Шайлоого чейинки төрт жума: шайлоого даярдануунун күндөлүгү

2020-ж., 11-September

БШКнын төрайымы аймактарда, негизинен, Баткен облусунда, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жолугушуп, аларды санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди камсыз кылуу маселелери боюнча окутууну улантууда. Фото: БШК

Шайлоого бир айга жетпеген убакыт калды, ал эми шайлоо кампаниясы  күчөп турган учуру. 4-сентябрдан баштап бардык саясий партиялар үгүт иштерин башташып, бүткүл өлкө  мурдатан бери белгилүү болгон жана  кийинки муундан чыккан жаӊы күчтөрдүн үгүт иштерин кызыгуу менен карап турушкан учуру.  9-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) чүчүкулак тартып, саясий партиялардын шайлоо бюллетендеринде жайгашуу тартибин аныктап,  шайлоо бюллетенинин формасын жана текстин бекитти. Аймактарда участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн шайлоо мыйзамдары боюнча тренингдер, бейөкмөт уюмдардын жана ЖМК өкүлдөрү үчүн шайлоо кампанияларын каржылоонун айкындыгы боюнча тренингдер, ошондой эле  бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү үчүн шайлоо талаштарын кароо боюнча тренингдер өтүп жатат.

«Талапкер» («Кандидат») Электрондук  платформа

Албетте, шайлоо процессинде акча өзгөчө роль ойнойт, себеби ал партиялар алдында мүмкүнчүлүктөрдү ачат, ал эми акчанын жоктугу  шайлоо жарышында толук кандуу катышууга тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Албетте, финансылык фактор  шайлоонун жыйынтыгында акчалуулар шайлоону жеӊип кеткидей болуп, чечүүчү роль ойнобошу абдан маанилүү .

Ошондуктан шайлоочу добуш берерде партияны аӊ-сезими менен, анын ичинде шайлоо кампаниясын каржылоо жөнүндө маалыматка таянып тандай алгыдай кылып,  шайлоо кампанияларын каржылоо маселелерин взносторду чектөө  жана сарптоолорго лимит коюу жолу менен, ошондой эле кампаниялардын каржы булактарын  жана кампанияны жүргүзүүдө короткон сарптоолорун ачуу жолу менен жөнгө салуу  жарышта бирдей шарттарды камсыз кылууга багытталган .

БУУ нун Өнүктүрү Программасынын  жана Германиянын өкмөтүнүн жардамы менен   БШК «Талапкер» («Кандидат») электрондук платформасын иштеп чыкты, анда шайлоого катышкан саясий партиялар жөнүндөгү бардык маалымат, анын ичинде саясий партиялар БШКга берген каржылоо жөнүндөгү отчеттордун сканирленген көчүрмөлөрүн жайгаштыруу, ошондой эле  саясий партиялардын шайлоо фондуларынын эсеби ачылган банктар берген маалыматтарды да жайгаштыруу менен шайлоо кампанияларын каржылоо жөнүндөгү толук маалымат кошо жайгаштырылат.

«Талапкер» («Кандидат») Электрондук платформа

«Талапкер» платформасында ар бир шайлоочу саясий партиялар жөнүндөгү бардык маалыматты  - саясий партия жөнүндөгү жалпы маалыматты, саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлеринин тизмесин, саясий партиянын программасын, шайлоо кампаниясын каржылоо жөнүндөгү отчетторду таба алат. Мындай ресурс саясий партия жөнүндөгү бардыгын камтыган маалыматтын уникалдуу булагы болуп саналат жана шайлоочуларга аӊ-сезимдүү тандоо жасаганга жардам берет. Андан тышкары, журналисттер ресурсту кантип пайдаланары, жана платформада жайгашкан маалыматтарды кантип талдоого аларлыгы тууралуу окуудан өтүштү, бул болсо коомчулукка саяий партиялар жөнүндө сапатуу маалымат бериш үчүн аларга кызыктуу  маалыматка бай материалдарды дардоого мүмкүндүк берет.

Бул система барган сайын жакшыртылып турат жана саясий партияларга электрондук түрдө отчетторун тапшырганга мүмкүндүк берет, ал эми БШК маалыматарды башка мамлекеттик маалыматтар базасы менен салыштыруу жолу аркылуу  каржылоо булактарынын жол берилишине берилген отчетторго баштапкы талдоону жүргүзөт. Андан тышкары БШК шайлоо кампанияларын каржылоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча кеӊеш берүү менен  колдоону көрсөтөт. 

