Медицина кызматкерлери Covid-19 учурунда өз жумушун кантип аткарып жатышат

2020-ж., 14-July

Юлия Алешкина БУУӨП/Глобалдык фонд долбоорунда Мониторингдөө жана Баалоо (МжБ) боюнча адис болуп иштейт.  Бул блогунда ал медицина кызматкерлери Covid-19  учурунда өз жумушун кантип аткарып жатышканын жана биз мындан кандай сабак ала алабыз деген суроолорго жооп табуу үчүн 2020-жылы майда долбоор менен өткөрүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы менен бөлүшүп жатат.

Медицина кызматкерлери - короновируска каршы күрөшүүнүн алдында эмгектенген негизги жоокерлер. КИЖС, кургак учук жана малярияга каршы күрөшүү үчүн Глобалдык фонд тарабынан каржылануучу биздин долбоор, АИВ менен жашаган адамдарга (АЖА), инъекциялык баңгизаттарды колдонуучу адамдарга (ИБКА) жана кургак учук менен ооругандарга жардам көрсөткөн медицина уюмдарынын кызматкерлери менен иштешет.  

Биздин өлкөдө короновирус  пайда болуп, өзгөчө кырдаал киргизген  учурдан тартып, баардыгыбыз үйдө калган учурда, медицина кызматкерлерине кошумча чоң жүк кошулду: жаңы шарттарда чечүүгө зарыл болгон күнүмдүк тапшырмалардан тышкары, алар өздөрүнө таптакыр жаңы жана оңой эмес функцияларды алууга аргасыз болушту.

Пандемия учурунда долбоордун максаттуу топторуна кызмат көрсөтүүдө медицина кызматкерлери кандай көйгөйлөргө дуушар болгонун билүү үчүн БУУӨП АЖА, ИБКА жана кургак учук бейтартары менен иштеген медицина мекемелеринин арасында 10 – 15 – майда он-лайн сурамжылоо өткөрдү.  Сурамжылоо шилтемеси адистештирилген медицина мекемелерине жөнөтүлгөн (КИЖС Борборлоруна, Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча областтык борборлоруна, Республикалык Наркология Борборуна).  Биз мындай резонансты күткөн эмеспис: саламаттыкты сактоонун биринчи, экинчи жана үчүнчү звенодогу 753 кызматкер бул сурамжылоого катышты! Мындай жооп кайтарып берүүү медицина кызматкерлеринде айта турган  сөзү бар экенин жана аларды  угуусун каалашат.

Ар бир үчүнчү медицина кызматкери короновирус тууралуу билими бурмаланган. Суроолордун биринчи блогу медицина кызматкери COVID-19 тууралуу эмнелерди билишкени менен байланыштуу болгон.  Сурамжылоо өлкөдө COVID-19 биринчи учурлары катталгандан кийин 2 ай өткөндө жүргүзүлгөн, расмий маалыматтарга ылайык бардык медицина кызматкерлери окуудан өтүшкөн. Ушундай болсо дагы ар бир үчүнчү медицина кызматкери короновирус, COVID-19  жана анын алдын алуу тууралуу бурмаланган билимдерге ээ. Негизинен 39% короновирус  25 С жогорку температурада өлөт жана 54% денени спирт же хлорка менен сүртүү короновирусту жок кылат деп эсептешет – бул жалган маалымат (1-сүр.).

Ар бир үчүнчү суралган (32%) апрельдин аягында – майдын башында да   COVID-19 жөнүндө жана АМА, ИБКА, кургак учук бейтаптары менен пандемия учурунда кантип иштөө тууралуу билимдин жетишсиздигин белгилешти.

Медицина кызматкерлери маалыматтын негизги эксперттик булагы жана коомго билим таратуучулар болуп саналышат.  Мисалы, жогоруда айтылып кеткен, вирус 25 С жогорку  температурада тарабайт деген көз караштар врачтардын жеке коргонуу каражаттарын (ЖКК) колдонуу боюнча практикаларына гана эмес, ошондой эле жайкы мезгилде абанын температурасы 30 С ашканда базарларда, коомдук транспортто маска кийүү зарылчылыгы  тууралуу калкка берилген сунуштарга да таасирин тийгизиши мүмкүн. 

Ошондуктан биринчи күндөн жана мындан ары пандемия учурунда туруктуу негизде аларды туура маалымат менен зарыл.  Глобалдык фондго   COVID-19 жооп кайтаруу механизмин түзүү боюнча жаңы страналык билдирме берүү өзүнө ИБКА, АЖА жана кургак учук менен ооругандар менен иштеген бейөкмөт уюмдардын кызматкерлери жана медицина кызматкерлери үчүн тренингдердин сериясын камтыйт. Бирок бул билдирүү ишке киргизүү фазасына киргенге чейин медицина кызматкерлеринин билимдерин жогорулатуу жөнүндө маселе ачык бойдон калат.

