Шайлоого чейинки жети жума: Шайлоого даярдануу күндөлүгү

2020-ж., 21-August

Юлия Шипилова БШКдагы жолугушуу учурунда. Фото: Аданбаев Улукбек/БУУӨП Кыргызстан

2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Жогорку Кеңешке шайлоого даярдык көрүү кызуу уланууда. Шайлоо дайындалган учурдан тартып 5 күн ичинде 44 саясий партия Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого катышуу ниети бар экендигин билдирип, 20-августка чейин 23 саясий партия өз съезддерин өткөрүп, депутаттыкка талапкерлерин көрсөтүштү, ал эми калган партиялар шайлоого катышпайбыз деп чечишти.

25-августка чейин партиялар Борбордук шайлоо комиссиясына документтерин тапшырып, БШК 4-сентябрга чейин талаптарга шайкеш келген талапкерлерди каттоодон өткөрүшү керек. Талапкерлер катталып бүткөндөн кийин шайлоо процессинин эң активдүү фазасы – үгүт иштери башталат.  

Азырынча Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого даярдык көрүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүп, анын ичинде шайлоо процессинин бардык субъектилерин окутуп-үйрөтүү жана маалымдоо иштерин улантууда. Айталы, партиялар съезддерин өткөрөөр алдында Борбордук шайлоо комиссиясы «Жарандык платформа» Коомдук Фонду менен кызматташтыкта жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын, Германия, Швейцария жана Япония өкмөттөрүнүн колдоосу алдында саясий партиялар менен коомдук диалог уюштурду. Диалог учурунда шайлоо процессинин тазалыгы жана шайлоо өнөктүгүн каржылоонун ачык-айкындыгы маселелери талкууланып, БШК партияларды админресурс колдонуудан жана шайлоочулардын добушун сатып алуудан оолак болууга, өздөрүн, бири-бирин жана өз шайлоочуларын сыйлоого чакырды, анткени шайлоочулардын урматталууга жана мыкты келечекке ээ болууга укугу бар. 

Коомдук диалог учурунда шайлоо процессинин тазалыгы жана шайлоо өнөктүгүн каржылоонун ачык-айкындыгы маселелери талкуулан. Фото: Бектур Кубанычбеков

Коомдук диалог учурунда шайлоо компаниясын каржылоо эрежелери жана саясий партиялардын съезддерин өткөрүү боюнча сунуштамалар талкууланды. Борбордук шайлоо комиссиясы уникалдуу тутум болгон «Электрондук талапкер» тутуму тууралуу маалымат берип, анын жардамы менен саясий партиялар талапкерлеринин тизмесин жеңил жана жөнөкөй эле түзө алса болоорун, мында талапкер жөнүндө маалымат киргизүү үчүн жарандын персоналдык (жекече) идентификациялык номерин киргизип коюу гана жетиштүү экендигин жана бул учурда башка мамлекеттик маалымат базаларындагы бардык зарыл болгон маалыматтар автоматтык түрдө толтурулуп кала тургандыгын белгиледи. Ошол эле учурда бул тутум саясий партияларга мыйзамда белгиленген башка жыныстагы, жаштардын, этникалык азчылыктардын жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын өкүлчүлүгү жөнүндө талаптардын аткарылышын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Эгер депутаттыкка ыктымалдуу талапкер мыйзамдарда белгиленген талаптарга шайкеш келбесе, мисалы, соттуулугу бар болсо, же болбосо Кыргыз жарандыгына ээ эмес болсо, тутум бул туурасында саясий партияга кабар берет.

Борбордук шайлоо комиссиясы БУУӨПтүн колдоосу менен саясий партияларды шайлоо компаниясын каржылоо, үгүт иштерин жүргүзүү жана шайлоо талаш-тартыштарын териштирүү маселелери боюнча окутуп-үйрөтүүнү улантууда. Айталы, «Жарандык платформа» Коомдук Фонду менен кызматташтыкта саясий партиялардын өкүлдөрү үчүн 5 семинар өткөрүлдү. Алардын жүрүшүндө саясий партиялар шайлоо фонддорунун каражаттарын топтоого жана чыгымдоого, шайлоо күрөөсүн коюуга, үгүт иштерин жүргүзүүгө байланышкан маселелерди талкуулай алышты. Ошондой эле саясий партиялар үчүн шайлоо комиссиялары, укук коргоо органдары жана соттор менен шайлоо талаш-тартыштарын, шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик маселелерин, анын ичинде административдик ресурстан кыянаттык менен пайдалангандыгы жана шайлоочулардын добушун сатып алгандыгы боюнча маселелерди карап чыгууга байланышкан 4 тренинг өткөрүлдү. 

БУУӨП Кыргызстан саясий партиялар үчүн усулдук материалдардын жана ченемдик укуктук актылардын жыйнактарын басып чыгарды. Фото: Бектур Кубанычбеков

Ошол эле учурда шайлоо участкаларын добуш берүү күнүнө даярдоо жана шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери да улантылууда. БУУӨП жана Япония өкмөтүнүн колдоосу аркасында ар бир шайлоо участкасын планшет менен камсыздоо  бул шайлоо процессиндеги жаңычылдык болуп калды. Планшеттер участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө арналган шайлоо жол-жоболору боюнча окутуп-үйрөтүүчү материалдардын топтому менен камсыздалган, анын ичинде  бул темага арналган 16 сериялуу тасмалар да бар. Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү дубалга илинген экранга планшеттин жардамы менен туташуу аркылуу окуп-үйрөнүү сабактарын өтүшөт. Андан тышкары, планшеттин жардамы менен участкалык шайлоо комиссиялары Борбордук жана аймактык шайлоо комиссиялары менен үзгүлтүксүз байланышта болуу менен мессенджерлер аркылуу ыкчам квалификациялуу жардам ала алышат.  

