"Айыл айымдары" долбоорунун жетекчиси Дамира Бустанова

Биз айылдык аялдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн 300дөн ашуун адамдын катышуусунда элеттик аялдарга карата басмырлоочу стереотиптерди жоюуга жардам көрсөтүү боюнча 11 тренинг өткөрдүк. Бул тренингдерде биздин катышуучулардын ачык-айкындуулугу жана ийкемдүүлүгү мага аябай таасир калтырды. Бардык талкуулар табигый, жандуу форматта өттү жана менин оюмча, катышуучулар талкууга жана ачык диалогго позитивдүү көз карашта болушту. Алар айылдык аялдарга карата гендердик стереотиптерди изилдөөнүн айрым натыйжаларын укканда чындыгында таң калышты, айрымдары менен макул болушту жана ал тургай айрымдарга каршы чыгышты.

Ошентип, мисалы, катышуучулар "Аял ата-энесинин үйүнөн чыгып жатканда өзүнө жер талап кылышы керекпи?" же "Айылдык аялга жогорку билим керекпи?" деген суроолорго катуу реакция жасашты. Биринчи учурда, катышуучулардын бир нече лагерлерге бөлүнүп, өзүлөрүнүн позицияларын ынталуулук менен коргогонун байкаса болот эле: кээ бирлери аял атасынын үйүнөн чыкканда эч качан жер талап кылбашы керек, бардыгы үй-бүлөнүн эркектерине калуусу керек деп айтышкан. Башкалары эч нерсени алып кетүүнүн кажети жоктугун, бирок жерди пенсияга кепилдик катары берүү керектигин, же үй-бүлө бузулуп, бир күнү атасынын үйүнө кайтууга аргасыз болушканын айтышты. Дагы бирөөлөрү, ата-энеси тирүү кезинде, анын үлүшүн аныктап, бөлүштүрүп алышы керек, же үлүшүнө барабар мүлк бериш керек, же акчалай түрдө төлөп бериши керек деп айтышты.

 

Айыл турмушунда аялдар менен эркектердин социалдык ролу так айырмаланат. Көбүнчө бул ролдорду жынысы, курагы, кесиптик аспектилери боюнча кескин байкаса болот. Аймактык таандыктык жыныстардын ортосундагы ролду бөлүштүрүүдө өзүнүн өзгөчөлүктөрүн жүктөйт. Менин оюмча, ушул социалдык ролдор жана аялдарга болгон мамилелер элеттик аялдарга карата стереотиптердин жана басмырлоочу практикалардын көпчүлүгүн пайда кылышы мүмкүн, акырында бул айылдык аялдардын арасындагы психологиялык тоскоолдуктардын пайда болушуна шарт түзүшү мүмкүн.

Айылдык аялдын бирдиктүү жашоосунда эмгекке болгон чоң потенциал жана ишке жөндөмдүүлүгү бар экендигин байкадым, кошумча шарттарда алар экономикалык жактан дагы активдүү болуп, балдарынын, ата-энелеринин жашоо сапатын көтөрүп, жада калса айылдарынын жашоосуна таасир этиши мүмкүн ... Мага кесиптик жана эмгек кызыкчылыктарын коргой алган катышуучулардын айткандары жакты. Башында, эмгек ишин баштоо же улантуу ниети жөнүндө сүйлөшүү деле күйөөнүн же анын ата-энесинин каршылыгына алып келген. Бүгүнкү күндө айылдык аялдардын өтө аз бөлүгү эмгек жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн үй жумушунан тышкары пайдаланышат. Кошумча / атайын билим алууга мүмкүнчүлүк, арзан насыялар жана жеңилдетилген каржылоо, ошондой эле жергиликтүү социалдык инфраструктуранын болушу: балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү мекемеси жана карылар үчүн эс алуу жайлары.

Тренингдерде биз талкуулаган теманын өзү өтө назик жана божомолдорду түзүүдө кылдат мамилени талап кылаарын түшүнүү керек, анткени ал өтө терең эмоцияларга жана оор сезимдерге жана тажрыйбаларга зыян келтириши мүмкүн. Ар кандай билдирүүнү айылдык аялдар туура эмес түшүнүп алышы мүмкүн.

 

Катышуучулар жаш жубайлардын ажырашып кеткендиги, чоң үй-бүлөлүк жашоосуна аң-сезимсиз жана жоопкерчиликти түшүнбөстөн (өзүм билемдик менен, же ата-энесинин буйругу менен) киргендиги жөнүндө айтып берген окуялар боор оорууну пайда кылды. Ажырашкан учурда, калыптанган терс стереотиптик негиз жана "коомдук айыптоонун" бир түрү ата-энесин ажырашкан кызын кайра үй-бүлөгө кабыл албоого аргасыз кылат.

Эгер ойлонуп көрсөк, жалпысынан биздин тубаса өзгөчөлүгүбүздө эле, биз, ата-энелер жана айлана-чөйрө, эркек балдарга жана кыздарга башкача мамиле жасашкан - эркек балдар төрөлгөндө биз кыздардын төрөлгөнүнө караганда көбүрөөк кубанып, сыймыктанабыз ... Жада калса бизде “Бурул”, “Жаңыл”, “Уулжан” сыяктуу кыздардын ысымдар бар, аларды кийинки бала эркек болуп төрөлүшү үчүн, бир үй-бүлөдө бир нече кыздар туулса, колдонобуз. Кыз төрөлүшү үчүн колдонула турган эркек ысымдары бар экендигин билбейм жана уга элекмин.

Менин ойумча тренингдердин негизги темалары жана материалдары биздин айылдык аялдарга талап кылынган жана керектүү болуп чыкты деп эсептейм, алар дискриминациялык стереотиптерди жана аларды жеңүү мүмкүнчүлүгүн түшүнгөндүгү үчүн тренерлерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришти. Эми биз Ош облусунун аймагында дагы 11 тренинг өткөрүүнү пландап жатабыз, ал жакка 300дөн ашуун катышуучуларды чакырабыз, алардын ичинен үчтөн бир бөлүгү чечим чыгаруучулар, үчтөн экиси айылдык аялдар болот.

“Айылдык аялдар” демилгеси Финляндиянын Тышкы Иштер Министрлиги жана ПРООНдун колдоосу менен «Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү жолунда» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Icon of SDG 16

БУУӨП БУУӨП Дүйнөдө