакимов / USAID

Юлия Алешкина БУУӨП/Глобалдык Фонддун долбоорунда Мониторингдөө жана Баалоо (МжБ) боюнча адис болуп иштейт. Бул блогунда ал COVID-19 пандемиясы  БУУӨП командасынын мониторингге карата мамилелерин жана методдорун кантип өзгөрткөнү, максаттуу топтордун кайсы муктаждыктары жана керектөөлөрү биринчи орунга чыкканы жана бул чечимдерди кабыл алууга жана жалпы Долбоорду башкарууга кандай таасир тийгизип жатканы тууралуу баяндап берди.    

Мониторингдөө жана баалоо (МжБ) каалаган долбоорду же программаны ишке ашырууда маанилүү кошумчасы болуп саналат, көйгөйлөрдү тез аныктоого жана аларды чечүү үчүн кадамдарды  өз убагында жасоого мүмкүндүк берет.  Бирок каалаган долбоордук компоненттин, анын ичинде МжБнын  башында, биз жумушубузду арнаган адамдар – биздин бенефициарлар турууга тийиш. Коомдун эң аярлуу катмарлары биздин максаттуу топ болуп саналышат: узак же өмүр бою дарылоону талап кылган олуттуу оорусу бар адамдар (АИВ жана кургак учук), опиоиддик көз карандуулугу бар адамдар жана калктын эң стигмалашкан тобу – секс-жумушчулар жана ЛГБТ-коому.  Ошондуктан биздин долбоордун мониторингдөө жана баалоосунун эң маанилүү төмөнкү маселелери чынында эле биз жасап жаткан нерсе, биздин бенефициарлар муктаж болгон нерсеге ылайык келеби, биздин аракеттер адамдардын жашоосуна негиздүү таасир тийгизеби жана бул жалпысынан коомдо көрүнүктүү жыйынтыктарга алып келеби деген суроолор болуп саналат. 

Алдын ала көрүү  – демек башкаруу

Февралдын аягында короновирус дүйнө жүзүн каптап жатканы жана Кыргызстанда анын пайда болушу бул убакыт маселеси экени анык болгондо, биздин команда өз ишинде жаңы мамилелерди издештире баштады. Жаңы жана белгисиз шарттарда Долбоорду натыйжалуу башкарууну кантип сактап калуу жана долбоордун алкагында көрсөтүлүп жаткан алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоо боюнча бардык сервистерге биздин максаттуу топтордун үзгүлтүксүз жетүүсүн кантип камсыздоо керектиги тууралуу ойлонуу зарыл эле.   

Биринчиден, биз Өзгөчө кырдаал (ӨК) жана Өзгөчө абал (ӨА) киргизилгенге чейин ГФдун грантынын алкагында иштеген уюмдардын дээрлик бардыгына барууга аракет кылдык. Өзгөчө абал киргизилгенден тартып, биз үзгүлтүксүз мониторингди жүзөгө ашырууга жаңы мамилелерди жайылта баштадык: суб алуучу-уюмдардын кызматкерлерин жана кардарларын он-лайн сурамжылоо, он-лайн мониторингдөө, What’s App жана ZOOM аркылуу туруктуу жолугушуулар. Биздин негизги уюмдар менен биз 24 саат жумасына 7 күн “байланышта” болобуз.  Мунун бардыгы алсыздыктарды аныктоого жана мүмкүн болушунча чара көрүүгө жардам берет. 

Медициналык адис кургак учук менен ооругандарды байкоо үчүн онлайн шаймандарды колдонууда. Сүрөт: Кайрат Мурзакимов / USAID

Дарылоодо инновациянын маанилүүлүгү жөнүндө

2020-жылы мартта БУУӨПтүн сайтында КУ дарыланып жаткан бейтаптар үчүн контролго алынган дарыланууда болуу, медкызматкери менен байланышта болуу, маалыматтык жана психологиялык колдоо алуу маанилүү экенидиги тууралуу бир нече макала чыккан. Кадимки учурда КУнун дарыга туруктуу формасы менен ооруган бейтаптар дарылоодон чарчашат жана дары ичүүсү үзгүлтүккө учурайт, ал эми айрым учурларда дарылоону кандайдыр бир мөөнөткө же таптакыр токтотуп салышат. Дарыларды ичүүдөн чакан тыныгуу да, дарылоонун жыйынтыгы жагымсыз болуп калышына алып келиши мүмкүн, жана бейтапта буга чейин “иштеп жаткан” дарыларга туруктуулук пайда болот. Мындан тышкары Өзгөчө абалдын шарттарында, жаңы оорунун потенциалдуу корукунучу, обочолонуунун зарылдыгы, белгисиздик, жумуштун жана акчанын жоктугу сыяктуу стресстин жаңы факторлору пайда болгондо контролго алынган дарылоо менен камсыз кылуу маанилүү эле. Дарыларды жөн гана колго берип коюу жетишсиз, бейтап аларды күнүгө жана толугу менен ичүүсүнө ынануу маанилүү.   