85% алар иштеген медицина мекемелеринде коронавирустун алдын алуу чаралары натыйжалуу деп эсептешет. Коргонуу сезими, жумушчу ордунда жугузуу тобокелдиги аз деген көз караш, мотивацияга, өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарууга даярдыгына жана бейтапка карата жалпы мамилесине түздөн түз таасир тийгизет.

  • Жумушчу ордунда жугузуу тобокелдиги жөнүндө медицина кызматкерлеринин пикирлери бөлүндү: 41% аны жогорку (негизинен “алдынкы катарда” иштеген медицина кызматкерлери), 26% төмөн деп баалашты, калган респонденттер тобокелдикти “орто” катары баалашат.  Бирок суралгандардын 85% алар иштеген уюмдарда коронавирусту алдын алуу чаралары натыйжалуу деп эсептешет. Ошондой болсо дагы, бул маселени деталдуу караштырса, көрүлүп жаткан чаралар жетишсиз болгону көрүнүп турат:
    • ЖКК менен камсыз кылууну респонденттердин 66% белгилешти – демек сурамжылоо жүргүзүлүп жаткан учурда медицина кызматкерлеринин үчтөн бир бөлүгү ЖКК менен камсыздалышкан эмес.
    • COVID-19 симптомдорунда эксперсс-скрининг бардык уюмдарда колдонулган эмес, респонденттердин болгону 2/3 бул чараны белгилешти. Алгачкы скринингдин жоктугу жана бейтаптарды адистештирилген медицина мекемелеринде сорттоо кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн:
    • COVID-19 күчөшү Онкологиянын Улуттук Борборунда, Улуттук Госпиталда, аймактык бейтапканаларда жана төрөт үйлөрүндө/бөлүмдөрүндө белгиленген.
    • Суралгандардын 63% гана Жаңы шарттарда өз ишин кантип жүргүзүү боюнча буйруктарды жана нускамаларды алышканын белгилешти.
    • Бейтаптарды медицина мекемелерине баруусун кыскартуу стратегиясы негизинен ҮДБда жана КИЖМ РБда колдонулган.
    • Айрым учурларда COVID-19 симптомдору менен бейтаптарды тейлөөдөн баш тартуу стратегиясы колдонулганы тынчсыздандырат, мындай жоопту респонденттердин 13% берди.

Жоопторду талдоодо, медицина мекемелеринде, анын ичинде өз алдынча бөлүнүштөрдө  10-15-майга карата да кызматкерлер үчүн коопсуздук чараларын камсыз кылуунун бирдиктүү стратегиясы жок болгонуна көңүл бурулду. Аталган чаралардын бирөө да респонденттердин көпчүлүк саны менен белгиленген жок.

Көпчүлүк медицина кызматкерлери өздөрүнүн жеке жуктуруп алуу тобокелдигин өздөрүнүн түздөн түз функционалдык милдеттерин аткарууга эмес (2-сүр.), башка факторлорго байланыштырышат: коомдук жайларга баруу, кошумча жумуш жасоо.

Бир жагынан суралгандардын 34% гана негизги топтор жуктуруп алуунун булактары болушунан коркушканы жакшы жаңылык болуп саналат – бул АЖА/КУ бейтаптарына жана ПТМ кардарларына карата кошумча стигманын деңгээлин төмөндөтө алат. Бирок башка жагынан алып карасак, тобокелдикке жетиштүү баа бербөө кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн: врачтар COVID-19 белгилери жок болгон бейтаптардан жуктуруп алган же жуктуруп алгандар менен байланышта болбогонун декларациялаган учурлар бар.

Иштөө жүктөмү бир катар жогорулады.  Мындан тышкары биз, АИВ жана КУ бейтаптары, ошондой эле метадон терапия программасынын (МТП) кардарлары пандемия жана жүрүүнүн чектелген шарттарында дарылануусун токтотпоо үчүн саламаттыкты сактоо уюмдары эмне кылып жаткандарын билдик.

Сурамжылоонун жыйынтыктары көрсөткөндөй, COVID-19  биринчи учурларын аныктагандан бери медкызматкерлерине карата жүктөм бир нече ирет жогорулады Респонденттердин пикири боюнча, кургак учукту жана АИВди диагностикалоо жана дарылоо боюнча адистештирилген медицина мекемелерине кайрылуу төмөндөдү, бирок, негизги функционалдык милдеттери менен байланышкан жүктөм жогорулады. Суралган медицина кызматкерлердин 58% COVID-19 менен байланышкан иш-чараларга түздөн түз тартылышкан: короо кыдырышкан, дезинфекцияларга катышышкан, обсервациядагы бейтаптарга көзөмөл жүргүзүшкөн, байланыштарды аныкташкан.

