Шайлоого чейинки 5 жума: шайлоого даярдануу күндөлүгү

2020-ж., 4-September

Аялдар менен мигранттар үчүн тынымсыз байланыштын кызматкери Гүлзар Дуйшенова

Шайлоого даярдануунун бешинчи жумасында талапкерлерди каттоо процесси жүзөгө ашырылды. Борбордук шайлоо комиссиясына документтерин тапшырган 17 саясий партиянын ичинен 15 партия катталып, шайлоого катышуусун улантуу менен шайлоо бюлллетенине киргизилмей болду. БШК бир партияны шайлоо күрөөсүн төлөбөгөндүктөн улам каттоодон баш тартты, ал эми башка партияны талапкерлерди көрсөтүү тартибин бузгандыгы үчүн шайлоодон четтетти.

24-сентябрга чейин саясий партиялар шайлоого катышуудан баш тартып, депозитти кайра кайтарып алышса болот, ал эми 29-сентябрга чейин айрым талапкерлерди тизмеден чыгарууга укугу бар. 4-сентябрдан тартып үгүт кампаниясы башталды, ал 3-октябрга, эртең мененки саат 8.00гө чейин уланып, андан кийин добуш бергенге чейинки тынч күн («день тишины») болот. Ал эми азырынча болсо саясий партиялар шайлоочулардын арасында активдүү үгүт иштерин жүргүзүп, анын ичинде дебаттар жана телеканалдардагы акысыз эфирдик убакытты пайдалануу аркылуу үгүттөй алышат. Пандемия шартында шайлоо кампаниясын жүргүзүүдө эпидемиологиялык себептерден улам саясий партияларга үгүт иштерин онлайн форматта жүргүзүү, ал эми жекече үгүт жүргүзүүгө ниети болсо, жолугушууларды санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди, социалдык аралыкты сактоо менен, бет кап тагынып жана колдон келишинче ачык асман алдында өткөрүүгө аракет кылуу сунушталууда.

КР Борбордук шайлоо комиссиясы БУУӨП менен кызматташтыкта жана Германиянын, Швейцариянын жана Япониянын өкмөттөрүнүн колдоосу менен окутуп-үйрөтүү жана маалымдоо-түшүндүрүү иштерин улантууда. Мисалга алсак, 28-августта Кыргызстандын түштүк борбору аталган Ош шаарында «Жарандык платформа» Коомдук фонду менен кызматташтыкта саясий партиялар үчүн шайлоо кампанияларын каржылоо маселесине арналган коомдук диалог өткөрүлдү. Коомдук диалог учурунда шайлоо процессин уюштуруу, талапкерлердин тизмесин каттоо маселелери да көтөрүлдү. Катышуучулар аларды кызыктырган суроолор боюнча КР БШКнын төрайымынын орун басарынан жооп алууга мүмкунчүлүгү болду.

Ош шаарындагы саясий партиялардын өкүлдөрү үчүн коомдук диалог

Бул жумада ЖМК жана жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү үчүн шайлоо кампанияларын каржылоосуна мониторинг кылуу маселелери боюнча тренингдер бардык облустарда өткөрүлмөкчү. Бардыгы болуп ЖМК үчүн 8 тренинг жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн 10 тренинг өткөрүлөт.  Аталган тренингдер саясий каржылоо маселелери боюнча эл аралык эксперт тарабынан иштелип чыккан жана катышуучуларга шайлоо кампанияларын каржылоо чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттар, акча салуу жана аны чыгымдоодогу чектөөлөр, шайлоо кампанияларын каржылоонун булактарын ачыктоо, отчеттуулук жана көзөмөл туралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк берилет. Андан тышкары,  катышуучулар шайлоо кампанияларын каржылоого кандайча мониторинг жүргүзүү керектиги, мындай мониторинг кылуунун усулдугун кантип иштеп чыгуу керектиги жана мониторингдин жыйынтыгы боюнча маалыматты кантип берүү керектиги туурасында да маалымат алышмакчы. Шайлоо кампанияларын каржылоого коомдук көзөмөл кампанияларга мамлекеттик көзөмөл кылуу сыяктуу эле маанилүү ролду ойнойт жана шайлоо кампанияларын каржылоодогу эрежелер бузулган фактыларды (мисалы,  шайлоочулардын добушун сатып алуу, каржылоонун тыюу салынган булактарын пайдалануу, коррупция, мамлекеттик ресурстардан кыянаттык менен колдонуу, иштиктүү чөйрөнүн саясий турмушка тийиштүү эмес таасир этүүсү ж.б. фактылары) ачыктоодогу да мааниси чоң болуп саналат.

Бишкек шаарында өткөрүлгөн ЖМК өкүлдөрү үчүн шайлоо кампанияларын каржылоого мониторинг кылуу боюнча тренинг

Жаштар лабораториясынын катышуучулары «Оор күндүн кечи» аттуу телекөрсөтүүгө катышып, аларды конкурска катышууга эмне түрткү бергендиги тууралуу айтып беришти. Көрсө, жаштар үчүн алардын үнүнө кулак салынышы маанилүү экен, анткени алар бул жол менен өз келечегин тандай тургандыктарын так билишет. Дискуссия учурунда катышуучулар Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабай тургандыгын айтып, өз материалдары аркылуу жаштарга да, жалпы эле жарандарга да өз добушун сатуу өзүнүн, өз балдарынын келечегин сатууга тете экендигин айткылары келишкендигин жана добуш сатып алууну бийликке жетүүнүн ыкмасы катары колдонгон саясатчылар элдин кызыкчылыгы үчүн иштей тургандыгы күмөн экендигин баса белгилешти.

Жаштар лабораториясынын катышуучулары жана БУУӨПтүн шайлоо боюнча улук кеңешчиси «Оор күндүн кечи» телекөрсөтүүсүнүн студиясында

4-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого катышуу үчүн өз талапкерлерин каттоодон өткөргөн саясий партиялардын ортосунда Меморандумга кол коюу расмий аземин өткөрдү. Бул меморандум Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Демократия үчүн Вестминстер фонду жана БУУӨПтүн колдоосу менен иштелип чыккан жана Жүрүм-турум кодекси, «мырзалык (жентельмендик) келишим» катары кызмат кылат. Меморандум мыйзамдардын жоболоруна кошумча иретинде саясий күрөштүн, кампания жүргүзүүнүн эрежелеринин жол берилген ыкмаларын так белгилеп берүүгө багытталган.

13 партия меморандумга кол койду. Фото: БШК Кыргызстан

Талапкерлердин социалдык медиадагы жүрүм-турумун ыктыярдуу жөнгө салуу аталган Меморандумдун жаңычылдыгы болуп калды. Анын ичинде саясий партиялар социалдык түйүндөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн атаандаштарына каршы курал катары колдонбоого, жалган маалымат таратпоого, саясий жарнамага шайлоо фонддорунун каражаттарынан төлөөгө жана бул тууралуу отчет берип турууга, социалдык медиада саясий жарнама жайгаштырууда башка бирөөлөрдүн атын мыйзамсыз пайдаланбоого макулдугун беришти. 13 саясий партия Меморандумга кол койду.