Негизинен, 2020-жылы мартта Ош жана Чүй областтарында кургак учукту аныктоо жана дарылоо боюнча кызмат көрсөткөн саламаттыкты сактоо уюмдарында жүргүзүлгөн биздин мониторинг көрсөткөндөй, 2020-жылдын марттын башына карата контролго алынган дарылоонун альтернативалуу  методдору менен камтуу өтө төмөн болушун, ал эми “алгачкы дарылоодогу” врачтар менен медайымдар көп учурда видео-контролдук дарылоону (видео-КД) кантип өткөрүү керектигин билишкен эмес.   Видео-контролдук дарылоо кургак учукту дарылоону контролдоо үчүн жоопту медкызматкери (негизинен үй-бүлөлүк медайым тарабынан) тарабынан жүзөгө ашырылат, ушуну менен бирге дарылар бейтаптын колуна  1-2 жумалык мөөнөткө тапшырылат. Күн сайын бейтап видео аркылуу чалып, түз эфирде бардык дарыларды ичет. Интернет-байланышка туруктуу жетүү жок болгон учурларда, бейтап бир нече күндүн ичинде дары ичүүсүн видеого тартып, белгилүү бир мезгилдүүлүк менен видео-файлдарды жөнөтөт.  Бул медицина мекемесине баруунун санын азайтууга мүмкүндүк берет, бейтаптардын убактысын жана акчасын негиздүү үнөмдөйт жана кыймылдоодо кыйынчылыктары бар (“жаткан” бейтаптар, балдары бар ж.б.) бейтаптар үчүн альтернатива болуп саналат. 

2020-жылы февралда республиканын региондорунда дарылоодо болгон 1353 дарыга туруктуу кургак учук менен бейтаптын ичинен 123 бейтап видео-КД аркылуу дарылоону алып жатышкан (9%) жана 68 бейтап (5%) дарылоону коомдук жардамчыны тартуу аркылуу алып жатышкан.    

Өзгөчө абалды киргизүүнүн алдында, биз бардык дарылоосун карманган КУ бейтаптарды контролдук дарылоонун альтернативалуу методдоруна өткөрүү жана кургак учукка каршы дарыларды узак мөөнөткө берүү боюнча Улуттук фтизиатрия борбору менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк, жана ошол эле учурда кейс-менеджерлерге экинчи ирет  видео-КД боюнча окуу  өткөрүүнү тапшырдык. Марттын аягында видео-КДда КУ туруктуу формалары менен ооруган бейтаптардын саны 362 (26,8%) чейин, ал эми апрелдин аягына карата 386 (27,5%) адамды түздү.  Улуттук фтизиатрия борбору жаңы кырдаалга карата өз убагында чара көрдү, 2020-жылы 8-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлиги “Кыргыз Республикасында Өзгөчө абалдын жана Өзгөчө кырдаалдын шарттарында кургак учукка каршы жардам көрсөтүү тууралуу” № 225 буйругуна кол койду, мында бардык КУ менен ооруган бейтаптарды видео-КДга өткөрүү жана КУ менен ооруган бейтаптарга 14 күнгө дары каражаттарын берүү жөнүндө айтылган. 

Көзөмөлгө алынса, эң мыкты аткарылат

Эң мыкты буйруктун иштөөсү үчүн Өзгөчө абалдын учурунда КРнын саламаттыкты сактоо министрлигинде, Улуттук фтизиатрия борборунда  жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда жок болгон убакыт жана ресурстар талап кылынат. Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун жана Фельдшердик-акушердик пункттарынын көпчүлүгү, бейтаптар сыяктуу эле видео-контролдук дарылоого өтүүгө даяр болушкан эмес.  Ошондуктан, өлкөнү кургак учукка каршы дарылар менен камсыздаган долбоор катары КРнын саламаттыкты сактоо министрлигинин № 225 буйругу жер жерлерде кантип аткарылып жатканы жана дарылоо контролдоо астында калуусу үчүн эмне кыла алабыз деген ой бизди тынчсыздандырып жатты.     

2020-жылдын 10 – 15 –майда биз видео-контролдук дарылоонун сапатына мониторинг жүргүздүк.  Биздин кейс-менеджерлерибиз аркылуу  региондордо видео-КДну тандап текшерүү уюштурулган: кокус тандоо жолу менен видео-КД аркылуу дарыланып жаткан 386 дарыга туруктуу КУ менен ооруган бейтаптардын арасынан 39 бейтап тандалып алынып, алардан өткөн жумада дары ичкен бир видеосун жөнөтүүнү сурашты. Көрсөтүлгөн мөөнөттө биз 24 видео-файл гана алдык, болгондо да айрымдары биздин талаптан кийин гана жазалган болуп чыкты.  Айрым бейтаптар жана аларды контролдоочу медицина кызматкерлери үчүн бул биринчи тажрыйба, башкача айтканда видео-КД туруктуу өткөрүлбөй жатканы видеонун мазмуну боюнча түшүнүктүү болду.     

