Гендердик теңдик программасынын «Алтын» мүчөсү болуу тажрыйбасы

2019-ж., 12-November

Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы кампаниянын постери

2019-жылдын октябрь айында БУУӨПтүн Бишкектеги кеңсеси Гендердик теңдикти камсыздоо программасынын (Gender Equality Seal Program) «Алтын» мүчөсү даражасына жетишти. Бул программа өлкө ичиндеги, аймактык жана башкы кеңселердеги БУУӨПтүн гендердик теңдик жана аялдар укугу чөйрөсүндөгү жетишкендиктерин жана жөндөмүн ченеген корпоративдик механизм болуп эсептелет. Программа үч деңгээлдүү сертификат берет: коло, күмүш жана алтын. Бул блог биздин кызматкерлердин жекече мамилеси жана Программанын өбөлгө болчу сапаты тууралуу болмокчу.

Блог БУУӨПтүн гендердик суроолор боюнча бөлүмүнүн кызматкери – Айдай Арстанбекова тарабынан даярдалды. Ал бул Программага катышуу тажрыйбасы жана кантип анын жумушчу тобу БУУӨПтүн башка өлкөлөрдөгү кеңселерине үлгү болгондугу тууралуу айтып берди.

«Гендердик теңдик программасына кызыкдар болгонубуз себебинен акыркы эки жыл биздин топ үчүн аябагандай интенсивдүү, маанилүү жана динамикалык шартта өттү. 2012-жылы «Гендер жылдызы» белгисин алгандан кийин биз гендердик теңдикти бекемдөө жана аялдардын укугун жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча кеңседе да, өлкө ичинде да маанилүү жумушту аткарып келдик.

2018-жылдын Июнь айында биз 5-Максатка кызыкдар болгонубузду көрсөтүп, Программага катышууну чечтик. Бул жерде мен Кыргызстандагы аялдардын укугун бекемдөөгө кошкон салымыбыз тууралуу айта кетейин: гендердик теңдикти камсыздоо үчүн 2018-2020-жылдарга карата Улуттук иш-аракет планын кабыл алуу; жергиликтүү кеңештерге аялдар үчүн 30% квоталарды киргизүү; балдар арасындагы никени жана ала-качууну кылмыш катары караган мыйзамды алдыга жылдыруу; жана гендердик зомбулукка учурдуу реакция көрсөтүү үчүн 112 линиясынын ачылышы.

Мындан тышкары, биз уюмдун ичинде төмөндөгү өзгөрүүлөргө жетиштик:

·         Биз ар бир программалык багыттын ичине гендердик координатордун кызмат ордун бекемдедик;

·         Персоналды тандоодо гендердик-сезимтал учурлардын каралуусун киргиздик;

·         Гендер маселелери боюнча иш алпаруу үчүн олуттуу каражат топтой алдык;

·         Тематикалык сессияларды жумуштагы окутуу планына киргиздик;

·         Сексуалдык харассмент, сексуалдык эксплуатация жана зомбулук жана ошондой эле отчеттуулук механизмин жергиликтүү контекстке ылайыкташтырдык;

·         Жумуш ордунда, корпоративдик иш-чаралар жана майрамдар учурунда кесиптештер арасындагы коммуникацияда гендердик аспекттердин болуусуна өбөлгө түздүк.

Ушундай систематикалык түрдө аткарылган иштин натыйжасында биз Программанын айрым талаптарын ашыры деңгээлде аткара алдык. Мисалы, мурун белгиленген аялдардын жумуш ордундагы 40% катышы учурда 60% га жетти; эки гендердик продукттун ордуна жүздөгөн продукттар; бардык программалык/проекттик документтердин, талкуу темаларынын жана отчеттордун шарттуу түрдө гендердик скринингден өтүүсү; улуттук гендердик механизм жана БУУнун гендердик тобу менен майнаптуу кызматташтык жана башка ушул сыяктуу көптөгөн жетишкендиктерди көрсөтө алдык.

Буга карабастан, программалык бюджеттин 50% нын гендердик темага арналуусу жана конфликттер жана даттануулар механизминин жумуш ордунда жеткиликтүүлүгү сыяктуу ишке ашпаган көрсөткүчтөр дагы да бар.

Ушундайча, биздин комфорттуу аймагыбыз өзгөрүп, жаңы иш мейкиндигине өтүүдөбүз. Бул процесс гендердик океанда сүзүүнү үйрөнгөнгө окшоштой. Ачык айтканда, бул процесс биз үчүн бирде ыңгайсыз жана стресстүү болсо, бирде көңүлдүү да болуп турду. Анткени, биз өзүбүздүн алсыз гана эмес, күчтүү жана өнүккөн тараптарыбызды да таба алдык. Бардык талаптарга жараша ишти уюштуруп жатып, биз өзүбүз шексиз түрдө өзгөрдүк. Эми биз Программанын «сертификат алуу» үчүн гана эмес, биздин өлкө деңгээлинде жасаган ишибиздин узак убакыттуу натыйжасынын сүрөттөлүшү экендигин түшүндүк.