БУУӨПтүн Шайлоону колдоо программасынын мобилдик топтору Россия Федерациясындагы мигранттар менен жолугушууда. Мобилдик топтордун иши аркылуу чет өлкөлөрдөгү шайлоочулар 30 миңге жетти. Сүрөт: Данияр Абдыкалыков / БУУӨП Кыргызстан

Блог Луиз Чемберлен, Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП) Туруктуу өкүлү тарабынан жазылды.

Кыргызстан 2010-жылдан баштап Борбор Азиядагы жалгыз парламенттик демократия жана сөз эркиндиги басымдуу болгон өлкө репутациясына ээ болгон. 4- октябрда Кыргызстанда кезектеги шайлоолор өтөт. Шайлоого чейинки шайлоолордун алдындагы кампания жүрүп жаткан мезгил динамикалуу болгондугу менен мүнөздөлөт жана катталган 16 партиянын ортосундагы атаандаштык аяктайт.

Көз карандысыздыкка ээ болгон мезгилден бери болгону отуз жыл өттү жана Кыргызстанда парламентаризмдин демократиялык салттары калыптанган жок. Көз карандысыздыкка ээ болгон биринчи жылдар баш-аламандыктардын жана татаал социалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүлөрдүн мезгили болуп калды, ал 2005 жана 2010-жылдары революцияларга жана 2010-жылдагы этникалык негиздеги кайгылуу окуяларга алып келди.

2015-жылдагы парламенттик шайлоолор шайлоочуларды биометриялык идентификациялоону жана добуш берүү үчүн автоматташтырылган урналарды  жайылтуунун эсебинен добуш берүү жана бюллетендерди пайдалануу учурундагы бурмалоолорду жоюуга багытталган технологияга орчундуу инвестицияларды салуунун эсебинен атаандаштыкка жөндөмдүү деп таанылды.

 2017-жылдагы президенттик шайлоолор туруктуулуктун андан ары бекемделишине жана бийликти тынчтык жол менен өткөрүп берүүгө көп жагынан түрткү берди.

 Ошол эле учурда байкоочулар катышуунун чектелүүсү, административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу жана шайлоочуларга кысым көрсөтүү боюнча тынчсызданууларын билдиришкен. Аялдар шайлоолорго эркектерге салыштырмалуу азыраак даражада катышкан; эмгек мигранттары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар каттоо учурундагы кыйынчылыктарга бет келишкен, ал эми жаңы биометриялык система  шайлоолорго катышуу үчүн али каттала элек шайлоочулардын добуш берүү укугуна ээ болгон категориясын автоматтык түрдө түзгөн.

БУУӨП Япония, Швейцария жана Германиянын каржылык колдоосу астында Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте 2020-жылдагы  парламенттик шайлоолорду өткөрүүгө жардам программасын даярдоого киришери менен, биз эрте баскычта эле МТ системаларын жана жабдууларды жаңылоодон тышкары, 2020-жылдагы шайлоолордун жүрүшүн “жумшак” факторлор өзгөртүшү мүмкүн экендигин түшүндүк. 

Добуш берүүгө катышуучу 40 жашка чейинки курактагы шайлоочулардын дээрлик 55 %ы абдан жаш калк болгондуктан, маанилүү төрт милдетти чечүү үчүн убакыт келип жетти.

Добуштарды сатып алууга каршы күрөшүү

Шайлоо алдындагы кампаниянын жүрүшүндө талаптагыдай эмес таасир этүүнү пайдалануу учурлары байкалган: мисалы, колдоо алуу үчүн шайлоочулардын берилиши үчүн аларга акы төлөө. Башкы прокуратура мындай учурларга иликтөө жүргүзүп жатат. Бул көйгөйдөн улам өлкөдө “Өз добушуңду сатпа” аттуу кампания жүрүп жатат.

Мамлекеттик ресурстарды кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн айыппулдарды салуу жана шайлоо алдындагы ишмердүүлүктү каржылоонун жаңы платформасы өлкөнүн тарыхында биринчи жолу партиялардын каржылык операцияларын ачыкка чыгара алды, ошону менен бирге айкындуулукту жана коомдук көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кыла алды.