Бул жөнөкөй көнүгүү дароо бир нече тапшырманы чечүүгө мүмкүндүк берди. Биринчиден, бейтаптар да, медкызматкерлер да видео-КД контролдонушун билишет жана аны аткарууга кыйла жоопкерчиликтүү мамиле жасай башташат. Экинчиден, кургак учукка каршы дарыларды туура жана коопсуз ичүү менен байланышкан “техникалык” деталдар табылды. Мунун негизинде клиникалык координаторлор жана кейс-менеджерлер ар бир медициналык мекеме менен байланышып, түшүндүрмөлөрдү жана сунуштарды берет. Үчүнчүдөн, видео-КД тиешелүү түрдө жүзөгө ашырылышы үчүн кайсы минималдуу ресурстар өтө зарыл экенин аныктоого жардам берди.   Медициналык кызматкерлерде да, бейтаптарда да байланышка акчанын жоктугу эң курч көйгөй болуп саналат. Буга байланыштуу БУУӨП дароо чара көрдү: амбулатордук дарылоодо болгон бардык бейтаптар, туруктуу мотивациялоочу төлөмдөрдөн тышкары, 2020-жылы майда байланышка кошумча 500 сомдон алышты, ошондой эле “телефон бирдиктери” Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча Областтык Борборлордун (КККОБ) жоопту кызматкерлерине берилди.  Мындан тышкары биз № 225 буйрук такыр аткарылбаган райондорду аныктап чыктык, КККОБ аркылуу тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Мунун жардамы менен видео-КДга жетүү жакшырды. Ошентип, Ысык-Көл областында апрелде 5 гана бейтап видео-контролдук дарылоодо болсо, майда алардын саны 20га жетти.   

Бул аралыктан иштеп жатсак дагы биз кырдаалды контролго алып, бейтаптардын жакшылыгы үчүн өз убагында ишти оңдой алышыбыздын үлгүсү.   

Кургак учукту дарылоо үчүн таблеткалардын топтому. Сүрөт: Марион Биремон / TB Challenge долбоору

Covid-19 пандемиясынын терс таасирин азайтуу

Бүткүл дүйнө жана биздин өлкө үчүн ушундай оор шарттарда, биз өнөктөштөрүбүздүн жана максаттуу топторубуздун муктаждыктарын жана керектөөлөрүн өз убагында аныктоо жана тиешелүү түрдө аларга жооп кайтаруу үчүн жаңы мамилелерди издеп жатабыз.   

Эксперттердин божомолдору боюнча, COVID-19  пандемиясы кургак учукту диагностикалоо жана дарылоо кырдаалында бизди бир нече жыл артка кайтарат. “Кургак учукту токтоткула” (Stop TB Partnership) өнөктөштүгү жана Лондондун Империялык колледжи менен Джон Хопкинстин Университети тарабынан жасалган изилдөөгө ылайык, 2020-2025-жылдар мезгилинде COVID-19 менен байланышкан чектөөлөр үчүн 6,3 млн. адамда кургак учук өрчүйт.  Кургак учуктан 1,4 млн. адамдын өлүмү, бул жааттагы кырдаалды 5-8 жыл мурдагы көрсөткүчтөргө чейин начарлатат. Кыргызстанда короновирустун эпидемиясы башталгандан тарта ай сайын аныкталуучу дарыга туруктуу кургак учуктун учурлары эки эсе кыскарды. Демек ай сайын 50дөн 80ге чейин адам дарыга туруктуу кургак учуктан дарылоосун баштабай, өз коомунда инфекциянын булагы болуп кала берет.     

Өнөктөштөр менен бирге биз өлкөбүз үчүн пандемиянын терс таасирин азайтуу үчүн болгон күчүбүздү жумшап жатабыз.  Биз негизги өнөктөштөрүбүз – КР ССМ, КИЖС РБ, Республикалык Наркология Борборуна, Улуттук Фтизиатрия Борборуна, эл аралык долбоорлорго жана Коомдук Уюмдарга жана өз жумушун уланткан жана бейтаптарын дарылоосуз, кардарларын кызматсыз калтырбаган саламаттыкты сактоонун ар бир кызматкерине чексиз ыраазычылык билдиребиз. Биз бейтаптарыбызга жана кардарларыбызга айткыбыз келет: күрөшүүнү токтотпогула, ар бириңер маанилүүсүңөр!