Кардарларда программаларга/бейтаптардын медицина кызматтарына жетүүсүн сактап калуу үчүн төмөнкү чаралар (3-сүр.) көрүлдү: телефон аркылуу консультациялар жүргүзүлдү, бетаптардын үйүнө чыгуулар уюштурулуп жатты, ЖКК берилип жатты, видео-контролдоочу дарылоого өткөрүү жүзөгө ашырылды, дарыларды үйүнө жеткирүү же колуна берүү уюштурулду. АИВ менен бейтаптар дарыларды үч айга чейинки мөөнөткө, КУ менен бейтаптар 14 күнгө чейинки мөөнөткө, ал эми МТП бейтаптары 1 жумага чейинки мөөнөткө алышты.

Бүгүнкү күндөгү кырдаалды жана эксперттердин болжолдорун эске алганда, аралыктан кызмат көрсөтүү, анын ичинде медицина кызматтарын да көрсөтүү практикасы ири масштабдарга алып келет. Медицина кызматкерлерин сурамжылоосунун жыйынтыктары жаңы мамилелерди жайылтуу үчүн жалгыз саясий эрк аздык кылышын ырастады.  Буга чейин терапияда альтернативалуу мамилелерди жайылтып жүргөн уюмдар, жаңы шарттарга ылайыкташууга жана дарыларга үзгүлтүксүз жетүүнү камсыз кылууга жетише алышты, мурда мындай зарылчылыкка дуушар болбогон уюмдарга кыйыныраак болду.  Айрым өз алдынча кызматтардын арасында бейтаптарга кызматтардын сапатын камсыздоонун жалпы стратегиясы иштелип чыккан жок: мамилелер ар бир уюмдун ичинде аныкталышкан жана жетекчинин саясий эркинен, кызматкерлердин кармануусунан, уюмдун ресурстарынан көз каранды болгон.   

Буга баланыштуу, БУУӨП/ГФ Долбоору медицина кызматтарына үзгүлтүксүз жетүүнү уюштуруу маселеси боюнча саламаттыкты сактоо уюмдарына техникалык жана консультациялык жардам көрсөтүүсүн улантууда: контролдоого алынган дарылоонун альтернативалык методдоруна мониторинг жүргүзөт, нускамаларды иштеп чыгат, кошумча консультанттарды тартууну пландоодо.  ГФга жаңы билдирүүнүн алкагында мобилдик бригадаларды, кейс-менеджерлерди уюштурууга жана видео-контролдоочу дарылоого жетүүнү кеңейтүүгө кошумча ресурстар каралган.

Медицина кызматкерлери жаңы пандемия менен күрөшүүдө негизги ресурс, жана тилекке каршы эң аярлуу топтордун бири болуп саналышууда. КРде эпидемиянын биринчи күндөрүндө жуктуруп алгандардын арасында медицина кызматкерлеринин үлүшү 20-24%ды түзгөн, 2020-жылдын 6-июлуна карата бул көрсөткүч 15%ды түзөт (7691ден 1147). Ушул эле учурда коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө биз жолдун башында гана турганыбызды таануу зарыл.

Сурамжылоонун жыйынтыктары эмнени көрсөтүштү? Биринчи кезекте, саламаттыкты сактоо кызматкерлери саналуу күндүн ичинде жаңы шарттарга ылайыкташып, пандемияга чара көрө алышканын белгилеп кеткибиз келет. Алар өзүнүн кызматтарын адаптациялап, кошумча жүктөмдү кабыл алыштыАлар өз бейтаптарына күчтөрү жана мүмкүнчүлүктөрү жетишинче, татаал кырдаалга жана ресурстардын чектелишине карабастан жардам берүүсүн улантышууда.

Ошондой эле, карантин берген убакытка карабастан, системада көп чечилбеген суроолор калды.   Биз узак жолдун башындабыз, биз пандемиянын күчөшүнө эми гана жеттик.  Медицина кызматкерлерин бул күрөшүүдө жалгыз жалгыз калтырбоо керек. Биз – өкмөт, бейөкмөт уюмдар, донорлор, долбоорлор, бизнес жана коомдун бардык мүчөлөрү – медицина кызматкерлерине жүктөмдү азайтуу, ишин улантууга жардам көрсөтүү жана алардын коопсуздугун камсыздоо үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрүбүздү жумшоого тийишпиз.