Кыргызстандын алдында ошондой эле мыйзам бузуучуларды иликтөө жана соттук куугунтуктоо көйгөйлөрү турат; шайлоочулар демократиялык коомдогу өз укуктарынын бардык аспектилерин түшүнүшү үчүн аларды тынымсыз жарандык тарбиялоо зор мааниге ээ.

БШК шайлоочуларга добуш берүү укугу жана добуш берүү системасынын бүтүндүгүнө ишенимди чыңдоо жөнүндө билдирүү үчүн социалдык медиа-платформаларды максималдуу түрдө пайдаланып жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысына биометрикалык жабдууларды тапшыруу учурунда көрсөтүү. Сүрөт: БУУӨП Кыргызстан

Мигранттарды жана чет өлкөдө иштеп жаткан адамдарды кошуу

2017-жылы Кыргызстандын дээрлик 800 000 жараны шайлоо укуктарынан ажыратылган, анткени өздөрүнүн биометриялык маалыматтарын мыйзам боюнча каттата алышкан эмес, ошондуктан шайлоочулардын тизмесине киргизилген эмес. Аларды каттоо боюнча ырааттуу түрдө жүргүзүлгөн иш-чаралардын  эсебинен мындай адамдардын саны 400 000ге чейин жетти.

Бирок Россия Федерациясы, Казакстан жана Түркияда жашап жаткан эмгек мигранттарынан арасында дагы эле көп сандагы каттала элек шайлоочулар кала берүүдө.

Бул өлкөлөргө шайлоочуларды каттоо үчүн мобилдик топторду жөнөтүүнүн жардамы менен чет өлкөдө добуш берүү укугуна ээ болгон шайлоочулардын саны 30 000ге чейин жетти.  

Саясатта аялдарды колдоо

Аялдар шайлоо кызматтарында жана шайлоо алдындагы үгүт иштеринде, ошондой эле парламенттин учурдагы курамында жана мамлекеттик органдарда орун алышы барган сайын өтө азайып жатат.

Парламенттин жергиликтүү кеңештерге аялдар үчүн 30 пайыздык квота белгилөө жөнүндөгү жакында эле кабыл алган чечими аялдарга саясатта иш тажрыйбага ээ болуу мүмкүнчүлүгүн бере турган, аялдардын талапкерлигин парламентке көрсөтүү үчүн жол ачуучу маанилүү позитивдүү чара болуп саналат.

Аялдарды саясатта позитивдүү кабыл алууну, жокко чыгарууну, аялдарга алардын катышууга болгон укуктары тууралуу маалымат берүүнү калыптандыруу боюнча андан аркы күч аракеттерди жасоо керек.

Пандемия шарттарындагы добуш берүүнүн коопсуздугу

КОВИД-19 пандемиясы мамлекеттик кызматтын көптөгөн тармактары үчүн чакырык болуп калды, шайлоолор дагы мындан четте калган жок. БШК коопсуздук протоколдорун дыкат иштеп чыкты жана бардык катышуучуларга өздөрүнүн функцияларын оору жуктуруп алуудан коркпостон аткаруу мүмкүнчүлүгүнө кепилдик берүү менен шайлоо процессинин бардык баскычтарында санитардык ченемдерди сактоо үчүн коргоо каражаттарын мобилизациялады.

Тизмеге киргизилген шайлоочулардын жалпы саны 3,523 миң адамды түзөт, бул 2015-жылдагы парламенттик шайлоолордогуга караганда 668 миңге көп. Жакын арада Кыргызстандын эли шайлоо участкаларына жөнөшөт, ал эми БШК 2,475 шайлоо участкаларын тейлейт. Бул Кыргызстандагы шайлоолордун кезектеги ушул туру эң эле инклюзивдүү болушу мүмкүн.

Ушул тапта жасалган жумуш бардык областтардагы жана калктын катмарларындагы шайлоочуларда алардын пикиринде элдин кызыкчылыктарын эң мыкты коргой турган партиялар үчүн добуш берүүгө эрки жана эркиндиги жетеби же жокпу аныктайт, бул болсо кыргыз демократиясы үчүн чыныгы сыноо болмокчу. 

Icon of SDG 16 Icon of SDG 17

БУУӨП БУУӨП Дүйнөдө