Шайлоочулардын биометрикалык каттоо боюнча жабдууну колдонуунуокутуу

Маалымат технологиясын ишке киргизүү шайлоо процессинин тактыгын гана жогорулатпастан, шайлоочу администрация үчүн миӊдеген кызматчылары шайлоочуларды каттоо жол-жоболору  жана жабдууларды туура колдонуу боюнча окутууга  чакырык болуп саналат.  Мурдагы шайлоолордо шайлоочулардын биометрикалык каттоолорун жана шайлоочуларды далдалдаштырууну добуш берүү күнүндө өкмөттүк орган болгон Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери жүзөгө ашырган болсо, 2020-жылдагы реформанын натыйжасында  бул ыйгарым укуктарды  көз карандысыз  орган – БШК жүргүзөт, ал шайлоочуларды биометрикалык далдалдаштыруу боюнча операторлорду жалдайт. ББУУнун өнүктүрү программасынын жана  Япониянын өкмөтүнүн колдоосу менен  шайлоочуларды биометрикалык далдалдаштырууга 7 000 ден ашык оператор атайын иштелип чыккан окутуучу видеолорду жана окуу китептерин колдонуу менен окуудан өтүп жатат.

Шайлоочуларды биометрикалык далдалдаштыруу боюнча операторлор үчүн Манас районундагы тренинг

Шайлоо процесинин киберкоопсуздугун жогорулатуу

Санариптештирүүнүн жогорку деӊгээлин эске алып, БУУ өнүктүрүү программасы маалыматтык-коммуникациялык тутумдардын аярлуу жагын табууга жана жоюуга багытталган консультацияларды берүү менен, Борбордук шайлоо комиссиясына  шайлоо процессинин киберкоопсуздугун  күчөтүүгө жардам берип жатат. Андан тышкары участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн кибергигиена курсу иштелип чыккан, ал  Интернет түйүнүндө киберкоопсуздуктун тобокелдигин төмөндөтүүгө жардам берүүчү жабдууларды пайдаланууда  аракеттердин жөнөкөй эрежелерин өздөштүрүүгө жардам берет. Киберинциденттердин 90%ы адам факторунан келип чыгарлыгы эчак далилденген, андыктан шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жабдууну колдонууда жана  тармактагы гигиена эрежелерине  окутуу алардын аракеттеринин  аӊ-сезимдүүлүгүн жогорулатууга жардам берип, шайлоо процесси үчүн олуттуу кесепеттерди алып келе турган олдоксон аракеттердин алдын алат. 

Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн кибергигиена боюнча онлайн-курс

БШКнын социалдык түйүндөгү саясий жарнама маселелери боюнча Facebook менен кызматташуусу

Социалдык тармактар шайлоо кампанияларын жүргүзүүдө  маанилүү ролду ойноп келет. Бул маселени жөнгө салуучу эл аралык стандарттардын жоктугунан улам, Facebook социалдык түйүнү акы төлөнүүчү саясий жарнамаларды каржылоонун айкындыгын камсыз кылууга жана мындай жарнаманы каржылоо булактары жөнүндө толук маалыматты шайлоочуга  берүүгө багытталган өзүнүн саясаттарын ишке киргизип келе жатат, бул болсо шайлоочуга аӊ-сезимдүү тандоо жасаганга жардам берерине шек жок.

КР БШКсы Кыргыз Республикасында БУУнун өнүкттүрүү программасы уюштурган Facebook өкүлдөрү менен онлайн-жолугушуу өткөрдү. КР БШКНын Facebook өкүлдөрү менен жолугушуунун максаты  саясий жарнаманы, анын маркировкасын  жайгаштыруу маселесин талкуу жана аны Facebookта жайгаштыруунун төлөө булагын аныктоо болду. Жолугушууга КР БШКнын Төрайыма Н.Шайылдабеков,  БШКнын маалымат жеткирүү жана үгүт жүргүзүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү Гульнара Джурабаева, БШКнын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Руслан Изреков катышты. Facebook тарабынан жолугушууга Мамлекеттик саясат маселелери боюнча Менеджер Кавита Канхи жана Фейсбуктун шайлоолорунун ачыктыгын камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Наташа Джог  катышты. 

Борбордук шайлоо комиссиясынын Facebook өкүлдөрү менен жолугушуусу. Фото: БШК

Жолугушуунун жүрүшүндө Facebook өкүлдөрү   өздүктү документ менен тастыктоо жолу аркылуу колдонуучуларды далдалдаштырууга тиешелүү саясаты жөнүндө өзүлөрүнүн маалыматын беришти. Анда кайсы адам кайсы  аккаунтка катталганы так белгилүү болот. Саясий жарнаманын бардыгы  коомдук маанилүү маселер, шайлоолор же саясат  менен байланышкан Жарнаманын китепканасына кошулат, ал   www.facebook.com/ads/library/report дареги боюнча жеткиликтүү, анын жогорку бетинде Кыргызстан малекетин тандап алуу керек. Бул блогду жазып жаткан учурда Кыргызстан боюнча китепканада 1101 жарыя бар, аларга жалпы жолунан $7357 сарпталган. Китепканада ошондой эле жеке жактар жана жарнамага төлөгөн партиялар жөнүндөгү маалымат чагылдырлган.

