Шайлоого чейинки алты жума: шайлоого даярдануу күндөлүгү

2020-ж., 28-August

Талас облусундагы шайлоо участогу, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү планшеттерден шайлоо жол-жоболору боюнча окутуп-үйрөтүүчү видеону көрүп жатышат

Жогорку Кеңешке шайлоо боюнча кызуу жүрүп жаткан процесс өзүнүн активдүү фазасына – үгүт иштеринин башталышына жакындап калды. Саясий партиялар съезддерин өткөрүп, талапкерлерди сунуштап, Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерлерин каттоо үчүн тийиштүү документтерди тапшырышты. Документтерди карап чыгуунун жыйынтыгында 16 саясий партиянын документтери кабыл алынып, 1 партияга документтери кайтарылып берилди. 4-сентябрга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы сунушталган талапкерлердин мыйзамдын талаптарына шайкештигин текшерип, мыйзамдын талаптарына жооп берген талапкерлерди каттоодон өткөрөт.   

ЖМК шайлоо процессинде өтө маанилүү ролду ойнойт, анткени шайлоочуларга эл аралык стандарттарга жана мыкты практикаларга шайкеш келген аң-сезимдүү тандоо жасоого мүмкүндүк берет. Шайлоочу саясий партияны ар тараптуу баалап, объективдүү маалыматтын негизинде өз тандоосун жасай алышы үчүн шайлоо кампанияларын каржылоо жөнүндө маалымат берүү маанилүү аспектилердин бири болуп саналат. Шайлоо кампанияларын каржылоо жөнүндө маалыматты ачыктоо коомчулук алдында отчет берип туруунун маанилүү механизми болуп саналат жана шайлоо процессинин адилеттүүлүгү үчүн негиз болуп кызмат кылат. Коомчулукка саясаттагы акчанын агымы жөнүндөгү ушундай маалымат жеткиликтүү болушу өкмөттүк чечимдерди кабыл алуу процессиндеги көзөмөл менен отчеттуулукту күчөтүүгө шарт түзөт. Шайлоолордо жана алардын тегерегинде канча акча каражаты айланып жаткандыгы, ресурстар кайдан алына тургандыгы жана кайда жумшалып жаткандыгы тууралуу маалыматтын жок болушу шайлоочулардын негиздүү тандоо жасоосун кыйындатат.

21-августта Борбордук шайлоо комиссиясы «Жарандык платформа» Коомдук Фонду менен кызматташтыкта жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Германия, Швейцария жана Япония өкмөттөрүнүн колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорунун алкагында медиа өкүлдөрү катышкан жана шайлоо процессинин ак ниеттүүлүгү жана шайлоо кампаниясынын ачык-айкындыгы маселелерине байланышкан коомдук диалог өткөрдү. Коомдук диалог учурунда ЖМКнын шайлоо процессиндеги жана шайлоо кампанияларынын каржыланышына мониторинг кылуудагы ролу, шайлоону чагылдыруудагы эл аралык стандарттар жана ЖМКнын шайлоо учурундагы жүрүм-турум кодекси, шайлоолор учурундагы типтүү мыйзам бузуулар, шайлоо кампанияларын каржылоо чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттар менен улуттук мыйзамдар талкууланды. 

ЖМК үчүн коомдук диалог

Кыргыз мигранттары өлкөнүн турмушунда маанилүү ролду ойношот, бирок, тилекке каршы, шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоону ишке киргизүү алардын көпчүлүгү добуш берүү укугунан пайдалана албай калуусуна алып келди, анткени алар өз биометрикалык маалыматтарын мамлекетке берүүдө ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Борбордук шайлоо комиссиясы чет жактарда жашаган кыргыз жарандары менен ишин улантууда. Мурдагыдай эле шаршемби күндөрү Боршайкомдун төрайымынын мигранттар менен жумалык онлайн жолугушуулары өткөрүлүп турат, Россия менен Казакстандагы мигранттар акысыз чалып, биометрикалык маалыматтарын берүү, консулдук каттоого туруу сыяктуу чет жактардагы шайлоочуларды тизмеге киргизүүнүн шарттарына байланышкан маселелер боюнча квалификациялуу жардам алса боло турган түз байланыш активдүү иштөөдө. 

