Шайлоо процессине даярдануу күндөлүгү. Шайлоого чейинки сегиз жума.

2020-ж., 14-August

Ар бир шайлоо процесси уникалдуу жана буга чейинки процесстен айырмасы бар болот эмеспи. Жашоо бир калыпта турбайт, жагдайлар алмашат, шайлоо процесси өзү да өзгөрүп турат. Адегенде «биз шайлоону эмне максатта өткөрөбүз?» деген суроого жооп алуу маанилүү. Бул суроонун жооптору өтө арбын болгону менен ар бир шайлоочунун шайлоо укугун жана добуш берүү укугун жүзөгө ашырууну камсыз кылуу зарылдыгы алардын эң маанилүүсү болуп саналат. Шайлоо укугунда муну шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгү деп аташат жана ал базалык принцип болуп саналат. Чындыгында эле шайлоо – бул мамлекетти башкаруу үчүн өз өкүлдөрүн тандоо мүмкүнчүлүгү эмеспи. Мында өлкөнүн бардык жарандарынын талапкер жана шайлоочу катары шайлоо процессине катышууга реалдуу укугу жана реалдуу мүмкүнчүлүктөрү болууга тийиш.  

Тилекке каршы, кадимки турмуштагыдай эле, адамдардын мүмкүнчүлүктөрү бирдей болбойт. Ошондуктан мамлекеттин милдети – шайлоо процессине бардык шайлоочулардын, анын ичинде аялуу катмардагы аялдардын, мигранттардын, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын, жаштардын, этностук азчылыктардын катышуусу үчүн шарттарды камсыздоодо турат.

2020-жылдын 2-июлунда Кыргызстандын Президенти КР парламентине – Жогорку Кеңешке шайлоону дайындоо жөнүндө жарыялап, шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган болду. Андан соң шайлоо процесси жана анын эң бир маанилүү стадиясы болгон шайлоочулардын тизмесин тактоо этабы башталды. Ойлонуп көрсөк, улуттук мыйзамдарда аныкталган критерийлерге шайкеш келген жаран шайлоочулардын тизмесине кирбей калса, ал үчүн шайлоо процесси ушул этапта эле аягына чыгып, тилекке каршы, анын өз келечегин тандап алуу мүмкүнчүлүгү болбой калат.

Дал ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочуларды өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен текшерип, бар болгон каталарды оңдоп, тигил же бул себептен улам шайлоочулардын тизмесине кирбей калган шайлоочуларды каттоо максатында шайлоочуларды мобилизациялоо боюнча активдүү кампанияны баштады.

16-июлдан тартып Кыргызстандын өлкө ичинде же чет жактарда жүргөн жарандары өздөрүн  tizme.gov.kg дарегиндеги Шайлоочулардын мамлекеттик порталындагы шайлоочулардын тизмесинен, ал эми 26-июлдан тартып шайлоочулардын алдын ала тизмеси илинип коюлган шайлоо участкасында текшерип алууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле 1255 же 119 акысыз телефон номерине чалып, же болбосо ушул эле телефон номерлерге смс боюнча идентификациялык номерлерди жөнөтүү менен өзүн текшерип алса болот.

Шайлоочулардын тизмесинен өзүн текшерип алуу мүмкүндүктөрү жөнүндө маалымат ар кайсы каналдар боюнча, анын ичинде телеканалдарда жана социалдык медиада көрсөтүлүп жаткан орус жана кыргыз тилдериндеги социалдык роликтер, Кыргызстандын ар бир калктуу конушунда илинип жаткан билборддор (алар шайлоочулардын тизмесинен өзүн текшерүүдөн тышкары добуштарды сатууга болбой тургандыгын да эскертет), ар бир шайлоо участкасында жайгаштырылган шайлоочулардын тизмесинен өзүн текшерүү жол-жоболору жөнүндө плакаттар аркылуу жайылтылат. Борбордук шайлоо комиссиясы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Германия, Швейцария жана Япония өкмөттөрүнүн каржылоосу менен жүзөгө ашырылып жаткан Кыргыз Республикасынын шайлоо процессине жардамдашуу программасынын колдоосу менен  мындай мүмкүнчүлүктөрдү берүүдө.

Андан тышкары, ушул эле Программанын колдоосу менен Борбордук шайлоо комиссиясы зарыл болгон учурларда суроолорго жооп алууга жардам бере турган call-борборду ишке киргизди. Сall-борбордун ишмердиги, биринчи кезекте, аялдар менен мигранттардын арасындагы шайлоочулар менен талапкерлерге жардам берүүгө багытталган. Айтмакчы, Россия Федерациясы менен Казакстанда жашаган мигранттар үчүн call-борборго чалуу акысыз. Россия Федерациясында жашаган Кыргызстандын жарандары 8 800 3018 318 номерине, ал эми Казакстанда жашагандар – 8 10 800 0000 5727 номерине чалса болот.

Өзгөчө маанилүү нерсе – «Эгль» коомдук фондусунун өкүлдөрү, анын ичинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар, пенсионерлер, жаштар жана ар кандай этностук топтордун өкүлдөрү call-борбордун операторлору катары эмгектенишет. Бул демилге ар кайсы топтордун өкүлдөрүнө шайлоо процессин уюштурууга активдүү катышуу аркылуу өз өлкөсүнө демократиялык институттарды бекемдөөгө жардам берүүсүнө мүмкүнчүлүк түздү.  

Сall-борбордун операторлору Борборук шайлоо комиссиясынын эксперттери өткөргөн шайлоочулардын тизмелери, Кыргыз Республикасынын мигранттарынын шайлоого катышуусу, добуш берүү жол-жоболору жана шайлоо талаш-тартыштары маселелери боюнча атайын окутуп-үйрөтүү курстарына катышты. Ошондой эле тренингдин катышуучулары КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмесин берген саясий партиялардын шайлоо фондуларынын каражаттарын топтоо жана чыгымдоо маселелери менен таанышты.  Андан тышкары, БУУӨПтүн гендер маселелери боюнча эл аралык эксперти Татьяна Бибик алар үчүн «Гендер жана шайлоо» темасында атайын тренинг өткөрдү.

Сall-борбордун операторлоруна салам жолдоп жатып, БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова ушундай оңой эмес милдетти аркалоого макул болгондугу үчүн операторлорго ыраазычылык билдирди, анткени дал ушул операторлорго шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин ар кандай суроолоруна биринчилерден болуп жооп берүүгө туура келет эмеспи. Ошондой эле Н.Шайлдабекова БШК кызматкерлери операторлордун ишине ар тараптан колдоо көрсөтө тургандыгын убада кылды.

Шайлоо процесси шайлоочулардын тизмесин текшерүүдөн жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди сунуштоодон башталды. Саясий партиялардын 20-августка чейин депутаттыкка талапкерлерди сунуштоого мүмкүнчүлүгү болот жана 4-сентябрга чейин кайсы саясий партиядан кайсы талапкер келе жаткан шайлоодо жеңиш үчүн күрөшө тургандыгы белгилүү болмокчу. Азырынча саясий партиялар талапкерлердин тизмесин тактап жатышат жана 19-сентябрга чейин шайлоочулар өз өлкөсүнүн келечегин тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен текшерип көрүп, зарыл болгон учурларда өзгөртүүлөрдү киргизсе болот.