КР БШКнын Төрайымы Н.Шайлдабкова  Facebook менен кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.: «Биз Facebook тун өкүлдөрү менен өз ара аракеттерибиздин башталышын өтө баалайбыз. Facebook тарабынан  алардын саясий жарнамалар чыгып жаткан  аккаунттарды верификациялоо боюнча чаралары шайлоонун тазалыгына Facebookтун кошкон зор салымы болуп саналат. Бул болсо тигил же бул партиянын же талапкердин саясий жарнамасын  каржылоонун айкындыгын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк жаратат. Партиялар өз кезегинде верификация жол-жобосунан өтө алат, бул болсо аларга фейк аккаунттарга каршы күрөштө жардам берет. КР БШК менен Facebook өкүлдөрүнүн ортосундагы жолугушуу ЖМКнын көӊүлү өзүнө бурду, жана алардын айрымдары БШКнын Төрайымына толук малымат алуу үчүн  интервью беришин сурап  кайрылышты.

 Кыргызстанда биометрикалык далдалдаштырууну ишке киргизүү шайлоолорго  жана жыйынтыктардын туура экендигине карата ишенимди жогорулатканына карабай,  чет өлкөлөрдө жашап турган Кыргызстандын жарандары үчүн алардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырышына кошумча тоскоолдукту жаратты. Кыргызстанда жашап турган жакындарына олуттуу жардам көрсөткөн, жана алардын жардамы менен өлкө олуттуу каржылык колдоо алып жаткан  мигранттардын көпчүлүгү  шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууда кыйынчылыктага туш болушат, себеби алар биометрикалык маалыматтарын тапшырганга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Мигранттардын көпчүлүгү  тынбай иштешет жана алардын иштеп турган жеринен алыс жайгашкан  Элчиликке же Консулдукка барганга мүмкүнчүлүгү болбойт.

Мобилдик топтор Туркиядагы кыргызстандын жарандарынын суроолоруна жооп берип жаткан учуру. Фото: БШК

БУУӨП, Миграция боюнча эл аралык уюмдун жана Германиянын Өкмөтүнүн колдоосу менен БШК «чет өлкөлөрдөгү шайлоочуларды каттоо үчүн мобилдик топторду» түздү, алар БШКнын, Тышкы иштер министрлигинин жана Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүнөн турат. Алар  чет өлкөдө Кыргызстандын жарандары топтошуп жашаган жерлерге барышып, алар менен шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча мааалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, биометрикалык маалыматтарын топтоп турушат жана жарандарыбыз шайлоочулардын тизмесине киргизилиши үчүн консулдук каттоого тургузуп жатышат. «Мобилдик топтор» чет өлкөлөргө май айында чыгышы пландалган болчу, бирок таажы вирусунун пандемиясы пландарга түзөтүүлөрүн киргизди, чек аралардын жабылышы жана турукту авиа каттамдарынын токтотулушу топтун ал жактарга чыгуу графигин бузуп койгон.  Ошентсе да биринчи мүмкүнчүлүк пайда болору менен, 2020-жылдын 22-августунан 28-августуна чейин «мобилдик топ» Турцияга жөнөт кеткен, ал жактан Бурсуга, Измирге, Бодрумга, Анталияга, Анкарага жана  Стамбулга барышкан. Ошондой эле 3-сентябрдан баштап «мобилдик топ» АКШда иштеп жатат, ал эми 6-августтан баштап Италияда иштеп жүрүшөт. 12-сентябрдан баштап «мобилдик топтор» Россияга жана Казахстанга кетишет.

БШКнын төрайымы Н. Шайлдабекова кыргызсандык диаспоралар менен онлайн жолугушуу учурунда. Фото: БШК

ББУӨП жана МОМ, жана Швейцария өкмөтүнүн колдоосу алдында БШК ар жума сайын диаспоралардын лидерлери менен онлай-жолугушууларды өткөрүп жатат, алар мындан ары өзүлөрүнүн бирикмелеринин мүчөлөрү менен иштешет жана чет өлкөдө шайлоочулардын тизмесине киргизиш үчүн аларга биометрикалык каттоодон өтүү жана консулдук каттоого туруу тартиби жөнүндө, ошондой эле шайлоочулардын тизмесине кирген, бирок, катталган жери боюнча республиканын аймагында болгондор үчүн Кыргызстандын аймагынан шайлоо дарегин чет өлкөдөгү шайлоо дарегине  өзгөртүү тартибин түшүндүрүшөт. Ошондой эле бир нече социалдык роликтерди, маалымат плакаттарын жана буклеттерди  жайылтуу, социалдык медиаларда чат-ботторду чыгаруу аркылуу масштабдуу маалыматтык кампания жүзөгө ашырылып жатат, мигранттар үчүн мигранттардын шайлоо укуктары жөнүндө атайын маалымат МОМ тиркемесинде жана БШКнын сайтында беттерин иштелип чыкты.