Аялдар менен мигранттар үчүн түз байланыш

Мында Германиянын Өкмөтүнүн колдоосу менен БУУӨП тарабынан Эл аралык миграция боюнча уюм менен кызматташтыкта жүзөгө ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасындагы шайлоолорду колдоо программасынын» алкагында Борбордук шайлоо комиссиясы Тышкы иштер министрлиги жана Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте кыргыз мигранттары жашаган өлкөлөрдө биометрикалык каттоону өткөрүү жана консулдук каттоого тургузуу үчүн «Мобилдүү топторду» уюштурду. Мобилдүү топторду май айында эле жөнөтүү пландалган, бирок коронавируска байланышкан жагдайдан улам жана чек аралардын жабылышына, авиакаттамдардын токтотулушуна байланыштуу бул ишти кийинкиге жылдырууга туура келди. Эпидемиологиялык жагдайдын жакшырып, айрым авиакаттамдардын ачылганына байланыштуу, тактап айтканда, 22-августтан 28-августка чейин мобилдүү топ Түркияда, анын ичинде Бурсада, Измирде, Бодрумда, Анталияда, Анкарада жана Стамбулда иш алпарууда. Жакында Россия менен да авиакаттамдар ачылышы күтүлүүдө, демек, мобилдүү топтор Россиянын шаарларына да барып иштешмекчи. Мобилдүү топтор учурдагы шайлоо кампаниясынын маанилүү жетишкендиги болуп калды, анткени чет өлкөлөрдө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын өз шайлоо укугун жүзөгө ашыруу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти.  

Анталиядагы мобилдүү топ биометрикалык маалыматтарды чогултууда

Шайлоого чейинки алтынчы жумада Борбордук шайлоо комиссиясы жана БУУӨП тарабынан Германия Федеративдүү Республикасынын өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулган Жаштар лабораториясынын алкагында даярдалган медиа-продуктулардын конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды. Жаштар лабораториясын өткөрүү 18 жаштан 35 жашка чейинки жаштардын арасында шайлоочулардын добушун сатып алууга каршы аракеттенүү, шайлоого катышууга шыктандыруу жана добуш берүүнүн купуялуулугун коргоо жөнүндө идеялардын конкурсун жарыялоодон башталган. Кыргыз жаштарынын ичинен миллиондон ашуун Facebook жана Instagram колдонуучулары конкурс туралуу жарыяны көрүшкөн, 200дөн ашуун катышуучулар идеяларын жөнөтүшкөн, алардын ичинен 44 мыкты идея тандалып алынып,  алардын авторлору Жаштар лабораториясына катышууга чакырылган.

Жаштар лабораториясынын катшуучулары

Андан соң жаштар өз идеяларын мыкты иштеп чыгып, сапаттуу продукт даярдашына көмөк көрсөтүү максатында алар менен шайлоо жана дизайн-ой жүгүртүү боюнча эл аралык эксперттер, ошондой эле видеоматериалдарды даярдоо, иш-чараларды өткөрүү, социалдык түйүндөр менен иштөө боюнча менторлор иш алпарышты. Окутуу иштери аяктагандан кийин 30 катышуучуга өз долбоорлорун ишке ашыруу үчүн убакыт жана каражат бөлүнүп берилди. Алар даярдаган роликтер 10-августтан 24-августка чейинки аралыкта соцтүйүндөргө жайгаштырылып, аларды бир миллиондон ашуун шайлоочулар көргөн, 66 миң колдонуучулар роликтердин мазмунуна активдүү комментарий берип, эмоцияларын билдиришкен.  

27-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында көбүрөөк аудиторияны камтыган жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлдү. Андан тышкары, жаш шайлоочулар участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо үчүн жабдуулар, добуштарды автоматтык түрдө саноочу үкөктөр пайдаланылган ишин уюштуруу процесси менен таанышып, ал гана эмес добуштарды автоматтык түрдө саноочу үкөктөр аркылуу добуш берүү менен «Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө» арзыган роликти аныкташты. Жалпысынан беш жеңүүчү аныкталып, аларга баалуу белектер тапшырылды жана алар даярдаган роликтер мындан ары да социалдык түйүндөрдө жайылтыла турган болду. Конкурстун катышуучулары алар үчүн конкурска катышуу маанилүү окуя болгондугун, анткени жаштар чындап эле шайлоочулардын басымдуу бөлүгүн түзө тургандыгын жана өз келечегин тандоого олуттуу таасир эте ала тургандыгын түшүнүүгө жардам бергендигин белгилешти.

