Пандемия менен күрөшүүдө санарип технологиялар кандайча жардам берип жатат?

2020-ж., 16-April

Канагат Алышбаев долбоордун иш-чарасында. Сүрөт: Асипа Алтымышева / БУУӨП Кыргызстан

Блог «Санарип экономика шартында жаштардын эмгек менен камсыз болуусундагы санарип технологиялардын мүмкүнчүлүктөрү» - долбоорунун координатору Канагат Алышбаев тарабынан даярдалды.

Вирустун Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө жайылуусу менен аны токтотуу же доктурларга жана пациенттерге жардам берүүгө багытталган технологиялардын да саны көбөйдү. Биз болсо аргасыз түрдө изоляцияда калгандарга жардам берүүнүн үстүндө иштеп жатабыз.

Digital-чечимдер актуалдуу маалыматты алууда, өз диагностиканы жасоодо, доктурларга болгон жүктөмдү азайтууда жана ар кыл кызмат жана маалыматты алууда жардамчы болуп келет.

Биз бул багытта чечим сунуштай ала турган жергиликтүү програмисттерди, инновация жана креативдүү чөйрөлөрдү колдоп келебиз. Буга байланыштуу өнөктөштөр менен бирге InnoKG – инновациялык таймашын жарыяладык. Бул таймаштын ар бир жеңүүчүсү өз идеясын ишке ашыруу үчүн 10,000 $ чейин каржылоо алмакчы. Кененирээк маалымат биздин сайтта.

Ошол эле учурда БУУӨП маалыматты инновациялык башкаруу аспаптарын ишке киргизип, вирустун таралуусу менен күрөшүү максатында Мамлекеттик маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин алдындагы IT-штабына (ММТБК) адистерди жиберди. Учурда IT-штаб өлкөдөгү кырдаалды жакшыртуу үчүн ыкчам санарип чечимдерди иштеп чыгууда. Иштелип чыгып, кызмат көрсөтүп жаткан санарип чечимдердин катарын учурдагы кырдаалды чагылдырган интернет-ресурс, жарандардын алгачкы диагностика кылуусуна жардам берген платформа жана ошондой эле өзгөчө кырдаал учурунда электрондук өткөрүүлөрдү тескеген система толуктады. IT-чечимдердин толук тизмесин бул жерден көрсөңүз болот.

Жакын арадагы пландардын ичинен ЮНИСЕФ менен бирге аялдар, балдар жана аярлуу жаштарды колдоого арналган “Хакатонду” айтып өтүүгө болот. Хакатон – эки күндүк жарышта иштеп чыгуучулар, адистер жана дизайнерлер программа, сайт же тиркеменин үстүнөн тынымсыз иштешет. Максат: 48 сааттын ичинде карантиндин балдар, кыздар жана аялдарга болгон таасирин азайтуу жана зомбулук жана катаал мамиледен коргоо үчүн мыкты чечимдерди сунуштоо. 

IT-адис. Сүрөт: Асипа Алтымышева / БУУӨП Кыргызстан

Санариптештирүү жана жаштардын бул чөйрөдө иштөөсүнө өбөлгө түзүү – Кыргызстан үчүн маанилүү багыт болуп, БУУӨП бул багытка өз салымын кошуп келет. Бул кадамдар ыкчам өнүгүп жаткан заманбап жашоонун мүмкүнчүлүктөрүн жаштар үчүн жеткиликтүү кылмакчы. Долбоор бул мааниде өлкөнүн түштүгүндө – Абдышев атындагы ОШТУ, ал эми түндүктө – Раззаков атындагы КМТУ менен кызматташтыкта иштейт.

Биз окутуу стандарттарын өзгөртүүгө өбөлгө түзөбүз. Ошондой эле робототехника боюнча мастер-класстар, хакатон, бизнес-тренинг, онлайн-сатуулар боюнча окутуу курстары, санарип жана фриланс бизнес тренингдери ж.б.у.с иш-чараларды такай өткөрүп турабыз.

Заманбап стандарттарды жаштарды билим алуусуна киргизүү боюнча Улуттук стратегиянын үстүндө да иш жүргүзүлүп жатат. Долбоордун узак убакыттуу пландарына Ош шаарында IT-Хабды түзүү жана аны Фергана өрөөнүнө кеңейтүү кирет. Бул максатта 1000 ден ашуун жаштарды атайын окутуудан өткөрүүдө көмөк көрсөтүлмөкчү.

Санарип жөндөмдөрдү жана адистикти калк арасында өнүктүрүү – долбоордун эң маанилүү багыттарынын бири. БУУӨП Кыргызстандын коронавирус инфекциясы менен IT-чечимдерди колдонуу аркылуу күрөшүүсүнө мындан ары да колдоо көрсөтүп турмакчы. 

Бул демилге Россия Федерациясынын финансылык каржылоо колдоосу менен "Санариптик экономиканын шарттарында санариптик өнөр жана жаштардын жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү" долбоорунун алкагында аткарылып жатат.