Ар бир шайлоо участкасы санитайзер менен, ал эми участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү беткаптар жана колкаптар менен камсыздалат. Фото: Аданбаев Улукбек/БУУӨП Кыргызстан

Шайлоо процессинин жеткиликтүү болушуна, анын ичинде шайлоо участкаларын пандустар, бюллетендерди толтуруу үчүн чоңойтуп көрсөтүүчү лупалар, Брайль шрифти колдонулган трафареттер, добуш берүү үчүн кошумча жарыктандырылган атайын кабиналар, ден-соолугунун мүмкүндүгү чектелген адамдар үчүн жардам чакыруу баскычы менен жабдууга өзгөчө көңүл бөлүнүүдө.

Шайлоо участкалары пандустар, бюллетендерди толтуруу үчүн чоңойтуп көрсөтүүчү лупалар менен камсыздалат. Фото: Талант Абдинабиев

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы аймактык жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен жеке жолугушууларды өткөрүп, шайлоого даярдануу жана аны өткөрүү процессинин маанилүү учурларын талкуулоодо. Анын ичинде коронавирус пандемиясы учурунда шайлоочулардын тизмесиндеги так эместиктерди оңдоо жана добуш берүү дареги алмашканы боюнча арыздарды кабыл алуудагы, ошондой эле добуш берүү күнүндөгү санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.  Мисалы, ар бир шайлоо участкасы санитайзер менен, ал эми участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү беткаптар жана колкаптар менен камсыздалган, шайлоо участкалары, шайлоочуларды идентификациялоо боюнча жабдуулар такай дезинфекцияланып турат, анын ичинде манжалардын издерин сканерлөөчү жабдуу ар бир шайлоочу келгенде жана андан кийин спирт сиңирилген салфетка менен сүртүлүп турат. Шайлоо күнү санэпидемстанция кызматкерлери шайлоочулардын дене табын текшеришет. Андан тышкары, социалдык аралыкты сактоону камсыздоо максатында шайлоо участкасынын аймагы 1,5-2 метр аралыкты сактоого ылайыкталган атайын белгилер менен чектелип коюлат. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө шайлоо участкасынын аймагына кантип белгилерди туура коюу керектигин жана жабдууларды кантип ылайыктуу жайгаштырса боло тургандыгын түшүндүрүп берүүдө.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова биометрикалык каттоодон сыноо иретинде өтүп жатат. Фото: Талант Жамгырчиев

Борбордук шайлоо комиссиясында ишке киргизилген түз байланыш өз ишин улантууда, ал аркылуу аял шайлоочуларга жана мигранттарга кеп-кеңештер берилүүдө. Россия Федерациясы менен Казакстандан телефон чалуулар акысыз, бул жактардан чалып, түз байланыш аркылуу өз шайлоо укуктарына байланышкан кеп-кеңештерди алган мигранттар бар. Ошондой эле  Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын чет жактардагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуулары уланууда. Мындай жолугушуулар учурунда чет өлкөлөрдө жашаган шайлоочулар биометрикалык каттоодон өтүүгө жана консулдук каттоого турууга байланышкан маселелер – шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн милдеттүү болгон эки шарт боюнча каалагандай суроолорун берүүгө мүмкүндүк алышат.

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар колл-борбордо иштөө максатында атайын окутуудан өтүштү. Фото: Талант Жамгырчиев

Кесипкөй жана калыс коопсуздук шайлоо процессинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ошондуктан укук коргоо органдарынын кызматкерлерин шайлоонун коопсуздугун камсыздоо функцияларына жана пландоо процесстерине окутуп-үйрөтүү коопсуздук күчтөрүнүн шайлоо процессинде жаралышы ыктымал болгон коркунучтарга натыйжалуу жооп кайтаруусун камсыздоодогу маанилүү кадам болуп саналат.  Учурдагы шайлоо процесси канчалык деңгээлде таза, акыйкат өтүшү көбүнесе дал ушул укук коргоо органдарынын ишине жараша болот. Борбордук шайлоо комиссиясы Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги жана «Жарандык коом» Коомдук фонду менен кызматташтыкта, БУУӨП жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен укук коргоо органдарынын жетекчи курамы үчүн  окуу курстарын уюштурууда, кийинчерээк добуш берүү күнү укуктук тартипти камсыздай турган укук коргоо органдарынын катардагы курамын окутуп-үйрөтүүдөн өткөрүү пландалууда.  

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын чет жактардагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуулары уланууда. Фото: Аданбаев Улукбек/БУУӨП Кыргызстан

Бул арада Кыргызстандын жаштары БШК жана БУУӨП уюштурган Жаштар Лабораториясынын алкагында шайлоодогу укук бузууларга, анын ичинде шайлоочулардын добушун сатып алууга жана добуш берүүнүн купуялуулугун бузууга каршы туруу боюнча маалыматтык кампанияны жүргүзүүдө. Жаштар Лабораториясынын катышуучуларынын көпчүлүгү видеороликтерди даярдап, Facebook менен Instagram платформаларында #голосуй жана #шайла аттуу хештегдердин алдында активдүү жайылтууда. Өздөрүнүн видеокайрылууларында жаштар добуш сатуу кандай кесепеттерге алып келээрин жана эмне үчүн өз добушун сатпоо маанилүү экендигин баяндашкан.