Жаштар лабораториясынын катышуучулары

Агрессивдүү ой-пикирлер шайлоо процессин кыйла татаалдантып коет, шайлоо процессине болгон ишенимди төмөндөтөт, коомдун бөлүнүп-жарылуусуна көмөктөшөт жана зомбулук менен туруксуздукка алып келген даттануулар болушу тобокелдигин күчөтөт.

Шайлоо процессине катышкан саясий партиялар атаандаштыкка берилип кетип, көп учурларда катуу айтып алган учурлар болот, бирок бул дайыма эле кастык мааниде айтылбайт. Ошондуктан укук коргоо органдары саясий күрөштүн бир бөлүгү болуп калбастан, кастык тилин башка айтылган ой-пикирлерден так айырмалай билиши абдан маанилүү. Борбордук шайлоо комиссиясы БУУӨП, БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Башкармалыгы (АУЖКБ), Кыргыз Аял судьялар ассоциациясы менен биргеликте Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн кастык тили боюнча иликтөөлөрдү жургүзүү маселелери боюнча тренингдик курс иштеп чыгышты. 26-августтан тартып мындай тренингдер Ички иштер министрлигинин, прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчун өткөрүлүүдө. Тренинг учурунда катышуучулар кастык тилин болтурбоо боюнча эл аралык стандарттар, ошондой эле бул маселени жөнгө салган улуттук мыйзамдар менен таанышып, эл аралык жана улуттук практикадагы практикалык кейстерди карап чыгышмакчы.

Александр Шлык менен онлайн жолугушуу

Андан тышкары, белгилүү саясатчылар жана эл аралык эксперттер менен аялдардын саясатка катышуусун жогорулатуу жөнүндө БУУӨП менен Швейцариянын Өкмөтүнүн колдоосу менен өткөрүлүп жаткан онлайн-дискуссиялар улантылууда. Буга чейинки жолугушуулардын алкагында Армениянын, Болгариянын, Германиянын, Евробиримдиктин, Латвиянын, Молдованын, Украинанын тажрыйбасы изилденген. Бул жумада ЕККУга мүчө болгон бардык 57 өлкөдө эл аралык байкоо жүргүзүүнү уюштурууга жооптуу болгон ЕККУ ДИАУБдун Шайлоо боюнча департаментинин башчысы Александр Шлык менен жолугушуу өткөрүлгөн. Александр ЕККУ ДИАУБдун аялдардын саясий турмушка катышуусуна байкоо жүргүзүү боюнча усулдугу жөнүндө айтып берип, бул чөйрөдө эл аралык эксперттерди кызыктырган негизги маселелерди белгиледи, региондо орун алып жаткан тенденцияларга көңүл бурду.  

Андан тышкары, белгилүү саясатчылар жана эл аралык эксперттер менен аялдардын саясатка катышуусун жогорулатуу жөнүндө БУУӨП менен Швейцариянын Өкмөтүнүн колдоосу менен өткөрүлүп жаткан онлайн-дискуссиялар улантылууда. Буга чейинки жолугушуулардын алкагында Армениянын, Болгариянын, Германиянын, Евробиримдиктин, Латвиянын, Молдованын, Украинанын тажрыйбасы изилденген. Бул жумада ЕККУга мүчө болгон бардык 57 өлкөдө эл аралык байкоо жүргүзүүнү уюштурууга жооптуу болгон ЕККУ ДИАУБдун Шайлоо боюнча департаментинин башчысы Александр Шлык менен жолугушуу өткөрүлгөн. Александр ЕККУ ДИАУБдун аялдардын саясий турмушка катышуусуна байкоо жүргүзүү боюнча усулдугу жөнүндө айтып берип, бул чөйрөдө эл аралык эксперттерди кызыктырган негизги маселелерди белгиледи, региондо орун алып жаткан тенденцияларга көңүл бурду.