Башкаруу

Айым Александра Соловьева

Туруктуу өкүл

Айым Александра Соловьева 2023-жылдын августунда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү кызматына киришкен. Анын БУУнун Азия жана Тынч океан, Европа жана башка аймактарындагы өлкөлөрдө, ошондой эле штаб-квартирада иштеген 25 жылдан ашык иш тажрыйбасы бар. 

Буга чейин айым Соловьева 2019-жылдын апрелинен 2023-жылдын августуна чейин Беларусь Республикасында БУУӨПтүн туруктуу өкүлү болуп иштеген. Ал БУУӨПтүн өнүктүрүү багытындагы иштерин жетектеп, өлкөнүн Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетишүүсүнө ар тараптуу колдоолорду көрсөткөн. Өзүнүн эл аралык тажрыйбасын жана билимин колдонуу менен айым Соловьева санариптик трансформацияны, “жашыл” экономикага өтүүнү, инклюзивдик жумуш орундарын түзүүнү, климаттык жана экологиялык ресурстарды башкарууну, гендердик теңчиликти жана саламаттыкты сактоо тутумун чыңдоону колдогон.

2018-2019-жылдары айым Соловьева Бонн шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Ыктыярчылар  (UNV) Программасынын тышкы байланыштар жана коммуникациялар тармагын жетектеген, ал жерде UNV глобалдык күн тартиби боюнча негизги өнөктөштөргө Туруктуу өнүктүрүүнүн  максаттарына жетүү үчүн ыктыярчылык иш боюнча кеңеш берген, ошондой эле мүчө мамлекеттер, өкмөттөр аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар, каржы институттары, жарандык коом, илимий чөйрө, массалык маалымат каражаттары жана жеке сектор менен стратегиялык өнөктөштүктү жетектеген.  2014-жылдан бери айым Соловьева Бириккен Улуттар Уюмунун ыктыярчылар уюмунун ыктыярчылар инфраструктурасы, тынчтык, жаштар, базалык социалдык кызматтар жана коомчулуктун туруктуулугу боюнча беш глобалдык программасын жетектеген. Анын ичинде Африкадагы, Азия жана Тынч океан аймактарындагы, Латын Америкасындагы жана Кариб бассейниндеги аймактык кеңселерин жетектеген. 

2011-2014-жылдары айым Соловьева Индия Республикасындагы БУУӨПтүн Туруктуу өкүлүнүн орун басары болуп иштеген. Ал өнүгүүнү колдоо жана улуттук дараметти чыңдоо боюнча кызматтарды көрсөткөн, саясат маселелери боюнча кеңештерди берген жана улуттук өнүгүүнүн  артыкчылыктарын, анын ичинде башкарууну, адамдык өнүгүүнү, социалдык коргоону, жашоо-тиричиликти камсыздоону, кырсыктардын тобокелдигин азайтууну, ВИЧ, инклюзивдүүлүк жана башкаларды камтыган БУУнун жана БУУӨПтүн негизги документтерин даярдоону координациялаган. 

2003-жылдан 2011-жылга чейин айым Соловьева БУУӨПтүн штаб-квартирасында бир нече кызматтарды ээлеген, анын ичинде Азия жана Тынч океаны боюнча Аймактык бюродо программалар боюнча адис жана башкаруу Бюросунда башкаруу боюнча адис болгон. Айым Соловьева өзүнүн эмгек карьерасын Лаосто БУУӨПтүн кичи гранттар программасынын координатору, ошол өлкөдөгү Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу Координаторунун кеңсесинин башчысы кызматтарынан баштаган, мындан сырткары БУУӨПтүн аймактардагы Ыктыярчысы болуп иштеген. 

Айым Соловьева АКШнын Денвердеги Колорадо университетинин мамлекеттик башкаруу магистрдик даражасына, Москва мамлекеттик университетинин, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн институтунун чыгыш таануу магистрдик даражасына, чыгыш таануу жана  Африкалык изилдөөлөр бакалавр даражасына ээ. Орус, англис, француз, тай жана лаос тилдеринде эркин сүйлөйт. Айым Соловьева үй-бүлөлүү, эки баласы бар.

 

 

Моника Ризал

БУУӨПнин  Кыргызстандагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал айым бейөкмөт уюмдарда, өкмөттө, адам укуктарын коргоо институттарында жана БУУда гуманитардык, өнүгүү жана тынчтык байланыштары боюнча иш алып барган конфликттердин алдын алуу, тынчтык орнотуу жана калыбына келтирүү боюнча 20 жылдык тажрыйбага ээ.

Рижал айым БУУӨП ге 2009-жылы Непалда  кошулуп, конфликттердин алдын алуу, диалог жана конфликттерге сезимталдык үчүн портфолио концепциясын иштеп чыгууну жетектеген. Ал буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Непалдагы Миссиясынын (UNMIN) Саясий маселелер боюнча кызматкери болуп иштеген, саясатты талдоо, жактоо, СПГС үчүң кызматтарды колдоо, ар тараптуу Тынчтык Келишиминин аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана Непал үчүн БУУнун Тынчтык Фондунун түзүлүшүн колдоо көрсөткөн.  2013-2015-жылдары Ал Мьянмадагы БУУӨПде  калыбына келтирүү боюнча адис болуп иштеген (2013-2015), БУУӨПнин  гуманитардык кырдаалдарга программалык реакциясын жетектеген.

2015-жылдан бери Рижал айым БУУӨПнин штабында коомдук биримдикти, конфликттердин сезгичтигин жана саясатта жана программалоодо өнөктөштүк аркылуу конфликттерди талдоо боюнча ишин жетектеп келет. Бул убакыттын ичинде, Моника Дүйнөлүк Банк жана Европа Биримдиги менен Калыбына келтирүү жана Тынчтык курууну баалоо (RBPA) боюнча координациялоо жана өнөктөштүк боюнча БУУнун тутумунда БУУӨПнин өкүлү болгон.

БУУӨПде Кризистик бюросунда чыр-чатактарды алдын алуу жана тынчтыкты орнотуу боюнча тобунун жетексичи болуп турган учурунда  Моника БУУӨПнин алдын алуу сунушун иштеп чыгууда, алдын алуу боюнча флагмандык форумду ачууда, туруктуу тынчтыкты курууда жана конфликттердин алдын алуу үчүн эрте жана масштабдуу иш алып баруу үчүн өлкө кеңселерине колдоо көрсөтүүдө чоң роль ойногон.

Ал Чыгыш Меннонит университетинде (АКШ) Конфликттерди трансформациялоо жана тынчтыкты куруу боюнча магистр даражасына, ошондой эле Пуна университетинде (Индия) экономика боюнча магистр даражасына ээ.